Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылга кризиске каршы иш-аракеттеринин планын бекитүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 30 января 2017 года № 53 "Об утверждении Плана действий Правительства Кыргызской Республики по реализации Программы Правительства Кыргызской Республики "Доверие и единство" на 2017 год"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2017-01-30.
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-январындагы № 53 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 12-июлу № 383 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылга кризиске каршы иш-аракеттеринин планын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасында социалдык-экономикалык кырдаалды турукташтыруу, ишкерчиликти өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, республикалык бюджеттин чыгымдарын азайтуу жана мамлекеттин эл алдындагы социалдык милдеттенмелерин сактоо, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 13-апрелиндеги № 438-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Ишеним жана биримдик" программасын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылга кризиске каршы иш-аракеттеринин планы (мындан ары - Кризиске каршы план) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):
- белгиленген мөөнөттөрдө Кризиске каршы планды аткаруу боюнча толук чараларды көрүшсүн;
- ай сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 5инен кечиктирбестен Кризиске каршы планды аткаруу жөнүндө маалыматты жалпылоо үчүн Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине берип турушсун.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги ай сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен Кризиске каршы планды аткаруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берип турсун.
4. Кризиске каршы пландын сапаттуу жана өз убагында аткарылышы үчүн Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларынын жеке жоопкерчилиги белгиленсин.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри
С.Жээнбеков
Тиркеме 2016-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кризиске каршы ИШ-АРАКЕТТЕР ПЛАНЫ
№
Милдетnер/чаралар
Индикатор/күтүлүүчү натыйжа
Салмагы
Ишке ашыруу мөөнөттөрү
Жооптуулар
Каржылоо булактары
1. Макроэкономикалык туруктуулук
1
Бюджеттик чыгымдарды кыскартууну жана мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн төмөндөө тобокелдиктери боюнча компенсациялык чараларды караган кризиске каршы бюджеттин долбоорун киргизүү
Бюджет боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому
10%
01.10.2016
ФМ, ЭМ, МСК, МБК
Республикалык бюджетте каралган каражаттардын алкагында
2
2015-жылы курулуп бүткөн 96 объектини эксплуатацияга киргизүү
96 курулуш объект эксплуатациялоого берилди
11%
01.12.2016
Экотехинспекция, Курулуш агенттиги
Республикалык бюджетте каралган каражаттардын алкагында
3
2017-жылга титулдук баракты түзүүдө жаңы социалдык объектилерди курууга 1 жылга мораторий киргизүү
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому
11%
25.11.2016
Курулуш агенттиги, ФМ
Республикалык бюджетте каралган каражаттардын алкагында
Артыкчылыктуу социалдык объекттерди бүтүрүү үчүн каражаттарды натыйжалуу бөлүштүрүү
12%
31.12.2016
4
Россия Федерациясынан Казакстан Республикасы аркылуу транзит менен Кыргыз Республикасына темир жол транспорту менен мунай продуктуларын ташууга байланыштардын түрлөрү боюнча (экспорттук, импорттук, ички республикалык) унификацияланган тарифти Казакстан Республикасынын ыйгарым укуктуу органдарынын колдонуусу боюнча Казакстан Республикасы менен маселени иштеп чыгуу
Макулдашууга кол коюлду. Ташып киргизилген КММнын баасын бир тонна үчүн 40-50 АКШ долларына төмөндөтүү
11%
20.12.2016
ТЖМ, "КТЖ" УК" МИ, Нефтетрейдерлер ассоциациясы (макулдашуу боюнча)
Республикалык бюджетте каралган каражаттардын алкагында
5
Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу товарлар үчүн контролдук баалардын минималдуу деңгээлин аныктоонун жана колдонуунун тартибин иштеп чыгуу
Бюджеттин кирешелеринин төмөндөөсүнүн болжол менен 600 млн. сомго кыскарышы
11%
30.09.2016
ЭМ, МСК, УСК (макулдашуу боюнча)
Республикалык бюджетте каралган каражаттардын алкагында
6
Нөлдүк ставкадагы берүүлердөн КНС боюнча бошотулган берүүлөргө которуу аркылуу руданын бардык түрлөрүн экспорггоого салык салуу системасын кайра карап чыгуу
Кыргыз | Республикасынын Өкмөтүнүн токтому
11%
01.12.2016
ЭМ, ФМ, МСК
Республикалык бюджетте каралган каражаттардын алкагында
7
Казакстан Республикасынан ташып киргизилген жана Казакстан Республикасынын Дүйнөлүк соода уюмуна кошулуусунун алкагында алынууга тийиш болгондордун тизмесине кирген товарларды көзөмөлдөөнүн жана аныктоонун механизмдерин иштеп чыгуу
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөн товарлардын эсепке алуу тартиби боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому
11%
01.10.2016
ЭМ, МСК, Ветинспекция
Республикалык бюджетте каралган каражаттардын алкагында
8
Тажикстан Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын чек арасында ЕАЭБдин санитардык, фитосанитардык, ветеринардык талаптарын сактоо боюнча көзөмөлдү камсыздоо
ЕАЭБдин санитардык, фитосанитардык, ветеринардык талаптарына жооп бербеген товарлардын Кыргыз Республикасына ташып киргизилген көлөмүнүн кыскарышы
12%
Жылдын ичинде
Ветинспекция
Республикалык бюджетте каралган каражаттардын алкагында
100%
2. Бизнести колдоо
9
Объекттерди инженердик тармактарга кошуу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана мөөнөтүн кыскартуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому
7%
20.10.2016
Курулуш агенттиги, ӨЭККПМК, энергокомпаниялар (макулдашуу боюнча), ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
Республикалык бюджетте каралган каражаттардын алкагында
Объектилерди инженердик тармактарга кошуунун мөөнөтүн 2 күнгө кыскартуу
10%
25.12.2016
10
Индустриялаштыруу программасын ишке ашыруу үчүн ресурстарды тартуу максатында ЮНИДОнун өнөктөш - өлкө статусун алуу
Кыргыз Республикасы менен ЮНИДОнун ортосундагы макулдашуу
6%
01.10.2016
ӨЭККПМК
Республикалык бюджетте каралган каражаттардын алкагында
11
Массалык маалымат каражаттарын пайдалануу менен "Кыргызстанда жасалган" кеңири пиар-компаниясын уюштуруу
Чекене товар жүгүртүүнүн 7%га чейин жогорулашы
4%
Квартал сайын
ЭМ, ММТМ, Базар жана соода ишканаларынын ассоциациясы (макулдашуу боюнча), ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
Республикалык бюджетте каралган каражаттардын алкагында
12
Ар бир облуста ата мекендик өндүрүүчүлөр үчүн жарманкелерди өткөрүү
Иш-чаралар пландалган, ар бир облуста жарманкелерди өткөрүү үчүн каражаттар бөлүнгөн
4%
Жылына 2 жолу
КРӨ облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, бизнес ассоциациялар (макулдашуу боюнча)
Жергиликтүү бюджеттин алкагында жана донордук каражаттар
13
"Айыл чарбаны каржылоо - 3" долбоору боюнча жеңилдетилген пайыздык ставка менен кредиттерди жайгаштыруу үчүн коммерциялык банктардын жана адистештирилген финансылык-кредиттик мекемелердин чыгымдарына субсидия берүү: экинчи фаза 133,5 млн. сом, "Айыл чарбаны каржылоо - 4" долбоору боюнча биринчи фаза - 483,6 млн. сом суммасында
617,1 млн. сом суммасында финансылык ресурстарды бөлүү
10%
Жылдын ичинде
ФМ, АЧТММ, коммерциялык банктар (макулдашуу боюнча)
Республикалык бюджетте каралган каражаттардын алкагында
14
Айыл чарба продукциясын кайра иштетүү боюнча өндүрүшкө кредит берүүнү көбөйтүү максатында "Айыл чарбаны каржылоо - 4" долбоорун ишке ашырган коммерциялык банктар менен иштерди жүргүзүү
Айыл чарба продукциясын кайра иштетүү боюнча секторго кредит берүүнү көбөйтүү боюнча коммерциялык банктар менен өткөрүлгөн консультациялардын саны жана биргелешип көрүлгөн чаралар
7%
Жылдын ичинде
АЧТММ, коммерциялык банктар (макулдашуу боюнча)
Республикалык бюджетте каралган каражаттардын алкагында
Кредиттин жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу
9%
15
Агротехникалык тейлөө борборлорун түзүү жана айыл чарба техникаларын колдоо максатында, айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө айыл чарба техникаларын лизингге берүүнү камсыздоо
250 даана техниканы лизингге берүү
9%
Жылдын ичинде
АЧММ, "Айыл Банк" ААК (макулдашуу боюнча)
ЕАӨБдүн, Түркия Республикасынын инвестициялык кредиттери, КЭРдин жана Япониянын гранттары
16
Мамлекеттик кепилдик фондун капиталдаштыруу механизмин иштеп чыгуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу
7%
01.08.2016
ЭМ, ФМ
Республикалык бюджетте каралган каражаттардын алкагында
17
Ишкерлерди колдоо боюнча бирдиктүү маалымат борборун түзүү
Бирдиктүү маалымат борбору түзүлдү
4%
25.07.2016
ЭМ, МСК, МБК, Ветинспекция, СӨП (макулдашуу боюнча)
Республикалык бюджетте каралган каражаттардын алкагында
18
Онлайн режиминдеги кайтарым байланыш мүмкүнчүлүгү бар "Кыргызстанда жасалган" мамлекеттик сайтынын концепциясынын долбоору боюнча сунуш киргизүү
"Кыргызстанда жасалган" мамлекеттик сайтынын концепциясынын долбоору
4%
25.09.2016
ЭМ
Республикалык бюджетте каралган каражаттардын алкагында
19
Онлайн режиминде маалыматтарды берүү функциясы менен контролдук-кассалык машиналарды колдонуу механизмин ишке киргизүү
Онлайн режиминде маалыматтарды берүү функциясы бар контролдук-кассалык машиналардын санын жалпы катталган контролдук-кассалык машиналардын санынын 15%на чейин жеткирилет
9%
20.12.2016
МСК, ЭМ
Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде
20
Чет элдик валюталарды алмаштыруу операцияларын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тиешелүү лицензиясы жок жүргүзгөн субъектилерге лицензияланбаган иш үчүн таасир берүүчү чараларды колдонуу менен биргелешкен рейддерди жүргүзүү
Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча текшерүүлөрдүн саны жана көрүлгөн чаралар
10%
Жыл ичинде
УБ (макулдашуу боюнча), МСК, Финполиция
УБтын бюджетинин жана республикалык бюджеттин чегинде
100%
3. Экспортко колдоо көрсөтүү
21
Инвестицияларды тартуу жана экспортту алдыга жылдыруу боюнча бирдиктүү институтту түзүү
Инвестицияларды тартуу жана экспортту алдыга жылдыруу боюнча бирдиктүү институт түзүлөт
6%
10.09.2016
ЭМ
Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде
ИИА тарабынан өткөн жылга салыштырмалуу тартылган инвестициялар 5%га чейин өсөт
7%
25.12.2016
22
Негизги фонддорду жаңылоого, экспортко багытталган ишканалар үчүн жабдууларды модернизациялоого жана технологиялык жабдууга жеңилдетилген кредиттерди берүү механизмдерин киргизүү
Экспортко багытталган ишканаларга кредит берүүнүн көлөмүн көбөйтүү
7%
25.12.2016
ЭМ, РКӨФ (макулдашуу боюнча), АЧТММ
Тартылган каражаттар
23
Республикалык ветеринардык диагностика жана экспертиза борборунун 9 бөлүмүн жана Ош зоналык ветеринардык диагностика жана экспертиза борборунун 6 бөлүмүн реконструкциялоо жана капиталдык ремонттон өткөрүү
Республикалык ветеринардык диагностика жана экспертиза борборунун 9 бөлүмү жана Ош зоналык ветеринардык диагностика жана экспертиза борборунун 6 бөлүмү эксплуатацияга берилет
7%
01.12.2016
Ветинспекция
Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, РФнын жана Казакстан Республикасынын гранттык жардамы
24
4 региондук ветеринардык лабораторияны куруу
4 региондук ветеринардык лаборатория эксплуатацияга берилет
8%
01.12.2016
Ветинспекция, АЧТММ
Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, РФнын жана Казакстан Республикасынын гранттык жардамы
25
Айыл чарба продукцияларын сертификациялоо үчүн эки региондук карантиндик фитосанитардык лабораторияны түзүү (Талас жана Ысык-Көл облустарында)
Лабораторияларды эксплуатацияга киргизүү
8%
01.12.2016
Ветинспекция, АЧТММ
Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, РФнын жана Казакстан Республикасынын гранттык жардамы
26
ЕАЭБ мүчө өлкөлөрүнүн системаларына республиканын ветеринардык контролдоо системасынын эквиваленттүүлүгүн таануусун камсыздоо боюнча чараларды көрүү
Ветеринардык контролдоо системасынын ЕАЭБ мүчө өлкөлөрүнүн системаларына шайкештиги жөнүндө ЕЭКтин чечими
7%
01.08.2016
Ветинспекция, АЧТММ
Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде
27
Чек аранын кыргыз-казак участогунда ветеринардык контролдоону алып салууну камсыз кылуу
Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын чек аралар тилкесиндеги чектөөлөрдү алуу жөнүндө ЕЭКтин чечими
10%
01.08.2016
Ветинспекция, АЧТММ
Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде
28
Кыргыз Республикасынан/андан үчүнчү өлкөлөргө айыл чарба продукцияларынын өткөрүүнү жөнөкөйлөтүү үчүн "жашыл коридор" системасын киргизүү
Айыл чарба продукцияларын чек арадан бажы контролун өтүү процедурасынын убактысы 30 мүнөткө чейин кыскарат
9%
01.08.2016
МБК
Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде
29
Кыргыз ишкерлеринин ЕАЭБге мүчө өлкөлөрүндө мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө тендерлерге катышуу маселелерин иштеп чыгуу жаатында маалыматтык жана практикалык иш-чараларды жүргүзүү
2 иш чара өткөрүлөт
9%
20.09.2016
ЭМ, ФМ, МИ "БТБ"
Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде
30
ЕАЭБдин бирдиктүү реестрине киргизүү үчүн мал чарба тармагы ишканаларынын тизмегин кеңейтүү жана РФнын реестрине кирген экспорттоочу кайра иштетүүчүлөргө сатып алуучуларды издөө боюнча көмөк көрсөтүү
Мал чарбасы боюнча 5-7 ишкана реестрге киргизилет
9%
15.12.2016
АЧТММ, Ветинспекция
Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде
31
Бишкек жана Ош шаарларынын аймагында, облустук жана райондук маанидеги борборлордо, инвестициялык өндүрүштүк объекттерди жайгаштыруу үчүн жер участокторун аныктоо
Жергиликтүү кеңештердин чечими
10%
15.08.2016
Бишкек, Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча), КРӨ облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү
Муниципалдык жана республикалык бюджеттердин чегинде
32
Үчүнчү өлкөлөр менен органикалык айыл чарба продукцияларын экспорттоону алга жылдыруу сүйлөшүүлөрүн жүргүзүү
Тиешелүү келишимдерге кол коюлат
11%
15.10.2016
АЧТММ, ТИМ, Ветинспекция
Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде
100%
4. Айыл чарбасын колдоо
33
"Айыл чарбаны каржылоо" долбоорлорун ишке ашыруунун алкагында 100 гектардан кем эмес жер үлүшү бар дыйкан жана жамааттык чарбаларга жеңилдетилген кредиттерди берүү аркылуу айыл чарба кооперациясына түрткү берүү системасын түзүү
100 гектардан кем эмес жер үлүшү бар дыйкан жана жамааттык чарбаларга кредиттерди берүүнү көбөйтүү боюнча биргелешип көрүлгөн чаралар жана коммерциялык банктар менен өткөрүлгөн консультациялардын саны
16%
Жылдын ичинде
АЧКММ, ФМ
Республикалык бюджетте каралган каражаттардын алкагында
Жеңилдетилген кредиттердин көлөмүнүн көбөйүшү
20%
Жылдын ичинде
34
Кыргыз Республикасынын региондорунда механизацияланган агротехникалык кызматтарды көрсөтүү (машина-трактордук станциялар) боюнча уюмдарды түзүү
7 МТС түзүлдү
20%
25.08.2016
КРӨ облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, АЧТӨЖМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
Ички жана тышкы инвестициялардын эсебинен
35
Ветеринардык диагностикалык лабораторияларды аккредитациялоо зонасын кеңейтүү
Лабораториялар эл аралык стандарттарга ылайык кеңири спектрдеги сыноолорду жүргүзүүгө мүмкүндүгү бар
22%
01.12.2016
Ветинспекция
Республикалык бюджетте каралган каражаттардын жана РФ грантынын чегинде
36
Республиканын пилоттук райондорунда бодо малды идентификациялоо боюнча долбоорду ишке киргизүү
3 пилоттук райондо идентификацияланган малдын саны
22%
01.08.2016
Ветинспекция
Республикалык бюджетте каралган каражаттардын алкагында
5. Өнөр-жай ишканаларынын ишин колдоо
37
"Бишкек шаарындагы ЖЭБди модернизациялоо" долбоорун ишке ашырууну улантуу
Эксплуатацияга киргизүү:
- турбиналык цехтин башкы корпусун;
- казанды;
- жаңы блоктор үчүн отун берүүчү системаны;
- күл чыгаруу системасын;
- ОРУ 110 кВт куруу
14%
20.12.2016
ӨЖЭКМК, "Электр станциялар" ААК (макулдашуу боюнча)
КЭРдин Экспорттук-импорттук банкы
38
Катуу отунду (көмүрдү) пайдаланууга которуу менен Ош ш. ЖЭБди реконструкциялоо жана аны Ош ш. мэриясынын балансына өткөрүп берүү маселелерин иштеп чыгуу
Ош ш. ЖЭБдин натыйжалуулугун жогорулатуу
14%
20.12.2016
ӨЖЭКМК, ММБФ, ФМ, "УЭХК" ААК (макулдашуу боюнча), "Электр станциялары" ААК (макулдашуу боюнча), Ош ш. мэриясы (макулдашуу боюнча)
Тартылган каражаттар
39
Таш-Көмүр шаарындагы металлургиялык кремнийди өндүрүү боюнча заводду (ЖЧК "Кварц") ишке киргизүүнү камсыз кылуу
Заводду ишке киргизүү
14%
15.12.2016
ӨЖЭКМК, ТИМ, КРӨ облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
Чет өлкөлүк инвестициялардын эсебинен
40
Токмоктогу нефтини кайра иштетүүчү заводдун өнөр жайлык эксплуатациялоосун камсыз кылуу
Өнөр жайлык эксплуатацияга киргизүүгө көмөктөшүү
15%
10.12.2016
ӨЖЭКМК, ТИМ, КРӨ Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
Чет өлкөлүк инвестициялардын эсебинен
41
Кара-Балтадагы нефтини кайра иштетүүчү заводдун өнөр жайлык эксплуатациялоосун камсыз кылуу
Чийки нефть - сырьё менен камсыз кылууга көмөктөшүү, өндүрүштүк кубаттуулукту 500 миң тоннага жеткизүү
14%
10.12.2016
ӨЖЭКМК, ТИМ, КРӨ Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
Чет өлкөлүк инвестициялардын эсебинен
42
Жерүй кенин иштетүүнү тездетүү
Жерүй кенинин техникалык долбоорун иштеп чыгууну, экологиялык экспертизаны, техникалык долбоордун экспертизасын өткөрүүнү макулдашуу
14%
01.11.2016
ӨЖЭКМК, Токой агенттиги, Курулуш агенттиги, ЖӨБО (макулдашуу боюнча),
Чет өлкөлүк инвестициялардын эсебинен
43
Иштамберди кенинде өнөр жайлык эксплуатациялоого кен байытуучу комбинатты ишке киргизүүнү камсыз кылуу
Кен байытуучу комбинатты ишке киргизүү
15%
10.12.2016
ӨЖЭКМК, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
Чет өлкөлүк инвестициялардын эсебинен
100%
6. Социалдык жактан колдоо чаралары
44
Иш менен камсыз кылууга көмөктөшүүнүн тиешелүү программаларынын алкагында КТУ базасында окутуу жана кайра окутуунун кыска мөөнөттүү курстарын ишке киргизүү
Окууга жиберилген жумушсуздардын саны (8000 адамдан кем эмес)
14%
25.12.2016
БИМ, ЭСӨМ, ФМ
Республикалык бюджетте каралган каражаттардын алкагында
Окуудан кийин жумушка орношкон жумушсуздардын саны (50% кем эмес)
14%
25.12.2016
ЭСӨМ
Республикалык бюджетте каралган каражаттардын алкагында
45
Кепилденген минимумдук кирешенин өлчөмүн жогорулатуу
Кепилденген минимумдук кирешенин өлчөмүнүн өткөн жылга салыштырмалуу 10%дан кем эмес көбөйүшү
14%
01.12.2016
ЭСӨМ
Республикалык бюджетте каралган каражаттардын алкагында
46
Балдары бар аз камсыздалган үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөк пулдун өлчөмүн жогорулатуу
Аз камсыздалган үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөк пулдун өлчөмүнүн өткөн жылга салыштыр малуу 10%дан кем эмес көбөйүшү
14%
01.12.2016
ЭСӨМ
Республикалык бюджетте каралган каражаттардын алкагында
47
Азык-түлүк коопсуздугунун статусу төмөн аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү коомдук пайдалуу жумуштарга катышуусун эске алуу менен кошумча продуктулук жардам (ун, өсүмдүк майы) менен камсыз кылуу
Коомдук пайдалуу жумуштарга катышуусун эске алуу менен аз камсыз болгон үй-бүлөлөр 15,0 миң сомдон кем эмес продуктулук жардамды алуусу
14%
01.12.2016
ЭСӨМ
БУУнун бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын каражаттарынын эсебинен
48
2016-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүнүн өлчөмүн 10%га жогорулатуу
2016-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүнүн өлчөмүнүн 10%га жогорулашы
15%
01.10.2016
СФ
СФ бюджетинин алкагында
49
Жумуш берүүчүлөрдүн өтүнмөлөрүнө ылайык ишкерлик сектордун өнүгүүсүн колдоо үчүн кадрларды даярдоо
Баштапкы кесиптик билим берүүнүн кеминде 1000 окуучусу 2016-2017-окуу жылынын ичинде даярдоодон өтүшөт
15%
Жылдын ичинде
БИМ
Республикалык бюджетте каралган каражаттардын алкагында, АӨБ долбоорунун каражаттарынын эсебинен
100%
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Жогорку кеңешинин 2016-жылдын 13-апрелиндеги № 438-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 13.04.2016 · № 438-VI · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-январындагы № 53 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Ишеним жана биримдик" Программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылга…Постановление · 30.01.2017 · № 53 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-июлундагы № 383 токтомуПостановление · 12.07.2016 · № 383