Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
«Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу товарларга контролдук баалардын минималдык деңгээлин аныктоонун, колдонуунун жана контролдоонун» ТАРТИБИ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген)
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-октябрындагы № 537 токтому менен бекитилген
Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу товарларга контролдук баалардын минималдык деңгээлин аныктоонун, колдонуунун жана контролдоонун ТАРТИБИ
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип Евразия экономикалык бирлигине (мындан ары - ЕАЭБ) мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу товарларга контролдук баалардын минималдык деңгээлин аныктоону, колдонууну жана контролдоону регламенттейт.
2. Ушул Тартипте төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар колдонулат:
1) импорттоочу - ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды импорттогон салык төлөөчү;
2) өндүрүүчү - контролдук баалардын минималдык деңгээли белгиленүүчү товарды өндүргөн салык төлөөчү.
3. Ушул Тартипте колдонулуучу терминдер жана аныктамалар ушул Тартипте аныкталган мааниде түшүнүлөт. Ушул Тартипте терминдердин жана аныктамалардын түшүндүрмөсү болбогон учурда, терминдер жана аныктамалар Кыргыз Республикасынын тийиштүү мыйзамдарында жана/же ЕАЭБдин ченемдик укуктук актыларында аныкталган мааниде түшүндүрүлөт.
4. Контролдук баалардын минималдык деңгээли ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу товарларга карата белгиленет, алар контролдук баалардын минималдык деңгээли белгиленүүчү товарлардын тизмесине (мындан ары - Тизме) киргизилет.
5. Тизме, контролдук баалардын минималдык деңгээли, товарларды Тизмеге киргизүү жөнүндө жана Тизмеге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө арыздардын формасы, ошондой эле арыздарды берүүнүн жана кароонун тартиби монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыгат жана буйругу менен бекитилет жана монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, ишкердик ишти жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, ыйгарым укуктуу салык органынын расмий сайттарында жана "Эркин-Тоо" газетасында жарыяланууга тийиш.
2. ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу товарларга контролдук баалардын минималдык деңгээлин аныктоо
6. Монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Тизмеге товарларды киргизүү жөнүндө бизнес-ассоциациялардан, салык төлөөчүлөрдөн жана/же Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынан арыздарды кабыл алат.
7. Арызда төмөнкүдөй маалыматтар чагылдырылат:
1) ЕАЭБдин тышкы экономикалык ишинин товардык номенклатурасын көрсөтүү менен, контролдук баалардын минималдык деңгээлин белгилөө зарыл болгон товарлардын аталышы;
2) колдонуудагы чекене баа;
3) жеткирүүчү менен түзүлгөн келишимге ылайык импорттолуучу товарлардын баасы;
4) контролдук баалардын минималдык деңгээлин колдонуунун жана Тизмеге киргизүүнүн зарылдыгын негиздөө менен контролдук баалардын минималдык деңгээлинин сунушталган өлчөмү.
8. Монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган арыздарды кабыл алат же аны кабыл алуудан баш тартат. Ушул Тартиптин 7-пунктунда көрсөтүлгөн маалымат арызда көрсөтүлбөгөндүгү арызды кабыл алуудан баш тартуу үчүн негиз болуп саналат.
9. Монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган арызды кабыл алган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде арызда көрсөтүлгөн товарларга карата баалар боюнча маалыматтарды берүү жөнүндө суроо-талапты төмөнкүлөргө жөнөтөт:
1) бизнес-ассоциацияларга;
2) товарларды импорттоочуларга;
3) ата-мекендик товар өндүрүүчүлөргө;
4) ыйгарым укуктуу салык органына;
5) бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга;
6) статистика чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга;
7) экономикалык кылмыштар менен күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга.
10. Ушул Тартиптин 9-пунктунда аталган бизнес-ассоциациялар, салык төлөөчүлөр жана мамлекеттик органдар суроо-талапты алган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде суроо-талапта көрсөтүлгөн товардык позициялар жөнүндө маалыматты беришет.
11. Алынган маалыматтын негизинде монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жазуу жүзүндөгү акыркы жоопту алган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде ушул Тартипке ылайык товарга карата контролдук баанын минималдык деңгээлин эсептейт, Тизмени түзөт жана аны бекитүү жөнүндө буйрук чыгарат.
12. Тизме товарлардын аталышын, ЕАЭБдин тышкы экономикалык ишинин товардык номенклатурасынын кодун, контролдук баалардын минималдык деңгээлинин өлчөмүн камтыйт.
13. Товарга карата контролдук баанын минималдык деңгээлинин өлчөмү товарга карата орточо арифметикалык баанын негизинде, алынган жыйынтыкты 20 пайызга азайтуу менен төмөнкүдөй формула боюнча аныкталат:
Сц - (Сц * 20%) = контролдук баалардын минималдык деңгээли,
мында Сц - орточо арифметикалык баа.
14. Орточо арифметикалык баа монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарына ылайык жүргүзүлүүчү мониторингдин жыйынтыгы боюнча баа жөнүндө маалыматтардын негизинде, ошондой эле ушул Тартиптин 9-пунктунда аталган бизнес-ассоциациялардан, салык төлөөчүлөрдөн жана мамлекеттик органдардан алынган маалыматтарды эске алуу менен аныкталат.
Мисалы: Монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга Кыргыз Республикасынын базарында төмөндөтүлгөн баалар боюнча импорттук өсүмдүк майы сатылып жаткандыгы жөнүндө бизнес-ассоциациялардан арыз келип түштү. Монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган 2 ири импорттоочуга, орто ишкердик субъект болуп саналган 1 импорттоочуга, 1 май өндүрүүчүгө жана 4 мамлекеттик органга суроо-талаптарды жиберди. Жазуу жүзүндөгү берилген жоопторго ылайык өсүмдүк майына болгон баа төмөнкүлөрдү түздү:
1) Импорттоочулардын маалыматы боюнча - тийиштүү түрдө 1 литр үчүн 40, 42 жана 38 сом өлчөмүндө;
2) майдын өндүрүүчүсүнүн маалыматы боюнча - 1 литр үчүн 21 сом;
3) бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалыматы боюнча - 1 литр үчүн 37 сом;
4) статистика чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалыматы боюнча - 1 литр үчүн 35 сом;
5) эки мамлекеттик органдын маалыматы жок.
Жыйынтыгында, орточо арифметикалык баа төмөнкүнү түзөт: (40 + 42 + 38 + 41 + 37 + 35) / 6 = 1 литр үчүн 39 сом. Контролдук баанын минималдык деңгээлинин өлчөмү төмөнкүнү түзөт: 39 - (39 * 20%) = 39 - 8 = 1 литр үчүн 31 сом.
15. Контролдук баалардын минималдык деңгээли улуттук валютада, математикалык тегеректөө эрежесин эске алуу менен белгиленет (көрсөткүчтөрдүн 50 тыйындан төмөн мааниси төмөн жагына, ал эми 50 же андан жогору тыйын - сомго чейин тегеректелет).
16. Ташып келинген товар үчүн эсептөөдө колдонулган ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин валютасы Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин IX бөлүмүнүн ченемдерине ылайык, импорттолгон товарлар салык төлөөчү тарабынан эсепке алынган датага карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча эсептелет.
17. Контролдук баалардын минималдык деңгээлин аныктоодо товардын өлчөө бирдиги тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасына ылайык көрсөтүлөт (мындан ары - ЕАЭБ ТЭИ ТН).
3. Контролдук баалардын минималдык деңгээлин колдонуу жана контролдоо
18. Эгерде импорттоочу Тизмеге киргизилген товарды ташып келсе жана келишимде, товарды коштоочу документтерде товарга карата бааны контролдук баалардын минималдык деңгээлинин белгиленген өлчөмүнөн төмөн көрсөтсө, кыйыр салыктар боюнча салыктык милдеттенме контролдук баалардын белгиленген минималдык деңгээлин колдонуу жана аны кыйыр салыктар боюнча салык отчетунда чагылдыруу менен эсептелет.
Мисалы: салык төлөөчү ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагынан 10000 литр майды ташып келди. Келишимде (контрактта) жана товарды коштоочу документтерде 1 литр үчүн баа 5 россия рублинин өлчөмүндө көрсөтүлгөн. Импорттолгон товарларды эсепке алуунун эң акыркы датасы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан өткөн дата болгон. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан өткөн датага карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу 1 россия рубли үчүн 1,0550 сомду түздү. Улуттук валютага которууда 1 литрдин наркы - литр үчүн 5,3 сом (5 * 1,0550). Бекитилген Тизмеге ылайык өсүмдүк майына контролдук баанын минималдык деңгээли 1 литр үчүн 15 сомду түзөт. Бул учурда контролдук баалардын минималдык деңгээли ташып келинген товарга карата колдонулууга жана кыйыр салыктар боюнча салык отчетунда чагылдырылууга тийиш.
19. Эгерде импорттоочу Тизмеге киргизилген товарды ташып келсе жана келишимде, товарды коштоочу документтерде товарга карата бааны контролдук баалардын минималдык деңгээлинин белгиленген өлчөмүнөн жогору кылып көрсөтсө, кыйыр салыктар боюнча салыктык милдеттенме контролдук баалардын минималдык деңгээлин колдонбостон, келишимде жана товарды коштоочу документтерде көрсөтүлгөн баага жараша эсептелет.
20. Контролдук баалардын минималдык деңгээли белгиленген товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына тийиштүү товарды коштоочу документтери жок ташып келген фактылар аныкталса, кыйыр салыктар контролдук баалардын минималдык деңгээлин колдонуу менен салык органы тарабынан эсептелүүгө тийиш.
21. Контролдук баалардын минималдык деңгээли колдонулган товарларды ташып келүүдө импорттоочу тарабынан кыйыр салыктар боюнча тийиштүү отчет берилбегендиги же контролдук баалардын минималдык деңгээли белгиленген талаптарды бузуу менен колдонулгандыгы боюнча фактылар аныкталса, кыйыр салыктар белгиленген тартипте эсептелүүгө тийиш жана салык төлөөчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
22. Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул Тартиптин талаптары импорттоочу тарабынан бузулган фактыларды аныктаган учурда, алар боюнча материалдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чараларды көрүү үчүн салык кызматы органдарына өткөрүп берилет.
4. Тизмеге өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүү тартиби
23. Тизмеге өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор ушул Тартиптин 9-пунктунда аталган салык төлөөчү жана/же бизнес-ассоциациялар жана/же мамлекеттик органдар монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга арызы менен кайрылган учурда киргизилет.
24. Тизмеге өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүү жөнүндө арызда төмөнкүлөр камтылат:
1) товардын аталышы;
2) ЕАЭБ ТЭИ ТН коду;
3) Тизмеге өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүүнүн зарылдыгын негиздөө.
25. Монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган арызды кабыл алат же аны кабыл алуудан баш тартат. Арызда ушул Тартиптин 24-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтардын жоктугу арызды кабыл алуудан баш тартуу үчүн негиз болот.
26. Арызды кабыл алган күндөн кийинки үч жумуш күндүн ичинде монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Тизмеге өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүү жөнүндө тийиштүү сунушту ушул Тартиптин 9-пунктунда аталган салык төлөөчүлөрдүн, бизнес-ассоциациялардын жана мамлекеттик органдардын дарегине макулдашуу үчүн жөнөтөт, алар Тизмеге өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуш келип түшкөн күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде корутунду берүүгө тийиш.
27. Суроо-талаптар боюнча алынган маалыматтын негизинде монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жазуу жүзүндөгү акыркы жоопту алган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде Тизмеге өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүү жөнүндө буйрук чыгарат.
28. Пикир келишпестиктер болгон учурда монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган макулдашуу кеңешмесин өткөрөт, анын жыйынтыгы боюнча коллегиялык чечим кабыл алынат.
29. Эгерде арызды кароонун жыйынтыгы боюнча Тизмеге өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүү зарылдыгы аныкталбаса, монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган арыз ээсине жүйөлүү баш тартууну жөнөтөт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (2)
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-октябрындагы № 537 "Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу жана Кыргыз Республикасынын…Постановление · 12.10.2016 · № 537 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 8-майындагы № 241 "Ал жеткис күчтүн жагдайларына байланыштуу социалдык-экономикалык кырдаалды турукташтыруу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларга…Постановление · 08.05.2020 · № 241 · Күчүн жоготкон