Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
«Кыргыз Республикасынын үрөнчүлүк чарбаларына мамлекеттик дотация берүү тартиби жөнүндө» ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген)
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 2 августа 2019 года № 397 "О мерах по реализации Закона Кыргызской Республики "О государственной дотации в семеноводстве"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2019-08-02.
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-августундагы № 397 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-мартындагы № 145 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын үрөнчүлүк чарбаларына мамлекеттик дотация берүү тартиби жөнүндө ЖОБО
1. Ушул Жобо мамлекеттик дотация берүү тартибин аныктайт:
- биринчи үрөнчүлүк ишин жүргүзүүчү экинчи топтогу үрөнчүлүк чарбаларга буудайдын, арпанын, беденин жана эспарцеттин суперэлита үрөндөрүн сатып алууга;
- биринчи үрөнчүлүк ишин жүргүзүүгө укук берилген үрөнчүлүк чарбалардан жана биринчи топтогу үрөнчүлүк чарбалардан элиталык буудайдын, арпанын, беденин жана эспарцеттин үрөнүн сатып алууда алардын кызыгуусун жогорулатуу үчүн сорттуу үрөндөрдү өндүрүүдө иш тажрыйбасы бар чарбалык субъекттерге жана экинчи топтогу үрөнчүлүк чарбаларына;
- экинчи репродукциядагы буудайдын сертификацияланган үрөнүн өндүрүүчү жана сатуучу үрөнчүлүк чарбаларына.
2. Мамлекеттик дотация республиканын үрөнчүлүк чарбаларына Кыргыз Республикасынын аймагында пайдаланууга уруксат берилген Өсүмдүктөрдүн сортторунун жана гибриддеринин мамлекеттик реестрине киргизилген сорттордун чарбалык-пайдалуу касиеттерин колдоо үчүн сорт жаңылоо жана сорт алмаштыруу процессин жүргүзүү максатында буудайдын, арпанын, беденин жана эспарцеттин сорттуу суперэлита жана элита үрөндөрүн өндүрүүчү жана сатуучу, ошондой эле экинчи репродукциядагы буудайдын сертификацияланган үрөндөрүн өндүрүүчү жана сатуучу биринчи үрөнчүлүк ишин жүргүзүүгө укук берилген республиканын үрөнчүлүк чарбаларына жана биринчи топтогу үрөнчүлүк чарбаларына 30 пайыздык өлчөмдө сарптоолордун ордун толтуруу үчүн арналат.
3. Буудайдын, арпанын, беденин жана эспарцеттин берилген суперэлита жана элита үрөндөрү үчүн мамлекеттик дотациянын өлчөмү учурдагы жылга республикалык бюджетте ушул максаттарга каралган каражаттардын чегинде айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
4. Мамлекеттик дотацияны төлөөгө бөлүнгөн акча каражатын пайдалануунун эсеби үрөнчүлүк чарбаларга карата жыл сайын айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан райондук жана райондор аралык экспертизациялоо борборлору аркылуу даярдаган актынын негизинде мамлекеттик финансыны башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет.
5. Буудайдын, арпанын, беденин жана эспарцеттин сорттуу суперэлита жана элита үрөндөрүн берүүгө квотаны бөлүштүрүү Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаменти (мындан ары - Департамент) менен бирдикте райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан түзүлгөн сорт жаңылоо жана сорт алмаштыруу планынын негизинде айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.
6. Сорт жаңылоо жана сорт алмаштыруу планы райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан Департамент менен бирдикте буудай, арпа, беде жана эспарцеттин үрөнчүлүгүнүн схемасына ылайык ар бир район жана өзүнчө ар бир үрөнчүлүк чарбаларынын абалына талдоо жүргүзүүнүн негизинде иштелип чыгат.
Сорттуу суперэлита үрөндөрүнүн түрлөрү боюнча квотаны бөлүүгө биринчи топтогу статусу бар үрөнчүлүк чарбалары үчүн гана жол берилет.
7. Буудайдын арпанын, беденин жана эспарцеттин сорттуу суперэлита жана элита үрөндөрүн биринчи жана экинчи топтогу үрөнчүлүк чарбаларга, ошондой эле сертификацияланган үрөндөрдү өндүрүүнүн практикалык тажрыйбасы бар республиканын башка чарбакер субъекттерине бөлүү райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктары жана Департамент тарабынан түзүлгөн сорт жаңыртуу жана сорт алмаштыруу планынын негизинде ишке ашырылат.
8. Буудайдын, арпанын, беденин жана эспарцеттин сертификацияланган суперэлита жана элита үрөндөрүн себүү үчүн берүүнүн милдеттүү шарты болуп керектүү сорттук жана сатуу документтери болгон учурда таңгакталган жана илдеттер менен зыянкечтерге каршы зыянсыздандырылган түрдө биринчи үрөнчүлүк жүргүзүү укугу берилген жана биринчи топтогу ар бир үрөнчүлүк чарбалардын аларды арналган жерине жеткизүүсү эсептелет.
9. Сорт жаңылоо жана сорт алмаштыруу процессин жүргүзүү максатында буудайдын, арпанын, беденин жана эспарцеттин суперэлита жана элита үрөндөрүн сатуучу биринчи үрөнчүлүк укугу берилген үрөнчүлүк чарбалар жана биринчи топтогу үрөнчүлүк чарбалар райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгына үрөн берүү боюнча тиешелүү документтерди беришет, анын ичинде:
- үрөн алуучулардын тизмесин;
- продукциянын көлөмүн жана бирдигинин баасын көрсөтүү менен ар бир алуучуга бериле турган товардык-транспорттук накладнойлордун көчүрмөлөрүн;
- райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын начальниги жана Департаменттин ыйгарым укуктуу кызмат адамы бекиткен ар бир алуучунун алган үрөндөрдү максаттуу колдонуусу жөнүндө актыны.
10. Ушул Жобонун 9-пунктунда аталган документтер райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан кылдат каралгандан кийин Департаментке жиберилет.
11. Ушул Жобонун 9-пунктунда аталган документтер сорт жаңылоо жана сорт алмаштыруу планына шайкеш келген учурда алар Департамент тарабынан айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберилет.
12. Үрөнчүлүк чарбаларга мамлекеттик дотация берүү же болбосо берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим үч жумуш күнүнүн ичинде айыл чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан кабыл алынат.
13. Үрөнчүлүк чарбаларга мамлекеттик дотация берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимди кабыл алуу үчүн негиз болуп берилген документтерде көрсөтүлгөн маалыматтын туура эместиги эсептелет.
Үрөнчүлүк чарбага мамлекеттик дотация берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда тиешелүү кат жүзүндөгү билдирүү жиберилет.
14. Ушул Жобонун 9-пунктунда аталган документтерде берилген маалыматтын тууралыгы үчүн жоопкерчиликти ушул документтерди берген үрөнчүлүк чарба тартат.
15. Мамлекеттик дотацияны берүү республиканын финансы-кредиттик мекемелеринде ачылган дотация алуучу-үрөнчүлүк чарбалардын алыш-бериш эсебине акча каражатын айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан которуу жолу менен жүргүзүлөт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (1)
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-августундагы № 397 "Үрөнчүлүктөгү мамлекеттик дотация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуПостановление · 02.08.2019 · № 397 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-мартындагы № 145 "Кыргыз Республикасында үрөнчүлүктү өнүктүрүүнү мамлекеттик колдоо чаралары жөнүндө" токтомуПостановление · 13.03.2017 · № 145
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 2-февралындагы № 41-б "2018-жылы сезондуу талаачылык айыл чарба жумуштарын жүргүзүү боюнча иш-чаралар планын жактыруу жөнүндө" буйругуРаспоряжение · 02.02.2018 · № 41-б · Күчүн жоготкон