16-статья. Мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарынын качкындарга карата милдеттери
Күчүндө · 19.04.2023 редакциясы · 3-Глава
Мамлекеттик бийликтин тиешелүү органдары, берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарга ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана кызмат адамдары:
- туруктуу жашоо үчүн Ыйгарым укуктуу орган сунуш кылган калктуу конуштардагы жашоо-шарттар жана ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө качкынга маалымат берүүгө;
- качкындын балдарын мектепке чейинки жана жалпы билим берүүчү мекемелерге жайгаштырууда көмөк көрсөтүүгө;
- жалгыз-жарым өтө кары качкындарга жана башкалардын жардамына муктаж болгон майыптарга калкты социалдык жактан коргоо мекемелеринен орун берүү жагынан көмөк көрсөтүүгө;
- качкынга анын өтүнүчү боюнча жарандыгы таандык болгон өлкөгө же туруктуу жашаган жерине кайтуусуна же ага ушундай укук берген башка өлкөгө жөнөп кетүүсүнө көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.
Мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана кызмат адамдары качкын деп таанылган адамдарга жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө жардам көрсөтүү боюнча иште коомдук бирикмелер жана башка уюмдар менен өз ара аракеттенет, качкындар көйгөйлөрү менен иш жүргүзгөн коомдук бирикмелердин укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын сакталышын камсыз кылат, зарыл болгон учурда, өзүнчө бир аймакта же Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуусунун мамлекеттик тутумунун иштөөсүнүн тиешелүү режимин киргизет. (Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 6-июлундагы № 99, 2023-жылдын 19-апрелиндеги № 91 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 19.04.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
16-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 19 апреля 2023 года № 91 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О беженцах"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 6 июля 2016 года № 99 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере делегирования государственных полномочий"Редакцияларды салыштыруу
19.04.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…деп таанылган адамдарга жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө жардам көрсөтүү алынып салынды: жагындагы кошулду: боюнча иште коомдук бирикмелер жана башка уюмдар менен алынып салынды: эриш-аркак аракеттенишет, кошулду: өз ара аракеттенет, качкындар алынып салынды: маселелери кошулду: көйгөйлөрү менен иш жүргүзгөн коомдук бирикмелердин алынып салынды: укуктары менен кошулду: укуктарынын жана мыйзамдуу алынып салынды: таламдарынын кошулду: кызыкчылыктарынын сакталышын камсыз алынып салынды: кылышат.
(КР кошулду: кылат, зарыл болгон учурда, өзүнчө бир аймакта же Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуусунун мамлекеттик тутумунун иштөөсүнүн тиешелүү режимин киргизет.
(Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 6-июлундагы № алынып салынды: 99 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 99, 2023-жылдын 19-апрелиндеги № 91 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/999/st-16" title="16-статья - Качкындар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>