Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Баалуу металлдар жана асыл таштар рыногун жөнгө салуу системасын өзгөртүп түзүү маселелери жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 21 января 2026 года № 19 "О совершенствовании правовой базы регулирования отношений, возникающих в сфере операций с драгоценными металлами и драгоценными камнями"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2026-01-21.
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 21-январындагы № 19 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 16-январы № 19 Баалуу металлдар жана асыл таштар рыногун жөнгө салуу системасын өзгөртүп түзүү маселелери жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомунун редакциясына ылайык)
Баалуу металлдар жана асыл таштар рыногун жөнгө салуу системасын оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, "Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө", "Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 11-декабрындагы № 771 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик баалуу металлдар жана асыл таштар фонду жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик баалуу металлдар жана асыл таштар фонду жөнүндө жободо:
- бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "башкармасы" деген сөз тийиштүү жөндөмөдө "департаменти" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 2.4-пунктундагы "сакталышы үчүн" деген сөздөрдөн мурда "баалуулуктарынын" деген сөз менен толукталсын;
- III бөлүктүн аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"III. Мамфонддун баалуулуктарын кабыл алуу, сактоо жана эсепке алуу тартиби";
- 3.7, 3.9-3.15-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 3.16-3.18-пункттар менен толукталсын:
"3.16. Мамсактоого түшүүчү баалуулуктарды кабыл алуу акыркы кабыл алуу актысын тариздөө менен төмөнкүдөй тартипте жүргүзүлөт:
- аффинаждалган баалуу металлдар - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаменти тарабынан берилген ишеним кат боюнча Мамсактоо өкүлдөрү тарабынан аффинаждоочу ишканада;
- конфискацияланган баалуу металлдар, алардан жасалган буюмдар жана алардын сыныктары - соттун өкүмүнүн жана токтомдорунун негизинде же башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын чечимдери боюнча.
3.17. Баалуу металлдарды кайра иштетүү боюнча аткаруучу менен өз ара эсептешүүлөр аны сатуу учурундагы дүйнөлүк баа боюнча даяр продукциянын эсебинен жүргүзүлөт.
3.18. Мамфонддун баалуулуктарын сатуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдери менен ишке ашырылат.";
- 4.2-пунктундагы "начальнигинин буйругу" деген сөздөр "директорунун чечими" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 4.3-пунктунда:
биринчи абзацындагы ", чыгымдалышы" деген сөз алып салынсын; экинчи абзацындагы "жана чыгымдалышы" деген сөздөр алып салынсын.
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги баалуу металлдардан жасалган зер жана башка буюмдарды сыноо жана эн тамгалоо жүргүзүүгө белгиленген тартипте аккредиттелген юридикалык жактардын (менчик лабораториялардын) укугун кароочу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин.
4. Кыргызстан Республикасынын Министрлер кабинетинин 1992-жылдын 10-мартындагы № 65 "Кыргызстан Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар башкармалыгын түзүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
С. Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 3
Цитата келтиргендер (5)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 21-январы № 19 "Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операциялар чөйрөсүндө келип чыгуучу мамилелерди жөнгө салуунун…Постановление · 21.01.2026 · № 19
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин…Постановление · 13.12.2023 · № 675
- "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаменти жөнүндө" жобо (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 114 токтому менен бекитилген)Положение · 20.02.2012 · № 114 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик баалуу металлдар жана асыл таштар фонду жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн2003-жылдын 11-декабрындагы N 771 токтому мененбекитилген)Положение · 11.12.2003 · № 771 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства РК от 10 марта 1992 года №65 "Об образовании Управления драгоценных металлов при Министерстве экономики и финансов Республики Кыргызстан"Постановление · 10.03.1992 · № 65 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 21-январы № 19 "Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операциялар чөйрөсүндө келип чыгуучу мамилелерди жөнгө салуунун…Постановление · 21.01.2026 · № 19
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин…Постановление · 13.12.2023 · № 675
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 11 декабря 2003 года № 771 "Об утверждении Положения о Государственном фонде драгоценных металлов и драгоценных камней Кыргызской Республики"Постановление · 11.12.2003 · № 771 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства РК от 10 марта 1992 года №65 "Об образовании Управления драгоценных металлов при Министерстве экономики и финансов Республики Кыргызстан"Постановление · 10.03.1992 · № 65 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 114 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маселелери" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 114 · Күчүн жоготкон
- Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндөЗакон · 31.07.2006 · № 135 · Күчүн жоготкон
- Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндөЗакон · 14.05.1998 · № 61 · Күчүн жоготкон