Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Министрлер Кабинетинин токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Контролдук баалардын минималдык деңгээлин аныктоонун жана колдонуунун тартибин бекитүү жөнүндө
Кыйыр салыктарды башкаруу механизмин өркүндөтүү максатында, Товарларды экспорттоодо жана импорттоодо, жумуштарды аткарууда, кызматтарды көрсөтүүдө кыйыр салыктарды алуунун тартиби жана алардын төлөнүшүн контролдоо механизмдери жөнүндө протоколдун 18-пунктуна (Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 21-майындагы № 111 Мыйзамы менен ратификацияланган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге № 18 тиркеме), Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 139-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Контролдук баалардын минималдык деңгээлин аныктоонун жана колдонуунун тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы контролдук баалардын минималдык деңгээлин бекитүү боюнча ыйгарым укуктуу орган болуп аныкталсын.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомунун 1-тиркемесинин 30-пункту;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-октябрындагы № 537 “Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу жана Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн товарларга контролдук баалардын минималдык деңгээлин аныктоонун, колдонуунун жана контролдоонун тартибин бекитүү жөнүндө” токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 8-майындагы № 241 “Ал жеткис күчтүн жагдайларына байланыштуу социалдык-экономикалык кырдаалды турукташтыруу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомунун 8-пункту;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-майындагы № 279 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-октябрындагы № 537 “Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу жана Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн товарларга контролдук баалардын минималдык деңгээлин аныктоонун, колдонуунун жана контролдоонун тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” токтому.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.У. Жапаров
тиркеме.doc
Тиркемелер
Тиркеме 1
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (6)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3
- 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу боюнча эл аралык келишимдерди ратификациялоо тууралууЗакон · 21.05.2015 · № 111
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-октябрындагы № 537 "Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу жана Кыргыз Республикасынын…Постановление · 12.10.2016 · № 537 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына…Постановление · 15.09.2014 · № 530 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-майындагы № 279 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-октябрындагы № 537 "Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден Кыргыз…Постановление · 29.05.2020 · № 279 · Күчүн жоготкон