КР Өкмөтүнүн токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Ага шилтеме берүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Социалдык жактан маанилүү товарлардын айрым түрлөрүнө бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө
Дүйнө жүзүндө түзүлгөн эпидемиялык кырдаалга байланыштуу калкка социалдык жактан маанилүү тамак-аш продуктуларынын экономикалык жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 90-беренесине жана “Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Максималдуу үстөктү белгилөө менен төмөнкү социалдык жактан маанилүү тамак-аш продуктуларына 90 календардык күндүк колдонуу мөөнөтү менен бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилсин:
1) өсүмдүк күн карама майы;
2) кум шекер.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-апрелиндеги № 242 токтому менен бекитилген Социалдык жактан маанилүү товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу тартибине ылайык аталган тамак-аш продуктуларына бааларды мамлекеттик жөнгө салуу боюнча чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып жети күндөн кечиктирбей Евразия экономикалык комиссиясын жана Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерди белгиленген тартипте кабарласын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана финансы бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр У.А.Марипов
Тиркемелер
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · ага шилтеме бергендер: 0 · байланышкандар: 0
Документ шилтеме берген актылар (4)
- Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндөЗакон · 04.08.2008 · № 183
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-апрелиндеги №242 "Социалдык жактан маанилүү азык-түлүк товарларынын айрым түрлөрүнө бааларды мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө"токтомуПостановление · 22.04.2009 · № 242 · Күчүн жоготкон