Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасын 2022-жылга чейинки мезгилде илимий-инновациялык өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 13 декабря 2023 года № 675 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики, Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-12-13.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 8-февралы № 79 Кыргыз Республикасын 2022-жылга чейинки мезгилде илимий-инновациялык өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 26-ноябрындагы № 128 "Инновациялык иш жөнүндө" Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 Жарлыгы менен бекитилген 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашыруу, илимий-инновациялык ишти өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасын 2022-жылга чейинки мезгилде илимий-инновациялык өнүктүрүү концепциясы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен бирге Кыргыз Республикасын 2022-жылга чейинки мезгилде илимий-инновациялык өнүктүрүү концепциясы бекитилген учурдан тартып алты айлык мөөнөттө аны ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планынын долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
С. Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 9 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (9)
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-августундагы № 447 "2021-2023-жылдарга Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү болжолу жөнүндө" токтомуПостановление · 24.08.2020 · № 447
- Постановление Правительства КР от 10 сентября 2019 года № 465 "О Среднесрочном прогнозе социально-экономического развития Кыргызской Республики на 2020-2022 годы"Постановление · 10.09.2019 · № 465
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин…Постановление · 13.12.2023 · № 675
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-сентябрындагы № 461 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-августундагы № 447 "2021-2023-жылдарга Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык…Постановление · 01.09.2020 · № 461
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-июнундагы № 270 "2020-2022-жылдарга Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү болжолу жөнүндө" токтомуПостановление · 03.06.2019 · № 270 · Күчүн жоготкон
- Инновациялык иш жөнүндөЗакон · 26.11.1999 · № 128 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2018-жылдын 27-февралындагы № 115/07/1-1 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын…Постановление · 27.02.2018 · № 115/07/1-1 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 2-октябрындагы № 443-б (2022-жылга чейинки мезгилге Кыргыз Республикасын илимий-инновациялык өнүктүрүүнүн концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар…Распоряжение · 02.10.2017 · № 443-р · Күчүн жоготкон
- "Кыргыз Республикасын 2022-жылга чейинки мезгилде илимин-инновациялык өнүктүрүү" КОНЦЕПЦИЯСЫ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-февралындагы № 79 токтому менен…Концепция · 08.02.2017 · № 79 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин…Постановление · 13.12.2023 · № 675
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Инновациялык иш жөнүндөЗакон · 26.11.1999 · № 128 · Күчүн жоготкон
- Указ Президента КР от 21 января 2013 года УП №11 "О Национальной стратегии устойчивого развития Кыргызской Республики на период 2013-2017 годы"Указ · 21.01.2013 · № 11 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.