Аккаунтту тууралаңыз

312-статья. Карызкор атайын укукту пайдалануусуна убактылуу чектөөлөр

Күчүн жоготкон · 18.03.2002 редакциясы · 3-Глава

Берененин тексти 18.03.2002 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.

312-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?

ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.

Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.

Берененин өзгөртүүлөр тарыхы

Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.

  1. Закон КР от 2 марта 2017 года № 41 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере регулирования алиментных обязательств"Редакцияларды салыштыруу
02.03.2017 редакциясында эмне өзгөрдү

Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.

кошулду: Карызкор атайын укукту пайдалануусуна убактылуу чектөөлөр 1. Карызкордун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилген аңчылык кылуу укугу, транспорт каражаттарын (автомобиль, темир жол, аба, ички суу, шаардык электр транспортун) башкаруу укугу түрүндөгү атайын укукту пайдаланууга аткаруу документтин талаптарын толук көлөмдө же болбосо мындай чектөөнү жокко чыгаруу үчүн негиздер келип чыкканга чейин пайдалануу аракеттерин токтото туруу убактылуу чектөөлөр деп түшүнүлөт. 2. Карызкор соттук актынын негизинде берилген же соттук акты болуп саналган аткаруу документинде камтылган талаптарды белгиленген мөөнөттө аткарбаганда, соттук аткаруучу өндүрүп алуучунун арызы же өз демилгеси боюнча карызкордун атайын укуктан пайдалануусуна убактылуу чектөөлөр жөнүндө токтом чыгарууга укуктуу. Эгерде аткаруу документи сот актысы болуп эсептелбесе жана сот актысынын негизинде берилбеген болсо, анда өндүрүп алуучу же соттук аткаруучу карызкордун атайын укукту пайдалануусуна убактылуу чектөөнү белгилөө тууралуу арыз менен сотко кайрылууга укуктуу. 3. Карызкордун атайын укукту пайдалануусуна убактылуу чектөө төмөнкүдөй учурларда колдонулушу мүмкүн эмес: 1) эгерде мындай чектөөнү белгилөө карызкорду жашоонун каражаттарынын негизги мыйзамдуу булагынан ажыратса; 2) эгерде транспорт каражатын пайдалануу карызкор же аны менен чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрү үчүн туруктуу жашаган жерине транспорттук жетүүгө чектөөлөрдү эске алуу менен алардын жашоо-турмушун камсыз кылуу үчүн жалгыз каражат болуп саналса; 3) эгерде карызкор майыптыгына байланыштуу транспорт каражатын пайдаланган адам болуп саналса; 4) эгерде аткаруу документи (аткаруу документтери) боюнча карыздын суммасы 10 эсептик көрсөткүчтөн ашпаса; 5) эгерде карызкорго аткаруу документинин талаптарын аткаруу мөөнөтүн кийинкиге калтыруу же бөлүп-бөлүп төлөө берилсе. 4. Карызкордун атайын укукту пайдалануусун убактылуу чектөө жөнүндө токтомдо соттук аткаруучу карызкорго анын белгиленген чектөөнү сактоо милдетин түшүндүрүп берет жана аны бузгандыгы үчүн жоопкерчилик жөнүндө эскертет. 5. Соттук аткаруучу аткаруу документинин талаптары аткарылган же карызкордун атайын укуктан пайдалануусуна убактылуу чектөөнү жокко чыгаруу үчүн негиздер келип чыккан күндөн кийинки күндөн кечиктирбестен бул чектөөнү алып салуу жөнүндө токтом чыгарат. Карызкордун атайын укукту пайдалануусуна убактылуу чектөө жөнүндө токтомду жокко чыгаруу тууралуу көрсөтүлгөн токтомдун көчүрмөлөрү карызкорго, өндүрүп алуучуга токтоосуз жиберилет. (КР 2017-жылдын 2-мартындагы № 41 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Документте редакцияларды толук салыштыруу

Беренени өз сайтыңызга кошуу

Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:

<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/994/st-312" title="312-статья - Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>