Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
60-статья. Мүлктү сактоо
Күчүн жоготкон · 18.03.2002 редакциясы · 5-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 20 января 2017 года № 6.
1. Карызкордун мүлкү кол койдуруу менен сактоо үчүн карызкорго, өндүрүп алуучуга же соттук аткаруучу дайындаган башка жакка (мындан ары - сактоочу) берилет.
Эгерде бул мүлктүн касиеттери боюнча аларды пайдалануу мүлктүн жок болушуна же анын баалуулугунун төмөндөшүнө алып келбесе, сактоочу бул мүлктү пайдалана алат.
2. Эгерде карызкор же анын үй-бүлө мүчөсү (карызкор уюм үчүн - анын кызматкери) сактоочу болуп саналбаса, сактоочу сактагандыгы үчүн тиешелүү акы алат. Сактоочуга ал мүлктү сактоо боюнча тарткан зарыл чыгымдардын орду толтурулат, мында бул мүлктү пайдалануудан алынган пайда алып салынат.
3. Камак салынган же алып коюлган мүлктү сактоо тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.
4. Карызкордон алып коюлган валюта түрүндөгү баалуулуктар, баалуу металлдар жана асыл таштар, баалуу металлдардан, асыл таштардан жана берметтен жасалган зергердик жана башка буюмдар, ошондой эле ушундай буюмдардын сыныктары жана айрым бөлүктөрү, антиквариат, сүрөт жана скульптура чыгармалары, баалуу кагаздар соттук аткаруучу тарабынан банктык мекемеге сактоого тапшырылат.
Аткаруу боюнча өндүрүп алуучуга ыйгарылган суммаларды жана чыгымдарды тындыруу үчүн зарыл болгон карызкордон алып коюлган акча суммаларын соттук аткаруучу депозиттик эсепке кошот.
5. Карызкордун сактоого берилген мүлкүн чыгымдап салган, оолактаткан, жаап-жашырган же мыйзамсыз түрдө берген учурларда сактоочу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
Берененин тексти 18.03.2002 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/994/st-60" title="60-статья - Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>