КР Өкмөтүнүн токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Кыргыз Республикасынын асыл тукум субъекттерине асыл тукум заводу жана асыл тукум фермасы статусун ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын асыл тукум мал чарбасын андан ары өнүктүрүү, генетикалык ресурстарын сактоо жана сарамжалдуу пайдалануу максатында, “Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Мамлекеттик изилдөөдөн жана кайра изилдөөдөн өткөн асыл тукум заводдорунун тизмеси, 1-тиркемеге ылайык;
- Мамлекеттик изилдөөдөн жана кайра изилдөөдөн өткөн асыл тукум фермаларынын тизмеси, 2-тиркемеге ылайык.
2. “Айыл банк” ачык акционердик коомуна асыл тукум заводу жана асыл тукум фермасы статусу ыйгарылган чарба субъекттерине мамлекеттик долбоорлордун алкагында узак мөөнөттүү жеңилдетилген кредиттерди биринчи кезекте берүү сунушталсын.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-июнундагы № 312 “Кыргыз Республикасынын асыл тукум иштери субъекттерине асыл-тукум заводу жана асыл тукум фермасы статусун ыйгаруу жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 10-апрелиндеги № 193 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-июнундагы № 312 “Кыргыз Республикасынын асыл тукум иштери субъекттерине асыл-тукум заводу жана асыл тукум фермасы статусун ыйгаруу жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев
Тиркемелер
Тиркеме 1
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-июнундагы № 312 "Кыргыз Республикасынын асыл тукум иштери субъекттерине асыл-тукум заводу жана асыл тукум фермасы статусун ыйгаруу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.06.2016 · № 312 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндөЗакон · 27.04.2009 · № 133 · Күчүн жоготкон