77-статья. Өндүрүп алууну буруу мүмкүн болбогон суммалар
Күчүн жоготкон · 18.03.2002 редакциясы · 6-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 20 января 2017 года № 6.
Өндүрүп алуу:
1) ден соолукка келтирилген зыяндын ордун толтуруу, ошондой эле багар-көрөр адамынын өлүмүнө байланыштуу төлөнүүчү суммаларга;
2) кызматтык милдеттерин аткаруу мезгилинде дуушар болгон майыптыгы (жарадар, жаракат, контузия) боюнча жана алардын курман болушуна (өлүмүнө) байланыштуу үй-бүлө мүчөлөрүнө төлөнүүчү камсыздандыруу суммаларына жана бир жолку жөлөкпулдарга;
3) баланын төрөлүшүнө; көп балалуу энелерге; жалгыз бой аталарга же энелерге; ата-энеси изделип жаткан мезгилде бойго жете элек балдарды багууга; пенсионерлерге жана I топтогу майыптарга аларды багууга байланыштуу төлөнүүчү жөлөкпулдарга; ден соолугуна зыян келтирилген учурда жабыр тарткандарга кошумча тамактануу, санаториялык-курорттук дарылануу, протездөө жана аларды багуу боюнча чыгымдарга төлөнүүчү суммаларга; алименттик милдеттенмелер боюнча;
4) зыяндуу же экстремалдык шарттарда иштөө үчүн компенсациялык төлөмдөргө, ошондой эле экологиялык кырсыктан же жарандык жана аскердик багыттагы ядролук объекттердеги авариялардын кесепеттерин жоюуда, атомдук куралды жардырууда жана сыноону жүргүзүүдө болбосо ядролук объекттердеги кырдаалдардын натыйжасында радиациялык таасирден жабыркаган жарандарга төлөнүүчү суммаларга жана мыйзамда белгиленген башка учурларда;
5) бир жолку материалдык жардамга;
6) кызматкер иштен бошогондо төлөнүүчү бошонуу жөлөкпулуна;
7) пайдаланылбаган өргүү үчүн ордун толтуруу төлөмүнө (бир нече жылдагы өргүү бириктирилген учурдан тышкары) бурулушу мүмкүн эмес.
Берененин тексти 18.03.2002 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
77-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/994/st-77" title="77-статья - Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>