КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын КР Өкмөтүнүн 25-февралындагы № 101 токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 13-ноябрындагы № 771 “Мамлекеттик карыз каражаттар боюнча береселерин төлөөнүн шарттарын өзгөртүү менен Кыргыз Республикасынын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Айыл чарбанын дүң продукциясын өндүрүү көлөмдөрүнүн өсүшүн, 1997-2012-жылдарда алынган насыялык каражаттарды кайтарып берүүнү, ошондой эле республиканын азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууда Кыргыз Республикасынын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 13-ноябрындагы № 771 “Мамлекеттик карыз каражаттар боюнча береселерин төлөөнүн шарттарын өзгөртүү менен Кыргыз Республикасынын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 3-пунктунун биринчи абзацындагы “2015” деген цифралар “2025” деген цифраларга алмаштырылсын;
4-пунктунда:
- экинчи жана алтынчы абзацтарындагы “2015” деген цифралар “2025” деген цифраларга алмаштырылсын;
- үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
“-карызды төлөө 2013-2024-жылдарда жыл сайын төлөөнүн графигин түзүү менен 12 жылдын ичинде бирдей үлүштөрдө жүргүзүлсүн;”;
- бешинчи абзацындагы “2014” деген цифралар “2024” деген цифраларга алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри Ж.Ж. Сатыбалдиев
Тиркемелер
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 13-ноябрындагы № 771 "Мамлекеттик карыз каражаттар боюнча береселерин төлөөнүн шарттарын өзгөртүү менен Кыргыз Республикасынын айылдык товар…Постановление · 13.11.2012 · № 771 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон