Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 30-сентябрындагы № 404 „Билим берүү мекемелеринин болжолдуу типтүү штаттарын бекитүү жөнүндө“ токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 23 июля 2018 года № 336 "Об утверждении примерных типовых штатов образовательных организаций и признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2018-07-23.
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-июлундагы № 336 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТОТ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2010-жылдын 2-февралы №58 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 30-сентябрындагы № 404 "Билим берүү мекемелеринин болжолдуу типтүү штаттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Билим берүү уюмдары функцияларын толук аткарышы максатында, окуу процессинин учурдагы талаптарына ылайык, билимдин сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатуу, билим берүү уюмдарынын штаттарын тартипке салуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 30-сентябрындагы № 404 "Билим берүү мекемелеринин болжолдуу типтүү штаттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоолор киргизилсин:
- аталган токтомго № 1 тиркеменин 2-пунктунун эскертүүсүндө:
2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "2. Балдар менен класстан жана мектептен тышкары иштөөнү уюштуруучунун кызматы орду негизги жалпы жана орто жалпы мектептерде окуучулардын контингенти 300 адамга чейин болсо - 0,25 ставка, 300дөн 400 адамга чейин болсо - 0,5 ставка, 400дөн 500 адамга чейин - 0,75 ставка, 500дөн 600 адамга чейин - 1,0 ставка, 600дөн жогору болсо - 1,25 ставка менен белгиленет.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 16 жана 17-пункттар менен толукталсын:
"16. Социалдык педагогдун кызмат орду негизги жалпы жана орто жалпы мектептерде окуучулардын контингенти 300 адамга чейин болсо - 0,25 ставка, 300дөн 400 адамга чейин болсо - 0,5 ставка, 400дөн 500 адамга чейин - 0,75 ставка, 500дөн 600 адамга чейин - 1,0 ставка, 600дөн жогору болсо - 1,25 ставка менен белгиленет.
17. Ашкана жумушчусунун кызмат орду мектепте 1-4-класстардын окуучуларынын тамактануусун уюштуруу үчүн киргизилет: 100 окуучуга чейин тейлесе - 0,5 бирдик, андан кийинки ар бир 50 окуучуга - 0,25 бирдиктен.".
2. Бул токтомдун 1-пункту 1-4-класстар үчүн 2010-жылдын 1-январынан баштап киргизилген жаңы базистик окуу планга жараша апталык жүктөмдү азайтуудан болгон бюджеттик каражаттын үнөмдөлүшүнүн чегинде ишке киргизилет.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министри
Д.Үсөнов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-июлундагы № 336 "Билим берүү уюмдарынын болжолдуу типтүү штаттарын бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин…Постановление · 23.07.2018 · № 336
- Постановление Правительства КР от 30 сентября 1995 года №404 "Об утверждении примерных типовых штатов учреждений образования"Постановление · 30.09.1995 · № 404 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-июлундагы № 336 токтомуПостановление · 23.07.2018 · № 336
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-июлундагы № 336 "Билим берүү уюмдарынын болжолдуу типтүү штаттарын бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин…Постановление · 23.07.2018 · № 336
- Постановление Правительства КР от 30 сентября 1995 года №404 "Об утверждении примерных типовых штатов учреждений образования"Постановление · 30.09.1995 · № 404 · Күчүн жоготкон