Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Транспорт каражаттарын мажбурлап эвакуациялоонун, аларды адистештирилген токтотуучу жайларга жайгаштыруунун, сактоонун жана дөңгөлөктөргө блокираторлорду же жабдыктардын башка түрлөрүн колдонуунун эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 4-апрели № 202
Транспорт каражатын мажбурлап эвакуациялоонун, аны адистештирилген токтотуучу жайга жайгаштыруунун, сактоонун жана дөңгөлөктөргө блокираторлорду же жабдыктардын башка түрлөрүн колдонуунун эрежелерин бекитүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-ноябрындагы № 544, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 333, 2023-жылдын 11-мартындагы № 139 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат: (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 333 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Транспорт каражатын мажбурлап эвакуациялоонун, аны адистештирилген токтотуучу жайга жайгаштыруунун, сактоонун жана дөңгөлөктөргө блокираторлорду же жабдыктардын башка түрлөрүн колдонуунун эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-ноябрындагы № 544 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги:
- транспорт каражаттарын мажбурлап эвакуациялоо жана дөңгөлөктөргө блокираторлорду же жабдыктардын башка түрлөрүн колдонуу эрежелери жөнүндө калк арасында кеңири маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн;
- транспорт каражаттарын мажбурлап эвакуациялоо жана дөңгөлөктөргө блокираторлорду же жабдыктардын башка түрлөрүн колдонуу боюнча иштерди ушул токтомго ылайык уюштурсун;
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 333, 2023-жылдын 11-мартындагы № 139 токтомдорунун редакциясына ылайык)
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 25-апрелинде № 49-50 жарыяланды
Премьер-министри
С. Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 8 · байланышкандар: 4
Цитата келтиргендер (8)
- Транспорт каражаттарын мажбурлап эвакуациялоонун, аларды адистештирилген токтотуучу жайларга жайгаштыруунун, сактоонун жана дөңгөлөктөргө блокираторлорду же жабдыктардын башка…Правила · 04.04.2017 · № 202
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-ноябрындагы № 544 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-апрелиндеги № 202 "Транспорт каражаттарын мажбурлап…Постановление · 22.11.2018 · № 544
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 333 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-апрелиндеги № 202 "Транспорт каражатын мажбурлап…Постановление · 24.06.2022 · № 333
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-декабрындагы № 724 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-апрелиндеги № 202 “Транспорт каражатын мажбурлап…Постановление · 30.12.2022 · № 725
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 11-мартындагы № 139"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү айрым…Постановление · 11.03.2023 · № 139
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-сентябрындагы № 579 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-апрелиндеги № 202 "Транспорт каражатын мажбурлап…Постановление · 23.09.2024 · № 579
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-ноябрындагы № 544-токтомуПостановление · 22.11.2018 · № 544
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-апрелиндеги № 202 токтомуПостановление · № 202
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
4 ичинен 1 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (4)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексиКодекс · 28.10.2021 · № 128
- Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексКодекс · 04.08.1998 · № 114 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө КодексиКодекс · 13.04.2017 · № 58 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон