31-1-статья. Карызкордун Кыргыз Республикасынан чыгып кетүүсүн убактылуу чектөө
Күчүн жоготкон · 18.03.2002 редакциясы · 3-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 20 января 2017 года № 6.
1. Карызкор тарабынан сот актысынын негизинде берилген же сот актысы болуп эсептелген аткаруу документинде камтылган талаптардын белгиленген мөөнөтү аткарылбаса, соттук аткаруучу карызкордун Кыргыз Республикасынан чыгып кетүүсүн убактылуу чектөө жөнүндө өндүрүп алуучунун арызы же өз демилгеси боюнча токтом чыгарууга укуктуу.
2. Кыргыз Республикасынан чыгып кетүүсүн убактылуу чектөө жөнүндө токтом улук соттук аткаруучу тарабынан бекитилет. Көрсөтүлгөн токтомдун көчүрмөсү карызкорго, өндүрүп алуучуга жана ыйгарым укуктуу органга жөнөтүлөт.
3. Эгерде аткаруу документи сот актысы болуп эсептелбесе жана сот актысынын негизинде берилбеген болсо, анда өндүрүп алуучу же соттук аткаруучу карызкордун Кыргыз Республикасынан чыгып кетүүсүн убактылуу чектөөнү белгилөө тууралу арыз менен сотко кайрылууга укуктуу.
4. Карызкор тарабынан аткаруу документинде камтылган талаптар аткарылганда, соттук аткаруучу 48 сааттын ичинде Кыргыз Республикасынан чыгып кетүүсүн убактылуу чектөөнү жокко чыгаруу тууралу токтом чыгарат. Мында токтомдун улук соттук аткаруучу тарабынан бекитилиши талап кылынбайт. Токтомдун көчүрмөлөрү карызкорго жана ыйгарым укуктуу органга жиберилет.
(КР 2009-жылдын 24-декабрындагы № 314 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 18.03.2002 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
31-1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/994/st-31-1" title="31-1-статья - Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>