Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (2022-жылга чейинки мезгилге Кыргыз Республикасын илимий-инновациялык өнүктүрүүнүн концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө) буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Распоряжение Кабинета Министров КР от 28 июня 2024 года № 383-р (О признании утратившими силу распоряжений Правительства Кыргызской Республики, Кабинета Министров Кыргызской Республики)» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2024-06-28.
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-июнундагы № 383-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2017-жылдын 2-октябры № 443-б Улуттук инновациялык системаны түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-февралындагы № 79 токтому менен бекитилген 2022-жылга чейинки мезгилге Кыргыз Республикасын илимий-инновациялык өнүктүрүүнүн концепциясына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. 2022-жылга чейинки мезгилге Кыргыз Республикасын илимий-инновациялык өнүктүрүүнүн концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Иш-чаралар планын аткарууга жооптуу министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана административдик ведомстволор:
- Иш-чаралар планынын тиешелүү пункттарын ишке ашырууну камсыз кылышсын;
- ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15ине чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматына Иш-чаралардын аткарылышы жөнүндө отчетторду берип турушсун.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча, отчеттук мезгилден кийинки айдын 25ине чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалымдап турсун.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
С. Дж. Исаков
Тиркеме 2022-жылга чейинки мезгилге Кыргыз Республикасын илимий-инновациялык өнүктүрүүнүн концепциясын ишке ашыруу боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
№
Милдеттер
Күтүлүүчү натыйжа
Чаралар
Ишке ашыруу мөөнөтү
Индикаторлор
Жооптуулар
Бюджет (сом)
2018-2022
I. Инновациялык ишти ченемдик-укуктук камсыздоо
1
Инновациялык иш чөйрөсүндөгү ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүү
Инновациялык ишти өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды камсыз кылуучу укуктук негиздерди түзүү
Өзгөртүүлөрдү киргизүү жолу менен "Инновациялык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын актуалдаштыруу
2019-жылдын IV кварталы
1
Кыргызпатент, Экономмин., БИМ, Саламатсакмин., ӨЭЖМК, УИА (макулдашуу боюнча)
40000
"Технопарктар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу
2018-2020-жылдар
1
БИМ, Экономмин., ӨЭЖМК, УИА (макулдашуу боюнча), Кыргызпатент
40000
II. Инновациялык иштин инфратүзүмүн өнүктүрүү жана өбөлгөлөө
2
Келечектүү инновациялык долбоорлорду илгерилетүүгө көмөктөшүү
Келечектүү инновациялык долбоорлорду табуу жана тандоо
Инновациялык долбоорлорго конкурс өткөрүү
Жыл сайын
10
Кыргызпатент, БИМ
50000000
3
Инновациялык ишти өнүктүрүүнү финансылык колдоо үчүн шарттарды түзүү
Инновациялык долбоорлорду ар кандай булактардан кайтарымдуу жана кайтарымсыз негизде каржылоо (бюджеттик каражат бөлүү, уюмдардын жеке каражаттары, банктык кредиттер, чет өлкөлүк инвестициялар ж.б.)
Мамлекеттик инновациялык фонд түзүү
2018-жылдын IV кварталы
1
Кыргызпатент, Финмин, Экономмин., БИМ
Илимди каржылоонун жалпы бөлүнгөн көлөмүнөн 5% каражат
4
Инновациялык инфратүзүм объектилерин түзүүгө көмөктөшүү
Инновациялык-активдүү аймактарды түзүү
Кыргыз Республикасынын ишканаларынын, илимий-изилдөө институттарынын жана жогорку окуу жайларынын алдында технопарктарды түзүү
2018-2022-жылдар
4
Кыргызпатент, БИМ, УИА (макулдашуу боюнча)
8000000
5
Инновациялык ишти өнүктүрүүгө региондордун жигердүү катышуусун жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү
Региондордо инновациялык ишти активдештирүү
Региондордо илимди жана ишканаларды бириктирүүчү инновациялык кластерлерди түзүүгө катышуу
2018-2022-жылдар
7
Кыргызпатент
1344500
III. Инновацияларды өнүктүрүү үчүн кадрларды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу
6
Инновациялык адистиктер боюнча кесипкөй кадрларды даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу процессин уюштуруу
Кесипкөй кадрлар менен камсыздоо
Инновациялык адистиктер боюнча кадрлардын квалификациясын жогорулатуу
Жыл сайын
20
Кыргызпатент
2732800
IV. Эл аралык кызматташуу жана инновациялык ишти маалыматтык камсыздоо
7
Инновациялык иш жаатындагы эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү
Инновациялык ишти өнүктүрүү жаатындагы көндүмдөрдү жогорулатуу боюнча тажрыйба алмашуу
Эл аралык конференцияларга, форумдарга жана көргөзмөлөргө катышуу
Жыл сайын
20
Кыргызпатент, БИМ
2850800
8
Инновациялык иш жөнүндө коомчулуктун маалымдар болуусун камсыздоо
Коомдо инновациялык ишти актуалдаштыруу жана жайылтуу
Калктын ишеним индексин жогорулатуу
Жыл сайын
85%
Кыргызпатент
-
Инновациялык иш боюнча басма жана электрондук маалыматтык материалдарды иштеп чыгуу
Жыл сайын
1500
75000
9
Инновациялык саясат маселелери боюнча инновациялык процесстин катышуучуларынын маалымдар болуусун камсыздоо
Инновациялык саясат жана инновациялык өнүктүрүү багыттары боюнча көргөзмө өткөрүү
2018, 2020, 2022-жылдар
3
3000000
БААРДЫГЫ: 68083100
Кыскартылган аталыштардын тизмеси:
Финмин
-
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги
Экономмин
-
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги
БИМ
-
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги
Саламатсакмин
-
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги
ӨЭЖМК
-
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети
Кыргызпатент
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы
УИА
-
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (4)
- Инновациялык иш жөнүндөЗакон · 23.03.2023 · № 65
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-июнундагы № 383-т (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйруктары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин…Распоряжение · 28.06.2024 · № 383-р
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-февралындагы № 79 "Кыргыз Республикасын 2022-жылга чейинки мезгилде илимий-инновациялык өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 08.02.2017 · № 79 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Инновациялык иш жөнүндөЗакон · 26.11.1999 · № 128 · Күчүн жоготкон
- "Кыргыз Республикасын 2022-жылга чейинки мезгилде илимин-инновациялык өнүктүрүү" КОНЦЕПЦИЯСЫ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-февралындагы № 79 токтому менен…Концепция · 08.02.2017 · № 79 · Күчүн жоготкон