Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Ош шаардык кеӊешинин «Ош шаардык Кеңешинин 2018-жылдын 28-августундагы №134 “Ош шаарынын мэриясынын аппаратынын түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө” токтомунун тиркемелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Ош шаардык кеӊешинин ХIХ чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
2019-жылдын 19-февралы №168 Ош шаардык Кеңешинин 2018-жылдын 28-августундагы №134 “Ош шаарынын мэриясынын аппаратынын түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө” токтомунун тиркемелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын 2019-жылдын 25-январындагы №63/08-13 Ош шаардык Кеңешинин 2018-жылдын 28-августундагы №134 токтому менен бекитилген Ош шаарынын мэриясынын аппаратынын айрым түзүмдөрүнүн аталыштарын өзгөртүү жана “техникалык тейлөөчү кызматкерлер” тобуна кошумча 1 (бир) “Эсепчи” штаттык бирдик кошуп берүү жөнүндөгү катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-мартындагы №152 “Мамлекеттик органдардын юридикалык кызматы жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу” токтомуна, Кыргыз Республикасынын “Ош шаарынын статусу”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2019-жылдын 30-январындагы №5 жана 2019-жылдын 12-февралындагы №7 токтомдорун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаардык Кеңешинин 2018-жылдын 28-августундагы №134 “Ош шаарынын мэриясынын аппаратынын түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө” токтомунун тиркемелерине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
-№1 “Ош шаарынын мэриясынын аппаратынын штаттык саны” тиркемесиндеги техникалык тейлөөчү кызматкерлеринин штаттык бирдиги 11 санынан 12 санына алмаштырылсын; -№2 “Ош шаарынын мэриясынын аппаратынын түзүмү” тиркемесиндеги "Юристтер тобу" деген аталыш “Юридикалык кызмат”, "Аймактык кеңештердин иши боюнча адистер тобу" деген аталыш "Муниципалдык аймактык башкармалыктарды координациялоо тобу" деп өзгөртүлсүн жана техникалык тейлөөчү кызматкерлеринин тобундагы 11 саны 12 санына алмаштырылсын.
2. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б.Астанакулов) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Р.Раимбердиев) жүктөлсүн.
Тѳрага
Ж.Ормонов
Ош шаардык Кеңешинин 2019-жылдын 19-февралындагы кезектеги XIX сессиясынын №168 токтомунун 1-тиркемеси
Ош шаарынын мэриясынын аппаратынын штаттык саны
№ №
Кызматтык орундардын аталышы
Штаттык бирдиктердин саны
1.
Мэр
1
2.
Биринчи вице-мэр
1
3.
Вице-мэр
3
4.
Аппарат жетекчи
1
5.
Мэрдин кеңешчиси
1
6.
Мэрдин жардамчысы
1
7.
Бөлүм башчы
7
8.
Коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу
1
9.
Башкы адис
14
10.
Жетектөөчү адис
14
11.
Адис
7
Бардыгы:
51
12.
Техникалык тейлөөдө иштеген кызматкерлер
12
13.
Кенже тейлөөчү кызматкерлер
7
Бардыгы:
19
Жыйынтыгы:
70
Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси С.Маматалиева
Ош шаардык Кеңешинин 2019-жылдын 19-февралындагы кезектеги XIX сессиясынын №168 токтомунун 2-тиркемеси
Ош шаарынын мэриясынын аппаратынын түзүмү
Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси С.Маматалиева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 3
Цитата келтиргендер (1)
- Ош шаардык кеңешинин 2018-жылдын 28-августундагы № 134 “Ош шаарынын мэриясынын аппаратынын түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө” токтомуПостановление · 28.08.2018 · № 134 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-мартындагы № 152 "Мамлекеттик органдардын юридикалык кызматы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 14.03.2017 · № 152
- Ош шаардык кеңешинин 2018-жылдын 28-августундагы № 134 “Ош шаарынын мэриясынын аппаратынын түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө” токтомуПостановление · 28.08.2018 · № 134 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Ош шаарынын статусу жөнүндөЗакон · 12.12.2013 · № 219
- "Мамлекеттик органдардын юридикалык кызматы жөнүндө" ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-мартындагы № 152 токтому менен бекитилген)Положение · 14.03.2017 · № 152
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон