51-статья. Өндүрүп алууну юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин мүлкүнө буруу
Күчүн жоготкон · 18.03.2002 редакциясы · 5-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 20 января 2017 года № 6.
1. Карызкордо-юридикалык жакта же жеке ишкерде карызды тындыруу үчүн жетиштүү акча каражаты жок болгон учурда өндүрүп алуу ага таандык болгон ар кандай мүлккө, ошондой эле юридикалык жактын уюштуруучуларынын (катышуучуларынын) мүлкүнө, эгерде бул мүлккө карата мыйзам тарабынан чектөөлөр белгиленбесе жана мыйзамда же юридикалык жактын уюштуруу документинде юридикалык жактын уюштуруучуларынын (катышуучуларынын) биргелешкен мүлктүк жоопкерчилиги каралбаса, бурулушу мүмкүн.
2. Өзүнө бекитип берилген мүлктүн менчик ээси болуп саналбаган карызкордун, ошондой эле туунду чарбалык шериктештик болуп саналган карызкордун милдеттенмелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда менчик ээси, болбосо негизги чарбалык шериктештик жоопкерчилик тартат.
3. Юридикалык жак өзгөртүп түзүлгөн же жоюлган учурда өндүрүп алууну анын мүлкүнө буруу колдонулуп жаткан мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат.
4. Эгерде аткаруунун жүрүшүндө юридикалык жак же жеке ишкер болуп саналган карызкордун мүлкү карызды тындыруу үчүн жетишсиз болоору белгиленсе, ал эми Кыргыз Республикасынын мыйзамдары карызкорду банкрот (кудуретсиздик) деп табууга жол берсе, соттук аткаруучу бул жөнүндө өндүрүп алуучуга маалымдоого милдеттүү.
5. Өндүрүп алууну белгиленген тартипте банкрот (кудуретсиздик) деп табылган карызкордун мүлкүнө буруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
6. Өндүрүп алуу карызкордун мүлкүнө баалуу кагаздарга жана алардын дивиденддерине топтолгон үлүшүнө да, ошондой эле мыйзамдарга ылайык ишкананын милдеттенмелери боюнча өндүрүп алуу бурулушу мүмкүн болгон кызматкерлердин мүлкүнө бурулушу мүмкүн.
Берененин тексти 18.03.2002 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
51-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/994/st-51" title="51-статья - Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>