59-статья. Карызкордун мүлкүн баалоо
Күчүн жоготкон · 18.03.2002 редакциясы · 5-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 20 января 2017 года № 6.
1. Карызкордун мүлкүн баалоону соттук аткаруучу аткаруу күнүндө колдонулган рыноктук бааларга карата жүргүзөт. Мында өндүрүп алуучу менен карызкордун ортосунда жетишилген баалоо жөнүндө макулдашуу эске алынышы мүмкүн.
2. Эгерде айрым буюмдарды баалоо татаал болсо, болбосо карызкор же өндүрүп алуучу соттук аткаруучу жүргүзгөн баалоого каршы чыкса, соттук аткаруучу баалоону адисти же экспертти тартуу менен жүргүзөт.
3. Валюта түрүндөгү баалуулуктар, баалуу металлдар жана асыл таштар, баалуу металлдардан, асыл таштардан жана берметтен жасалган зергердик жана башка буюмдар, ошондой эле ушундай буюмдардын сыныктары жана айрым бөлүктөрү, антиквариат, сүрөт жана скульптура чыгармалары, баалуу кагаздар адистин же эксперттин милдетгүү түрдө катышуусу менен бааланат.
Берененин тексти 18.03.2002 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
59-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/994/st-59" title="59-статья - Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>