КР Өкмөтүнүн токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин иш чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги жөнүндө жана эмгегине акы төлөөнүн шарттары тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтомдун 5-тиркемесинде:
- 6-пункту “Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги,” деген сөздөрдөн кийин “Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги,” деген сөздөр менен толукталсын;
2) жогоруда аталган токтомдун 6-тиркемесинде:
- 5-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-майындагы № 314 “Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борборду түзүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пунктунда жана 5-пунктунун экинчи абзацында “22” деген цифралар “18” деген цифралар менен алмаштырылсын;
- 3-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ушул токтомду ишке ашырууга байланышкан чыгымдары бекитилген штаттык сандын жана 2019-жылга жана андан кийинки жылдарга каралган каражаттардын чегинде жумшала тургандыгы белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги:
- түзүмүн жана штаттык расписаниесин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук экспертиза бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев
Тиркемелер
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-майындагы № 314 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борборду түзүү…Постановление · 31.05.2017 · № 314
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги жөнүндө жана эмгегине акы төлөөнүн шарттары тууралууЗакон · 15.06.2011 · № 45
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын…Постановление · 22.08.2011 · № 473 · Күчүн жоготкон