КР Министрлер Кабинетинин токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Ага шилтеме берүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу максатында колдонулуучу кошумча наркка нөл (0) пайыз ставкасы боюнча салык салынуучу товарлар жөнүндө
Азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу, айыл чарба малдарын багуучу чарба жүргүзүүчү субъекттерге колдоо көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 29-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Салык алынуучу жеткирүүлөр жана салык алынуучу импорт боюнча кошумча наркка нөл (0) пайыз өлчөмүндө салык ставкасы 2021-жылдын 15-июлунан 31-декабрына чейин: тазаланбаган, майдаланган же майдаланбаган, жанчылган же жанчылбаган, пресстелген же гранул түрүндөгү саман жана дан өсүмдүктөрү (ЕАЭБ ТЭИ ТН 1213000000), брюква, жалбырактуу кызылча (мангольд), тоют тамыр өсүмдүктөрү, чөп, беде, кара беде, эспарцет, тоют капустасы, бөрү буурчак, жер буурчак жана ушул сыяктуу гранулдашкан же гранулдашпаган тоют азыктары (ЕАЭБ ТЭИ ТН 1214), жүгөрү (ЕАЭБ ТЭИ ТН 1005), арпа (ЕАЭБ ТЭИ ТН 1003900000), сулу (ЕАЭБ ТЭИ ТН 1004900000) үчүн белгиленсин.
2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2021-жылдын 15-июлунан тартып күчүнө кирет.
Төрага У.А.Марипов
Тиркемелер
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · ага шилтеме бергендер: 0 · байланышкандар: 0
Документ шилтеме берген актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон