КР Өкмөтүнүн токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Ага шилтеме берүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Кимберли процессинин эл аралык сертификациялоо схемасына Кыргыз Республикасынын кошулуу маселелери жөнүндө
Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Асыл таштарды Евразия экономикалык союзунун бажылык аймагына ташып келүү жана Евразия экономикалык союзунун аймагынан ташып чыгуу тууралуу жобону ишке ашыруу максатында, “Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кимберли процессинин эл аралык сертификациялоо схемасына кошулууга Кыргыз Республикасынын берген макулдугу билдирилсин.
2. Кимберли процессинин эл аралык сертификациялоо схемасын эске алуу менен иштетилбеген табигый алмаздарды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүү жана Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгуу эрежеси тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаменти, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде Кимберли процессинин эл аралык сертификациялоо схемасын эске алуу менен иштетилбеген табигый алмаздарды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүдө жана Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгууда мамлекеттик контролдоону ишке ашырсын.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте Кимберли процессинин сертификациялоо схемасына Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө Кембирли процессинин сертификациялоо схемасынын Төрагасына дипломатиялык каналдар боюнча билдирсин.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 114 «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маселелери» жөнүндө токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаменти жөнүндө жободо:
- 8-пункту төмөнкүдөй мазмундагы отуз төртүнчү абзац менен толукталсын:
“- Кимберли процессинин сертификациялоо схемасына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагынан иштетилбеген алмазды ташып чыгууга сертификат берет;”.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев
Тиркемелер
Тиркеме 1
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · ага шилтеме бергендер: 0 · байланышкандар: 0
Документ шилтеме берген актылар (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 114 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маселелери" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 114 · Күчүн жоготкон
- Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндөЗакон · 14.05.1998 · № 61 · Күчүн жоготкон