Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 17-октябрындагы № 706 „Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, Кыргыз Республикасынын аскердик башка түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскер кызматы каралган мамлекеттик органдардын аскер кызматчыларынын азык-түлүк паегунун нормалары жөнүндө“ токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтому
КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 16-февралындагы № 44 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТОТ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 9-февралы № 87 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 17-октябрындагы № 706 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, Кыргыз Республикасынын аскердик башка түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскер кызматы каралган мамлекеттик органдардын аскер кызматчыларынын азык-түлүк паегунун нормалары жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын мөөнөттүү кызматынын аскер кызматчыларынын азык-түлүк паегунун ченемдерин тартипке келтирүү максатында, "Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 17-октябрындагы № 706 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, Кыргыз Республикасынын аскердик башка түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскер кызматы каралган мамлекеттик органдардын аскер кызматчыларынын азык-түлүк паегунун нормалары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
- 2-пунктунун жетинчи абзацы "аскер кызматчылары" деген сөздөрдөн кийин "(, ошондой эле жазаларды аткаруу маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу органдын түн ичинде кызмат өтөөчү аскер кызматчылары)" деген сөздөр менен толукталсын;
- аталган токтомдун 8-тиркемесинин аталышы "аскер кызматчылары" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын түн ичинде кызмат өтөөчү аскер кызматчылары" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Түзөтүү мекемелерин кайтаруу жана соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен коштоп жүрүү департаменти ушул токтомду ишке ашырууга байланышкан чыгымдарды тиешелүү жылга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде жүзөгө ашырсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
С.Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Постановление Правительства КР от 17 октября 2002 года №706 "О нормах продовольственного пайка военнослужащих Вооруженных Сил Кыргызской Республики"Постановление · 17.10.2002 · № 706 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 16-февралы № 44 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, Кыргыз Республикасынын башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат…Постановление · 16.02.2021 · № 44
- О статусе военнослужащихЗакон · 01.07.1992 · № 930-XII
- Постановление Правительства КР от 17 октября 2002 года №706 "О нормах продовольственного пайка военнослужащих Вооруженных Сил Кыргызской Республики"Постановление · 17.10.2002 · № 706 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон