КР Өкмөтүнүн токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылга кризиске каршы иш-аракеттеринин планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасындагы социалдык-экономикалык абалды жакшыртуу, ишкердик ыңгайлуу шарттарды түзүү, республикалык бюджеттин чыгымдарын азайтуу жана мамлекеттин эл алдындагы милдеттенмелерин аткаруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 13-апрелиндеги № 438-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Ишеним жана биримдик” программасын ишке ашыруу максатында жана “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылга Кризиске каршы иш-аракеттеринин планы тиркемеге ылайык бекитилсин (мындан ары – кризиске каршы план).
2. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):
- белгиленген мөөнөттөрдө Кризиске каршы планды аткаруу боюнча конкреттүү чараларды көрүшсүн; -
ай сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5инен кечиктирбестен Кризиске каршы пландын аткарылышы жөнүндө маалыматты жалпылоо үчүн Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине берип турушсун.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги ай сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен Кризиске каршы планды аткаруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берип турсун.
4. Кризиске каршы пландын сапаттуу жана өз убагында аткарылышы үчүн Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларынын жеке жоопкерчиликтери белгиленсин.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков
Тиркемелер
Тиркеме 1
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (6)
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7-февралындагы № 32-б "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин 2016-жылдын январь-декабрь айларына Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык…Распоряжение · 07.02.2017 · № 32-р · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-июнундагы № 368 "2018-2020-жылдарга Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү болжолу жөнүндө" токтомуПостановление · 13.06.2017 · № 368 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-январындагы № 53 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Ишеним жана биримдик" Программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылга…Постановление · 30.01.2017 · № 53 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-мартындагы № 148-1/1 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2017-жылга карата экономикалык саясаттын негизги…Постановление · 13.03.2017 · № 148-1/1 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-июлундагы № 383 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылга кризиске каршы иш-аракеттеринин планын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 12.06.2016 · № 383 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-январындагы № 53 токтомуПостановление · 30.01.2017 · № 53
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Жогорку кеңешинин 2016-жылдын 13-апрелиндеги № 438-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 13.04.2016 · № 438-VI · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "ишеним жана биримдик" (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 13-апрелиндеги № 438-VI токтому менен бекитилген) ПРОГРАММАСЫПрограмма · 13.04.2016 · № 438-VI · Күчүн жоготкон