Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Мамлекеттик органдардын юридикалык кызматы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 14-марты № 152 Мамлекеттик органдардын юридикалык кызматы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Юридикалык кызматтардын ролун жана иш сапатын, мыйзамдуулукту камсыздоо боюнча алардын жоопкерчилигин жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мамлекеттик органдардын юридикалык кызматы жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор:
- укуктук ишти жүргүзүүдө ушул токтом менен бекитилген Жобону жетекчиликке алышсын;
- борбордук аппараттын, аймактык органдардын жана ведомстволук бөлүмдөрдүн юридикалык кызматтарын чыңдоону камсыздашсын, натыйжалуу жана сапаттуу иштөөгө жөндөм берүүчү шарттарды түзүшсүн, юридикалык кызматтардын ишинин сапатын жогорулатуу жана мыйзамдуулук режимин чыңдоо боюнча чаралар комплексин иштеп чыгышсын;
- юридикалык кызматтарга ишине таандык болбогон кошумча функцияларды жүктөөгө жол беришпесин;
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин.
3. Башка мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өз ишинде Мамлекеттик органдардын юридикалык кызматы жөнүндө жобону жетекчиликке алуу сунушталсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 13-ноябрындагы № 736 "Мамлекеттик башкаруу органдарынын жана уюмдардын юридикалык кызматы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
С.Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- "Мамлекеттик органдардын юридикалык кызматы жөнүндө" ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-мартындагы № 152 токтому менен бекитилген)Положение · 14.03.2017 · № 152
- Ош шаардык кеӊешинин 2019-жылдын 19-февралындагы №168 "Ош шаардык Кеңешинин 2018-жылдын 28-августундагы №134 “Ош шаарынын мэриясынын аппаратынын түзүмүн жана штаттык санын…Постановление · 19.02.2019 · № 168
- Постановление Правительства КР от 13 ноября 1998 года №736 "Об утверждении Положения о юридической службе органов государственного управления и организаций"Постановление · 13.11.1998 · № 736 · Күчүн жоготкон
- Положение о юридической службе государственного управления и организаций (Утверждено Постановлением Правительства КР от 13 ноября 1998 года №736)Положение · 13.11.1998 · № 736 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 13 ноября 1998 года №736 "Об утверждении Положения о юридической службе органов государственного управления и организаций"Постановление · 13.11.1998 · № 736 · Күчүн жоготкон