КР Өкмөтүнүн токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Ага шилтеме берүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуу процессин өркүндөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесинин 1-бөлүгүнүн 12-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-сентябрындагы № 468 “Мамлекеттик ишканалардын ишин тартипке келтирүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункттун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 4-пункттун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемеси күчүн жоготту деп таанылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик ишканалар жөнүндө жободо:
- 32-пункттагы “мамлекеттик башкаруучу орган менен макулдашуу боюнча” деген сөздөр алынып салынсын;
- 35-пунктка төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
“35. Мамлекеттик ишкананын аткаруучу органы болуп Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалган мамлекеттик ишкананын жетекчиси – директор (же башкы директор) саналат.
Мамлекеттик ишкананын жетекчиси мамлекеттик ишкананын жетекчиси кызмат ордунун квалификациялык талаптарына ылайык келген мамлекеттик башкаруу органдарына сунуш кылынган талапкерлердин ичинен, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча кызматка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан дайындалат.”;
- жогоруда аталган Жобонун 2-тиркемеси күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-февралындагы № 82 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 3-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр У.А.Марипов
Тиркемелер
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · ага шилтеме бергендер: 0 · байланышкандар: 0
Документ шилтеме берген актылар (3)
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11- сентябрындагы № 468 "Мамлекеттик ишканалардын ишин тартипке келтирүү тууралуу" токтомуПостановление · 11.09.2019 · № 468
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-февралындагы № 82 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 17.02.2020 · № 82
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон