50-статья. Өндүрүп алууну карызкордун мүлкүнө буруу тартиби
Күчүн жоготкон · 18.03.2002 редакциясы · 5-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 20 января 2017 года № 6.
1. Жеке же юридикалык жактардан аткаруу документтери боюнча өндүрүп алуу эң оболу карызкордун акча каражаттарына, анын ичинде банктык жана башка кредиттик мекемелердеги акча каражаттарына бурулушу мүмкүн.
2. Карызкордун накталай акча каражаттары алардын сакталган жерине карабастан алар көрсөтүлгөндөн же табылгандан кийин карызкордун макулдугусуз дароо алынып коюлат.
3. Карызкордо карызды тындыруу үчүн жетиштүү акча каражаты болбогон учурда өндүрүп алуу карызкорго таандык болгон баалуу кагаздарга жана башка мүлккө бурулат, буга ушул Мыйзамга ылайык өндүрүп алуу бурулбай турган мүлк кирбейт.
Карызкор өндүрүп алуу биринчи кезекте бурулууга тийиш болгон мүлктүн же буюмдардын түрлөрүн көрсөтүүгө укуктуу. Өндүрүп алууну карызкордун акча суммаларына, баалуу кагаздарына жана башка мүлкүнө буруунун кезектүүлүгүн соттук аткаруучу аныктайт. Эгерде өндүрүп алуунун өлчөмү айлык эмгек акынын же башка эмгек акынын, пенсиянын, жөлөкпулдун же стипендиянын ушул Мыйзам боюнча өндүрүп алуу бурулушу мүмкүн болгон үлүшүнөн ашпаса, өндүрүп алуу карызкордун мүлкүнө бурулбайт.
4. Өндүрүп алуу карызкордун акча суммаларына, баалуу кагаздарына же башка мүлкүнө аткаруу боюнча чыгымдарды эске алуу менен аткаруу документи боюнча аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө жана көлөмдө бурулат. Карызкордун менчигинде ага жалпы менчик укугунда таандык болгон мүлк бар болгон учурда, өндүрүп алуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталган анын үлүшүнө бурулат.
Берененин тексти 18.03.2002 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
50-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/994/st-50" title="50-статья - Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>