Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Мамлекеттик карыз каражаттар боюнча береселерин төлөөнүн шарттарын өзгөртүү менен Кыргыз Республикасынын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 14 января 2022 года № 9 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2014-02-25.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 13-ноябры № 771 Мамлекеттик карыз каражаттар боюнча береселерин төлөөнүн шарттарын өзгөртүү менен Кыргыз Республикасынын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 389, 2014-жылдын 25-февралындагы № 101 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Айылдык товар өндүрүүчүлөргө 1997-2012-жылдары алышкан кредиттерин төлөөгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү, ошондой эле республиканын азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 389 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 389 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. 1997-2012-жылдардагы мезгилде мамлекеттик заем каражаттар боюнча кредиттерди алышкан жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Экономиканы өнүктүрүү боюнча мамлекеттик фонд аркылуу тариздешкен айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн береселери (10 жылдык мөөнөт менен техника түрүндө берилген кредиттерден башкасы) 2013-жылдан 2025-жылга чейинки мезгилге карата төмөнкүдөй реструктуралансын:
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 25-февралындагы № 101 токтомунун редакциясына ылайык)
- ушул токтом чыккан күнгө карата абал боюнча мурда алынган кредиттер боюнча мөөнөтү кечиктирилген карызы барлардыкы;
- чарбакер субъекттердин 2012-жылы жоюлууга тийиш болгон карыздары.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Экономиканы өнүктүрүү боюнча фонд карыздарды төмөнкүдөй шарттарда белгиленген тартипте реструктураласын:
- төлөө мөөнөтүн 2025-жылдын 1-январына чейин белгилесин;
- карызды төлөө 2013-2024-жылдарда жыл сайын төлөөнүн графигин түзүү менен 12 жылдын ичинде бирдей үлүштөрдө жүргүзүлсүн;
- айылдык товар өндүрүүчүлөр кредиттин негизги суммасын жана аны пайдалангандык үчүн проценттерди толук төлөшкөндө салынган айыптык санкциялар боюнча бересе төмөнкүдөй азайтылат;
2024-жылдын 1-январына чейин төлөсө - 100 процент өлчөмдө; 2025-жылдын 1-январына чейин төлөсө - 75 процент өлчөмдө; (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 25-февралындагы № 101 токтомунун редакциясына ылайык)
- карыздын негизги суммасы боюнча мөөнөтү кечиктирилген бересе жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө жоюлбаган учурда мурда кредиттик келишимдерде каралган айыптык санкцияларды салуу боюнча шарттар калыбына келтирилет;
- карызды өндүрүү боюнча соттун мыйзамдуу күчүнө кирген актылары бар чарбакер субъекттердин карыздары реструктураланбастыгы белгиленсин;
- айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн кредиттик-күрөөлүк документтери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-июнундагы № 258 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан рекредиттелген бюджеттик ссудалар жана чет өлкөлүк кредиттерге карата заемдук каражаттарды кайтаруунун шарттарын өзгөртүү боюнча сунуштарды кароо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан рекредиттелген бюджеттик ссудалар жана чет өлкөлүк кредиттерге карата заемдук каражаттарды кайтаруунун шарттарын өзгөртүү боюнча сунуштарды кароо тартиби жөнүндө жобого ылайык таризделсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана экология бөлүмүнө тапшырылсын.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
Ж. Сатыбалдиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (5)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 389 "2013-жылы Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн өз убагында жана уюшкандыкта жыйнап алуу боюнча чаралар…Постановление · 28.06.2013 · № 389 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын КР Өкмөтүнүн 25-февралындагы № 101 токтомуПостановление · 25.02.2014 · № 101
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 25-февралындагы № 101 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 13-ноябрындагы № 771 «Мамлекеттик карыз каражаттар боюнча береселерин төлөөнүн…Постановление · 25.02.2014 · № 101 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 389 "2013-жылы Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн өз убагында жана уюшкандыкта жыйнап алуу боюнча чаралар…Постановление · 28.06.2013 · № 389 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-июнундагы №258 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан рекредиттелген бюджеттик ссудалар жана чет өлкөлүк кредиттерге карата…Постановление · 02.06.2008 · № 258 · Күчүн жоготкон
4 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.