Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин, «Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинин 2-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 8-февралындагы № 42 «Эркинен ажыратууга соттолгон, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын тергөө изоляторлорунда кармалган адамдардын суткалык үлүшүнүн нормаларын, алмаштыруу нормаларын, суткалык үлүштүн нормаларын колдонуу жана алмаштыруу эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген эркинен ажыратууга соттолгон, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын тергөө изоляторлорунда кармалган адамдардын суткалык үлүшүнүн нормаларында:
- ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын түзөтүү абактарынан бошотулуучу адамдардын суткалык үлүшүнүн № 11 нормасы менен толукталсын;
- № 4 норманын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын тарбиялоо абактарында кармалган жашы жете элек балдардын, ошондой эле тергөө изоляторлорунда, түзөтүү абактарында жана түрмөлөрүндө кармалган I жана II топтогу майыптардын суткалык үлүшүнүн
№ 4 нормасы»;
- № 4 норманын эскертүүсү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
«Бул норма жашы жеткен жана тарбиялоо абактарында кармалган соттолгондорго карата колдонулат.».
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-декабрындагы № 864 «Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу тутумунун мекемелериндеги соттолгон жана камакка алынган адамдарды материалдык-тиричилик жактан камсыз кылуунун минималдуу ченемдерин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- преамбуласындагы «71» деген цифралар «99» деген цифралар менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемеси ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда «Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринен бошотулуучу соттолгондорду кийим-кече менен камсыз кылуу ченемдери» менен толукталсын;
- жогоруда аталган токтомдун 3-тиркемесинин алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринен бошотулуучу, сезонго жараша зарыл болгон кийими, бут кийими жана аларды сатып алууга каражаты жок адамдар ушул токтом менен белгиленген ченемдер боюнча мамлекеттик каражаттын эсебинен жарандык үлгүдөгү кийим-кече менен камсыздалат.»;
- ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык редакцияда 41-тиркеме менен толукталсын;
- жогоруда аталган токтомдун 6-тиркемеси ушул токтомдун 4-тиркемесине ылайык редакцияда «Балдар үйү үчүн жабдуулар жана буюмдар» ченеми менен толукталсын.
3. Ушул токтомду ишке ашырууга байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин ишке ашыруунун алкагында тиешелүү жылдарга бекитилген каражаттардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен тыюу салынбаган башка каржылоо булактарынын чегинде ишке ашырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д. Абылгазиев
Тиркемелер
Тиркеме 1
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (6)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 8-февралындагы N 42 "Эркинен ажыратууга соттолгон, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын тергөө…Постановление · 08.02.2008 · № 42
- Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодексиКодекс · 31.01.2017 · № 17
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-декабрындагы № 864 "Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу тутумунун мекемелериндеги соттолгон жана камакка алынган адамдарды материалдык-тиричилик…Постановление · 22.12.2015 · № 864 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик КодексиКодекс · 02.02.2017 · № 20 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жазык кодексиКодекс · 02.02.2017 · № 19 · Күчүн жоготкон