78-статья. Алименттерди жана алименттик милдеттенмелер боюнча карыздарды өндүрүү тартиби
Күчүн жоготкон · 18.03.2002 редакциясы · 6-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 20 января 2017 года № 6.
1. Алименттерди өндүрүү иштери боюнча сот актыларын жана соттун буйруктарын аткаруу карызкордун өндүрүп алууга жол берилген эмгек акысына жана башка кирешелерине буруу аркылуу жүргүзүлөт.
2. Алименттер боюнча карыздын өлчөмү соттук аткаруучу тарабынан алименттик төлөмдөрдү өндүрүп алуу жөнүндөгү аткаруу документин аткара турган жери боюнча карызкордун төлөө жүргүзүлбөгөн мезгил ичиндеги, же болбосо өндүрүп алуучунун тандоосу боюнча, карызды аныктоо мезгилине карата алуучу иш жүзүндөгү эмгек акысынан (кирешесинен) келип чыгуу менен аныкталат.
Эгерде карызкор бул мезгил ичинде иштебесе, карыз ошол жердеги орточо эмгек акыдан келип чыгуу менен аныкталат.
3. Алименттик төлөмдөрдү карызкордун эмгек акысынан же башка кирешелеринен катары менен үч айдын ичинде өндүрүп алуу мүмкүн болбогон учурда, өндүрүп алуу карызкордун мүлкүнө ушул Мыйзамда белгиленген тартипте бурулат.
Мүлккө карата өндүрүп алууну буруу тууралу соттук аткаруучу токтом чыгарат.
Берененин тексти 18.03.2002 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
78-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/994/st-78" title="78-статья - Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>