Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «2018-жылы сезондуу талаачылык айыл чарба жумуштарын жүргүзүү боюнча иш-чаралар планын жактыруу жөнүндө» буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Распоряжение Кабинета Министров КР от 11 февраля 2022 года № 57-р (О признании утратившими силу распоряжения Правительства Кыргызской Республики)» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2018-02-02.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2018-жылдын 2-февралы № 41-б Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, 2018-жылы сезондуу талаачылык айыл чарба жумуштарын өз убагында жана уюшкандыкта өткөрүүдө айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. 2018-жылы сезондуу талаачылык айыл чарба жумуштарын жүргүзүү боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - Иш чаралар планы) 1-тиркемеге ылайык жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги сунуштаган 2018-жылдын түшүмүн алуу үчүн эгилүүчү айыл чарба өсүмдүктөрүнүн аянттарынын түзүмүн 2-тиркемеге ылайык аткарууга кабыл алышсын.
3. Кыргыз Республикасынын Нефтетрейдерлер ассоциациясына 2018-жылы сезондуу талаачылык айыл чарба жумуштарын жүргүзүүдө айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн пайдалануулары үчүн нефтебазаларда жана май куюучу жайларда дизель отунун жана башка күйүүчү-майлоочу материалдарды 3-тиркемеге ылайык көлөмдө топтоо сунушталсын.
4. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги жогоруда аталган Иш-чаралар планын ишке ашыруу боюнча жасалган иштер жөнүндө жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына төмөндөгү мөөнөттөрдө берсин:
- жазгы-талаа жумуштарынын бүткөрүлүшү жөнүндө 2018-жылдын 15-июлуна чейин;
- айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноо жумуштарынын бүткөрүлүшү жөнүндө - 2018-жылдын 15-ноябрына чейин;
- кылкандуу дан эгиндеринин күздүк себилишинин аякталышы жөнүндө - 2018-жылдын 25-декабрына чейин.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
С. Дж. Исаков
1-тиркеме 2018-жылы сезондуу талаачылык айыл чарба жумуштарын жүргүзүү боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
№
Максаттар
Коюлган максаттарды аткаруу боюнча иш-чаралар
Индикатор - күтүлүүчү натыйжа
Ишке ашыруу мөөнөтү
Жооптуу аткаруучулар
Каржылоо булактары
1-компонент. Айыл чарбасын жүргүзүү методдорун өркүндөтүү жана жаңы технологияларды киргизүү
1
Айылдык товар өндүрүүчүлөрдү окутуу
"Органикалык айыл чарбасы" темасында айылдык товар өндүрүүчүлөр үчүн окутуучу семинарларды өткөрүү
Айыл чарбасынын органикалык методунун артыкчылыктары жөнүндө маалымдуулук деңгээлин жогорулатуу
2018-жылдын I кварталы
АЧТММ, КРӨнүн облустардагы өкүлдөрү, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
АЧТММнын, КРӨнүн облустардагы өкүлдөрүнүн, ЖМАнын жана донор уюмдардын (макулдашуу боюнча) каражаттарынын эсебинен
Топуракка анализ жүргүзүүнү кошкондо дыйканчылыктын топурак жана сууну үнөмдөөчү методдору боюнча айылдык товар өндүрүүчүлөр арасында окутуучу семинарларды өткөрүү
Жерлердин кунарынын кетишинин алдын алуу, кыртыштардын абалын жакшыртуу
2018-жылдын I кварталы
АЧТММ, КРӨнүн облустардагы өкүлдөрү, ЖМА
АЧТММнын, КРӨнүн облустардагы өкүлдөрүнүн, ЖМАнын жана донор уюмдардын (макулдашуу боюнча) каражаттарынын эсебинен
2
Кошумча нарк чынжырчасында башкаруу методдору жөнүндө билимдерди жайылтуу
Кооперациянын артыкчылыктары жана агробизнес концепциясынын мазмуну жөнүндө айылдык товар өндүрүүчүлөргө маалымдоо
Айыл чарба өндүрүшүн башкарууга жаңы ыкмаларды киргизүү
2018-жылдын I кварталы
АЧТММ, КРӨнүн облустардагы өкүлдөрү, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ЖМК (макулдашуу боюнча)
АЧТММнын, КРӨнүн облустардагы өкүлдөрүнүн, ЖМАнын жана донор уюмдардын (макулдашуу боюнча) каражаттарынын эсебинен
3
Себүү аянттарынын түзүмүн жана айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү боюнча адистештирүүнү оптималдаштыруу
Айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү боюнча региондорду адистештирүүнү КРӨнүн облустардагы өкүлдөрү менен макулдашып иштеп чыгуу
Региондор боюнча агрардык тармакты өнүктүрүүнүн артыкчылыктарын аныктоо, экспорттук потенциалды жогорулатуу
2018-жылдын I кварталы
АЧТММ, КРӨнүн облустардагы өкүлдөрү, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
АЧТММнын, КРӨнүн облустардагы өкүлдөрүнүн, ЖМАнын каражаттарынын эсебинен
Бардык региондордун айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө айыл чарба өсүмдүктөрүн адистештирүү боюнча сунуштамаларды берүү
Базардын суроо талаптарына багыттоо менен жогорку кирешелүү айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү
2018-жылдын I кварталы
АЧТММ, КРӨнүн облустардагы өкүлдөрү, ЖМА, ЖМК (макулдашуу боюнча)
АЧТММнын, КРӨнүн облустардагы өкүлдөрүнүн, ЖМАнын каражаттарынын эсебинен
4
Органикалык айыл чарба методдорун илгерилетүүгө практикалык жактан көмөк көрсөтүү
Түздөн-түз өндүрүштө иштеген же органикалык айыл чарба өндүрүшүнүн методдорун жана практикаларын жайылтып жаткан чарбалык субъекттерге, илимий-өндүрүштүк мекемелерге жана илимий кызматкерлерге маалыматтык жана уюштуруучулук колдоо көрсөтүү
Айыл чарба чөйрөсүндө топтолгон потенциалды пайдалануу жана айыл чарбасындагы органикалык жана агроэкологиялык ыкмалардын принциптери жана артыкчылыктары менен калктын кеңири чөйрөсүн тааныштыруу
Дайыма
АЧТММ, КРӨнүн облустардагы өкүлдөрү, ЖМА, ЖМК (макулдашуу боюнча)
АЧТММнын, КРӨнүн облустардагы өкүлдөрүнүн, ЖМАнын жана донор уюмдардын (макулдашуу боюнча) каражаттарынын эсебинен
2-компонент. Жазгы-талаа жумуштарына даярдык көрүү жана жүргүзүү
5
Айылдык товар өндүрүүчүлөрдү себүү материалдары менен камсыздоодо мамлекеттик колдоо көрсөтүү
Республикалык мамлекеттик үрөн фондусуна айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн өтүнмөлөрүнө жана Товардык кредиттерди бөлүштүрүү боюнча республикалык комиссиянын чечимине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-ноябрындагы № 656 "Мамлекеттик зайымдык каражаттарды бөлүүнүн, эсепке алуунун жана кайтарууну камсыз кылуунун механизмдерин өркүндөтүү жөнүндө" токтомуна ылайык 2018-жылы жазгы себүүгө пайдалануу үчүн сертификатталган жаздык буудай, жаздык арпа, пахта, беде, эспарцет, биринчи муундагы жүгөрүнүн гибриддерин, ошондой эле уруктук картөшкөнүн үрөндөрүн жалпы 1000-1500 тонна көлөмдө топтоо:
- үрөнчүлүк чарбаларда сорт жаңыртуу жана сорт алмаштыруу үчүн суперэлита жана элита үрөнүн;
- дыйкандарда жана фермерлерде үрөндүн тартыштыгын толуктоо үчүн биринчи жана экинчи репродукциядагы сортторду жана биринчи муундагы жүгөрүнүн гибриддерин
Айыл чарба өсүмдүктөрүн жаздык себүүнүн белгиленген программасын аткаруу Y'lYH шарттарды түзүү; үрөнчүлүк чарбаларда сорт жаңыртуу жана сорт алмаштыруу үчүн шарттарды түзүү
2018-жылдын I кварталы
Үрөнчүлүк чарбалар (макулдашуу боюнча), айыл чарба кооперативдери (макулдашуу боюнча), АЧТММ, ФМ
10 жылдык мөөнөткө техника түрүндө берилген кредиттерди кошпогондо үрөнчүлүк чарбалардын жана айыл чарба кооперативдеринин мамлекеттик зайымдык каражаттар боюнча карыздарын жоюунун эсебинен
Мамлекеттик үрөн фондусунда топтолгон үрөндү себүү кондициясына жеткирүү
Үрөндү себүүгө колдонуу мүмкүнчүлүгүн түзүү
2018-жылдын I жана II кварталы
Үрөнчүлүк чарбалар (макулдашуу боюнча), айыл чарба кооперативдери (макулдашуу боюнча), АЧТММ
Үрөнчүлүк чарбалардын жана айыл чарба кооперативдеринин каражаттарынын эсебинен
Мамлекеттик үрөн фондусунда топтолгон кондицияланган үрөндү үрөн алуучулар менен кредиттик келишимдерди жана күрөөлүк макулдашууларды түзүү аркылуу бөлүштүрүү, аларды андан ары үрөнчүлүк чарбаларга берүү
Жаңы жогорку түшүмдүү сортторду жана гибриддерди өндүрүшкө киргизүү:
- фермерлерге айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сертификатталган үрөнүнө жетүүгө мүмкүндүк алуусу;
- үрөндүк жана өндүрүштүк себүүлөрдүн түшүмдүүлүгүн жогорулатуу
2018-жылдын I жана II кварталы
АЧТММ, ФМ
Үрөнчүлүк чарбалардын жаздык себүүгө үрөн берүүсү республикалык мамлекеттик үрөн фондусунда топтолгон беденин жана эспарцеттин үрөнүн алуучуларга 2019-жылдын 1-мартына чейин төлөө мөөнөтү менен пайызсыз товардык кредит шарттарында ишке ашырылат, - кредитти төлөө мөөнөтү 2019-жылдын 1-декабрына чейин белгиленет. Мында Нарын облусунун бийик тоолуу райондорунун, Ош облусунун Алай, Кара-Кулжа жана Чоң-Алай райондорунун, Жалал-Абад облусунун Токтогул, Тогуз-Торо жана Чаткал райондорунун, Чүй облусунун Жайыл районунун Суусамыр айыл аймагынын айылдык товар өндүрүүчүлөрү, ошондой эле Баткен облусунун Баткен, Кадамжай жана Лейлек райондорунун, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу, Жети-Өгүз, Ысык-Көл, Тоң жана Түп райондорунун бийик тоолуу, алыскы жана барууга кыйын болгон зоналарында жайгашкан калктуу конуштардагы айылдык товар өндүрүүчүлөрү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 25-июнундагы № 377 "Кыргыз Республикасынын алыскы зоналарында жана бийик тоолуу райондорунда жашаган жана иштеген жактарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" токтомуна ылайык ишке ашырылат
Республикалык мамлекеттик үрөн фондусунда топтоо тартибинде үрөнчүлүк чарбаларга себүү үчүн берилүүчү суперэлита, элита, биринчи жана экинчи репродукциядагы жаздык буудай, жаздык арпа, пахта, беде, эспарцет, биринчи муундагы жүгөрүнүн гибриддеринин, ошондой эле уруктук картөшкөнүн үрөндөрүнө сатуу баасын белгилөө
Пайызсыз товардык кредит тартибинде республикалык үрөн базарында түзүлгөн реалдуу баалар менен аларды эгүү үчүн сатып алуучуларга шарт түзүү
2018-жылдын 1-мартына чейин
Монополияга каршы агенттик, АЧТММ
Талап кылынбайт
6
Айылдык товар өндүрүүчүлөрдү айыл чарба техникалары менен камсыздоодо жана аларга оңдоо иштерин уюштурууда, ошондой эле электр энергиясы, күйүүчү- майлоочу материалдар менен камсыздоодо мамлекеттик колдоо көрсөтүү
Кыргыз Республикасынын чарбалык субъекттерине тракторлорду, эгин жыйноочу комбайндарды жана айыл чарба техникаларынын башка түрлөрүн лизингге 260-300 санда берүү боюнча долбоорлорду тике ашырууну камсыз кылуу
Машина-трактордук парктарды жаңылоо жана толуктоо
2018-жылдын ичинде
"Айыл Банк" ААКы, (макулдашуу боюнча) АЧТММ, ЖМА
ЕАБРдин кредиттик каражаттарынын, "1;2;3;4-Мамлизинг" долбоорлорунун эсебинен түзүлгөн "Айыл Банк" ААКнын лизингдик фонддун каражатынын эсебинен
Себүүчү, жерди кайра иштетүүчү, тазалоочу, транспорттук жана жүк өлчөөчү айыл чарба техникаларын өз убагында жана сапаттуу оңдоо
Айыл чарба талаачылык жумуштарын механикалаштыруу деңгээлин көтөрүү
2018-жылдын март-апрели
ЖМА, АЧТММ агротехникалык жана техникалык сервистик кызматтар (макулдашуу боюнча)
Айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн каражатынын жана кредиттик каражаттын эсебинен
Талаа скважиналарынын, насостук станциялардын, кырмандардын, кайра иштетүүчү ишканалардын, ошондой эле техникалык жана агротехникалык сервистердин иштеши үчүн электр энергиясын үзгүлтүксүз берүүнү камсыздоо
Талаа скважиналарынын, насостук станциялардын, кырмандардын, кайра иштетүүчү ишканалардын, ошондой эле техникалык жана агротехникалык сервистердин үзгүлтүксүз иштеши үчүн шарттарды түзүү
2018-жылдын ичинде
ЖМА, АЧТММ, "Түндүкэлектр" (макулдашуу боюнча), "Чыгышэлектр" (макулдашуу боюнча), "Жалал- Абадэлектр" (макулдашуу боюнча), "Ошэлектр" ААКтары (макулдашуу боюнча) менен бирдикте
"Түндүкэлектр", "Чыгышэлектр", "Жалал-Абадэлектр", "Ошэлектр" ААКлары менен түзүлгөн келишимдердин шарттарында
2018-жылы сезондуу талаачылык иштерин жүргүзүүдө айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн колдонуулары үчүн нефти базаларда жана май куюучу станцияларда күйүүчү-майлоочу материалдарды топтоону камсыздоо
Бардык сезондуу талаачылык айыл чарба иштерин үзгүлтүксүз аткаруу үчүн дыйкандардын жана фермерлердин күйүүчү-майлоочу материалдарды сатып алууга жетиши
2018-жылдын ичинде, себүү жана жыйноо жумуштарынын башталышына карата
АЧТММ менен Кыргыз Республикасынын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын ортосундагы биргелешкен меморандумда аныкталган шарттарда
Кыргыз Республикасынын Нефтетрейдерлер ассоциациясы сунуш кылган баада күйүүчү-майлоочу материалдардын бардык түрүн республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнүн каражаттарынын эсебинен сатып алуу
7
Сугат суу менен камсыздоо боюнча иш-чараларды аткаруу жана сугат тармактарын, гидротехникалык курулмаларды вегетация мезгилине даярдоо
Мамлекеттик сугат тармактарын жана гидротехникалык курулмаларды оңдоп-түзөө
Сугат тармактарын, гидротехникалык курулмаларды натыйжалуу эксплуатациялоого шарттарды түзүү
2018-жылдын 1-майына чейин
АЧТММ, ФМ
Каралган бюджеттик каражаттардын жана Финансы министрлиги тарабынан 2018-жылдын биринчи жарым жылдыгында бөлүнгөн 80% сумманын эсебинен
Ички чарбалык сугат тармактарын жана гидротехникалык курулмаларды жергиликтүү калкты тартып, "ашар" методу менен оңдоп-түзөө
Дыйкандарды жана фермерлерди өз убагында сугат суу менен камсыздоо
2018-жылдын март-апрели
ЖМА, СПА (макулдашуу боюнча), жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча)
СПАнын каражаттарынын эсебинен
Бардык суу тармактарында жана сугат объекттеринде сугат суусун максималдуу топтоо боюнча иш-чараларды аткаруу
Вегетациялык сугаттарды жана ным топтоону үзгүлтүксүз уюштуруу үчүн шарттарды түзүү
2018-жылдын ичинде
АЧТММ, СПА (макулдашуу боюнча), жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча)
АЧТММнын жана СПАнын каражатынын эсебинен
Күздүк кылкандуу дан эгиндерине, көп жылдык чөптөргө, мөмө-жемиштерге ным топтоочу сугат иштерин жүргүзүү
Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн жогорулатуу
2018-жылдын февраль-апрели
АЧТММ, СПА (макулдашуу боюнча), жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча)
Айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн каражаттарынын эсебинен
8
Көп жылдык бак-дарактарды отургузуу аянттарын кеңейтүү
Жолдун, арыктын, каналдын боюна коргоочу тилкени түзүү үчүн көп жылдык бак-дарактарды - мөмө берүүчү бактын көчөттөрүн, ошондой эле тал-теректерди, кара жыгачтарды отургузуу боюнча бир айлыкты өткөрүү
Талааларды аба-ырайынын катаал шарттарынан сактоо, курулуш материалдарынын запасын топтоо, мөмө берүүчү бактардын аянттарын кеңейтүү
2018-жылдын март-апрели
ЖМА, дыйкандар жана фермерлер (макулдашуу боюнча), жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча)
Жергиликтүү бюджеттин каражатынын эсебинен
Топурактын бонитети - 21-40 баллдан төмөн болгон айдоо жерлерине мөмө-жемиш бактарын отургузуу
Мөмө жана жемиштерди өндүрүүнү көбөйтүүгө шарт түзүү
2018-жылдын март-апрели
АЧТММ, ЖМА
Айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн каражаттарынын эсебинен
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-мартындагы № 145 токтомун ишке ашыруу боюнча ишти күчөтүү
Пайдаланбаган жерлерди өздөштүрүү; тамчылатып сугаруу системасын колдонуу аянтын кеңейтүү
2018-2019-жылдар
КРӨнүн облустардагы өкүлдөрү, ЖМА жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашуу боюнча
Талап кылынбайт
9
Айылдык товар өндүрүүчүлөрдү минералдык жер семирткичтер менен керектүү көлөмдө камсыздоо
КРӨнүн жана УРӨнүн ортосундагы өкмөттөр аралык Макулдашууга ылайык жана трейдерлер аркылуу Кыргыз Республикасына 25,0-50,0 миң тонна көлөмдө азоттук жана башка минералдык жер семирткичтерди алып келүүнү жана топтоону камсыздоо
Республиканын базарларын азоттук жана башка минералдык жер семирткичтер менен жетиштүү көлөмдө толтуруу
2018-жылы I кварталы
ММРФ, Кыргыз Республикасына минералдык жер семирткичтерди алып келүүчүлөр (трейдерлер)
ММРФнын өздүк каражатынын жана Кыргыз Республикасына минералдык жер семирткичтерди алып келүүчүлөрдүн (трейдерлер) эсебинен
3-компонент. Өстүрүлгөн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноо
10
Өстүрүлгөн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн өз убагында жана уюшкандыкта жыйноо
Облустар, райондор, айыл аймактары боюнча кылкандуу дан эгиндерин оруп-жыйноо графигин жана эгиндин бышканын эске алып эгин оруучу комбайндардын маршруттук схемасын иштеп чыгып, бекитүү
Оруп-жыйноо техникаларын максималдуу натыйжалуу пайдалануу менен оруп-жыйноо иштерин макулдашып жүргүзүү
2018-жылдын июнь-июлу
КРӨнүн облустардагы өкүлдөрү, ЖМАлардын башчылары, АЧТММ жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашуу боюнча
Талап кылынбайт
Болгон оруп-жыйноочу, тараза жана дан тазалоочу техникаларды оңдоо иштерин өз убагында камсыздоо, өстүрүлгөн айыл чарба өсүмдүгүн кабыл алууга жана кайра иштетүүгө кырмандарды, кампаларды даярдоо, өстүрүлгөн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн толук сакталышын камсыздоо
Өстүрүлгөн түшүмдү өз убагында кабыл алуу жана сактоо
2018-жылдын май-июлу
КРӨнүн облустардагы өкүлдөрү, ЖМАнын башчылары, АЧТММ жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашуу боюнча
Айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн каражаттарынын эсебинен
Айыл чарба өсүмдүктөрүн оруп-жыйноо мезгилинде тартылган айыл чарба техникаларын жана транспорттук каражаттарды оңдоо жана техникалык тейлөө боюнча мобилдүү сервистик кызматтардын үзгүлтүксүз иштешин уюштуруу
Пландалган мөөнөттө аз коромжу менен оруп-жыйноо иштерин жүргүзүү
Дайыма
ЖМА башчылары, АЧТММ жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашуу боюнча
КРӨнүн облустардагы өкүлдөрүнүн, ЖМАнын каражаттарынын эсебинен
Эгин оруп-жыйноочу комбайндарды жана транспорттук каражаттарды өрткө каршы инвентарлар менен камсыздоо, ошондой эле талааларда, кырмандарда, чөп үймөктөрүндө жана башка айыл чарба продукцияларын сактоо жана кайра иштетүү жерлеринде зарыл болгон өрткө каршы чараларды так сактоо
Жыйналган түшүмдү сактоо
Дайыма
КРӨнүн облустардагы өкүлдөрү, ЖМАнын башчылары, АЧТММ жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашуу боюнча
Айылдык товар өндүрүүчүлөрүнүн каражатынын эсебинен
Талаада үзгүлтүксүз иштөө үчүн тартылган комбайнерлерге бардык шарттарды түзүү менен кеч бышкан кылкандуу дан өсүмдүктөрүн тез оруп жыйноо үчүн максималдуу түрдө көп санда эгин оруп-жыйноочу комбайндарды тартуу менен өз ара алмашуу тартибинде ишти уюштуруу
Белгиленген мөөнөттө өз убагында оруп жыйноо иштерин өткөрүү үчүн болгон оруп-жыйноочу техникаларды оптималдуу пайдалануу
2018-жылдын июль-сентябры
КРӨнүн облустардагы өкүлдөрү, ЖМАнын башчылары, АЧТММ жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашуу боюнча
Айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн каражатынын эсебинен
11
Аштык буудайдын мамлекеттик резервин толуктоо
2018-жылдын түшүмүнөн 10,0 миң тонна аштык буудайды сатып алуу
Дыйкандардын жана фермерлерди материалдык колдоо
2018-жылдын июль-декабры
ММРФ, ФМ
10,0 миң тонна аштык буудайды сатып алууга республиканын райондору боюнча квотаны иштеп чыгуу жана бекитүү
Мамлекеттик резервди балансталган толуктоо
2018-жылдын 15-июлуна чейин
АЧТММ КРӨнүн облустардагы өкүлдөрү жана ЖМА менен бирдикте
Талап кылынбайт
ММРФ тарабынан сатып алынып жаткан сапаты үчүнчү класстан төмөн болбогон аштык буудайдын сатып алуу баасын аныктоо
Фермерлердин кыйла жогорку сапаттагы данды өндүрүүгө кеткен чыгымдарын эсептөө
2018-жылдын 1-августуна чейин
Монополияга каршы агенттик, АЧТММ
Талап кылынбайт
12
Кант кызылчасын өндүрүүчүлөргө жана кайра иштетүүчүлөргө жеңилдетилген шарттарды түзүү
Кант кызылчасын жана кумшекерди ички республикалык ташууда жеңилдетилген тарифти коюу
Кант кызылчасын өндүрүүчү фермерлер жана кайра иштетүүчүлөр үчүн кант кызылчасын ташуудагы чыгымдарын азайтуу
2018-жылдын 1-октябрынан 31-декабрына чейин
"Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" МИси, ФМ
Республикалык бюджеттин жана "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" МИсинин каражаттарынын эсебинен
Кант кызылчасын кабыл алуучу пункттардан кайра иштетүүчү жайларга ташуу үчүн вагондорду бөлүп берүү
Кант кызылчасын сактоого жана аны эртерээк кайра иштетүүгө, ошондой эле кызылча өстүрүүчү фермерлерге шекер менен төлөп берүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү
2018-жылдын сентябрь-декабры
"Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" МИси кант кызылчасын кайра иштетүүчүлөрдүн өтүнмөлөрүнүн негизинде
"Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" МИсинин каражаттарынын эсебинен
"Кайыңды-Кант" ААК менен түзүлгөн келишимдердин негизинде кант кызылчасын кабыл алуу жана кайра иштетүү мезгилинде айып санкцияларысыз, жүктөөгө жана түшүрүүгө пайдаланылуучу вагондордун ишсиз токтоп туруусунун экономикалык жактан негизделген ченемдерин белгилөө
Кант кызылчасын ташууга жана сактоого ыңгайлуу шарттарды түзүү
Кант кызылчасын кабыл алуу жана кайра иштетүү мезгилине
"Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" МИси
"Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" МИсинин каражаттарынын эсебинен
4-компонент. 2019-жылдын түшүмү үчүн дан өсүмдүктөрүн күзгү себүүгө даярдык көрүү жана жүргүзүү
13
2017-жылга салыштырганда күздүк буудайды себүү аянтын 15-20%га көбөйтүү зарылдыгын эске алуу менен 2019-жылдын түшүмү үчүн күздүк кылкандуу дан өсүмдүктөрүн себүүгө сунушталуучу түзүмүнүн долбоорун иштеп чыгуу
2019-жылдын түшүмү үчүн күздүк кылкандуу дан өсүмдүктөрүн себүү аянтынын сунушталган түзүмүнүн долбоорун облустар жана райондор боюнча иштеп чыгуу
Күздүк кылкандуу дан өсүмдүктөрүн себүү жаздык кылкандуу дан өсүмдүктөрүн себүүгө салыштырганда түшүмдүүлүктү 20-30%га жогорулатууну камсыз кылат
2018-жылдын 25-августуна чейин АЧТММга берүү менен
КРӨнүн облустардагы өкүлдөрү, ЖМА, АЧТММ
Талап кылынбайт
14
Айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн күздүк буудай жана күздүк арпа үрөндөрү менен камсыз кылууда мамлекеттик колдоо
2018-жылдын күздүк себүүсүнө колдонуу үчүн республикалык мамлекеттик үрөн фондуна сертификатталган күздүк буудайдын жана күздүк арпанын үрөндөрүн топтоо:
- үрөнчүлүк чарбаларында сорт жаңылоо жана сорт алмаштыруу үчүн суперэлита жана элита сортторун;
- дыйкандарда жана фермерлерде жетишпеген үрөндөрүн толуктоо үчүн биринчи жана экинчи репродукциядагы үрөндөрдү
Шарт түзүү:
- кылкандуу дан өсүмдүктөрүн күздүк себүүнүн белгиленген программасын аткаруу үчүн;
- республиканын үрөнчүлүк чарбаларында сорт жаңылоо жана сорт алмаштыруу үчүн шарттарды түзүү
2018-жылдын август-октябры
Үрөнчүлүк чарбалар (макулдашуу боюнча), айыл чарба кооперативдери (макулдашуу боюнча), АЧТММ, ФМ
Үрөнчүлүк чарбалардын жана айыл чарба кооперативдеринин мамлекеттик зайымдык каражаттар боюнча карызын төлөөнүн эсебинен
Мамлекеттик үрөн фондунда чогулган үрөндөрдү себүү кондициясына жеткирүү
Себүүгө сертификатталган сорттордогу үрөндү колдонууга мүмкүндүк берүү
2018-жылдын сентябрь-октябры
Үрөнчүлүк чарбалар (макулдашуу боюнча), айыл чарба кооперативдери (макулдашуу боюнча), АЧТММ
Үрөнчүлүк чарбалардын жана айыл чарба кооперативдеринин каражаттарынын эсебинен
Мамлекеттик үрөн фондунда топтолгон кондициялык үрөндөрдү үрөн алуучулар менен кредиттик келишимдерди жана күрөөлүк макулдашууларды түзүү аркылуу үрөн чарбаларынан бөлүштүрүү
Өндүрүшкө түшүмдүүлүгү жогорку жаңы сортторду киргизүү;
- фермерлердин сертификатталган үрөндөр менен камсыз болуусу;
- үрөндүк жана өндүрүштүк себүүлөрдүн түшүмдүүлүгүн жогорулатуу
2018-жылдын сентябрь-октябры
АЧТММ, ФМ, товардык кредиттерди бөлүштүрүү боюнча республикалык жана райондук мамлекеттик комиссиялар
Үрөнчүлүк чарбалардын үрөндү берүүсү пайызсыз товардык кредитти 2018-жылдын 1-декабрына чейинки мөөнөттө төлөө шарты менен жүргүзүлөт
Күзгү буудай жана күзгү арпанын суперэлита, элита, биринчи жана экинчи репродукция сортторундагы үрөндөрдү сатып алуу баасын белгилөө
Үрөнчүлүк чарбалардын жана фермерлердин сертификатталган үрөндөрдү реалдуу рыноктук баада сатып алуусун камсыздоо
2018-жылдын 1-августуна чейин
Монополияга каршы агенттик, АЧТММ
Талап кылынбайт
15
Күздүк кылкандуу дан эгиндеринин түшүмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган чараларды ишке ашыруу
Ысык-Көл облусунда 2018-жылы жыйналган түшүмдөн күздүк буудайдын үрөндөрүнүн өтмө фондун түзүү
Күздүк буудайды оптималдуу агротехникалык мөөнөттө себүүнү камсыздоо
2018-жылдын сентябрь-октябры
КРӨнүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү, ЖМА, АЧТММ, Ысык-Көл облусунун үрөнчүлүк чарбалары жана айыл чарба кооперативдери (макулдашуу боюнча)
Ысык-Көл облусунун жергиликтүү бюджетинин, үрөнчүлүк чарбаларынын жана айыл чарба кооперативдеринин каражаттарынын эсебинен
Сугат жерлердин жалпы себүү аянтынын 70%дан кем эмесин айдоо алдындагы сугаруу менен күздүк буудай себүү
Күздүк буудайдын түшүмдүүлүгүн жогорулатуучу маанилүү резерв
2018-жылдын сентябрь-ноябры
КРӨнүн облустардагы өкүлдөрү, ЖМА, АЧТММ жана республиканын фермерлери (макулдашуу боюнча)
Айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн каражаттарынын эсебинен
Кыскартуулардын тизмеси
АЧТММ
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги;
ФМ
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги;
КРӨнүн облустардагы өкүлдөрү
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү;
ЖМА
жергиликтүү мамлекеттик администрациялар;
ЖӨБО
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;
Монополияга каршы агенттик
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги;
ММРФ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду;
СПА
Кыргыз Республикасынын Суу пайдалануучулар ассоциациясы;
ЖМК
Жалпыга маалымдоо каражаттары
2-тиркеме 2018-жылдын түшүмүн алуу үчүн эгилүүчү айыл чарба өсүмдүктөрүнүн аянттарынын ТҮЗҮМҮ ЖАНА КУРАМЫ (миң га)
Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн аталышы
Республика боюнча
Жалпы аянтка карата %
Анын ичинен облустар боюнча
Баткен
Жалал-Абад
Ысык-Көл
Нарын
Ош
Талас
Чүй
Бардык айдоо аянттары
1211,7
100
63,3
154,3
192,1
102,6
178,1
104,8
416,5
Бардык дан эгиндери жана чанактуу өсүмдүктөр
616,6
50,9
39,1
64,6
88,1
24,1
90,6
67,4
243,0
а.и. буудай
255,4
21,0
12,1
18,5
57,2
7,8
43,4
5,0
110,3
арпа
187,4
15,5
11,3
6,5
29,9
16,2
19,0
1,8
102,7
дандык жүгөрү
103,0
8,5
10,7
33,9
0,055
25,0
4,8
28,6
чанактуу дан өсүмдүктөрү
59,7
4,9
1,9
0,8
0,6
-
55,8
0,8
башка дан өсүмдүктөрү
12,0
1,0
3,1
4,7
0,4
0,025
3,2
0,015
0,6
Кант кызылчасы
18,0
1,5
-
-
-
-
-
0,55
17,45
Пахта
24,5
2,0
0,013
12,7
11,8
-
-
Тамеки
0,94
0,08
0,3
0,1
-
-
0,54
-
-
Май өсүмдүктөрү
31,1
2,6
1,3
13,1
-
-
5,6
0,3
10,8
Картөшкө
84,0
6,9
2,6
9,4
27,8
6,3
13,2
13,5
11,2
Жашылча
52,0
4,3
3,3
11,5
2,6
0,5
9,5
3,9
20,7
Бакча өсүмдүктөрү
11,65
1,0
0,2
3,8
3,2
0,05
4,4
Жалпы тоют өсүмдүктөрү
373,2
30,8
16,5
39,3
73,6
71,7
43,7
19,1
109,4
3-тиркеме 2018-жылы сезондуу талаачылык айыл чарба жумуштарын жүргүзүүдө айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн пайдалануулары үчүн республикада зарыл болгон дизель отунун жана күйүүчү-майлоочу материалдарынын башка түрлөрүн топтоо КӨЛӨМҮ (тонна)
Облустардын аталышы
Дизель отуну
Автобензин
Дизель майы
Мотор майлары
Бардыгы
анын ичинде
Бардыгы
анын ичинде
Бардыгы
анын ичинде
Бардыгы
анын ичинде
жазгы талаа иштерине
оруп-жыйноо иштерине
күзгү талаа иштерине
жазгы талаа иштерине
оруп-жыйноо иштерине
күзгү талаа иштерине
жазгы талаа иштерине
оруп-жыйноо иштерине
күзгү талаа иштерине
жазгы талаа иштерине
оруп-жыйноо иштерине
күзгү талаа иштерине
Республика
92653
40586
33971
18096
29653
11476
11920
6257
5000
2114
2000
886
2694
1210
956
528
Баткен
5058
3148
1602
308
3560
1968
1335
256
356
197
134
26
214
118
80
15
Жалал-Абад
13418
5918
5500
2000
3604
1468
1636
500
510
160
200
150
229
106
78
45
Ысык-Көл
12170
5993
5662
522
2735
871
1528
336
378
163
202
13
129
47
70
12
Нарын
3759
1962
1797
-
463
225
237
-
106
54
52
-
52
23
29
-
Ош
14177
6310
5448
2420
4190
1716
1512
962
1179
575
414
191
947
483
314
150
Талас
7472
4528
2730
214
739
280
386
73
535
359
158
19
51
28
18
5
Чүй
36591
12727
11232
12632
14396
4980
5286
4130
1933
606
840
487
1068
401
367
301
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (6)
- Кыргыз Республикасынын "Айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндөЗакон · 26.05.2009 · № 166
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйруктарын күчүн жоготту деп таануу тууралуу) ТескемесиРаспоряжение · 11.02.2022 · № 57-р
- Постановление Правительства КР от 25 июня 1997 года № 377 "Об оказании государственной поддержки лицам, проживающим и работающим в высокогорных и отдаленных зонах Кыргызской…Постановление · 25.06.1997 · № 377 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-ноябрындагы № 656 "Мамлекеттик зайымдык каражаттарды бөлүүнүн, эсепке алуунун жана кайтарууну камсыз кылуунун механизмдерин өркүндөтүү жөнүндө" токтомуПостановление · 18.11.2014 · № 656 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-мартындагы № 145 токтомуПостановление · 13.03.2017 · № 145
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- "Кыргыз Республикасынын үрөнчүлүк чарбаларына мамлекеттик дотация берүү тартиби жөнүндө" ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-мартындагы № 145 токтому менен…Положение · 13.03.2017 · № 145 · Күчүн жоготкон