Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 28-июнундагы №384 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө” токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин мамлекеттик кызматкерлеринин эмгегин өбөлгөлөө максатында, ошондой эле “Датка-Кемин” 500 кВ электр берүү линиясын жана “Кемин” 500 кВ подстанциясын куруу боюнча долбоордун аяктагандыгына байланыштуу, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 28-июнундагы № 384 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- төмөнкүдөй мазмундагы 32 пункт менен толукталсын:
«32. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин мамлекеттик кызматкерлерине 2015-жылдын ичинде төрт айлык эмгек акы фонду өлчөмүндөгү каражаттар сый акы берүүгө жумшалат деп белгиленсин.”.
2. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги 2015-жылга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде 2015-жылы министрликтин кызматкерлерине сый акы берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги “Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын тийиштүү долбоорун белгиленген тартипте киргизсин.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министрдинмилдетин аткаруучу Т.А.Сариев
Тиркемелер
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 30.12.2015 · № 232
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 384 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуПостановление · 28.06.2013 · № 384 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон