21-статья. Аткарууга тийиш болгон сот актысын же башка органдын актысын түшүндүрүү
Күчүн жоготкон · 18.03.2002 редакциясы · 3-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 20 января 2017 года № 6.
1. Аткаруу документинде камтылган талаптар түшүнүксүз болгон учурда соттук аткаруучу аткаруу документин берген сотко же башка органга аткаруу документин берүүгө негиз болгон тийиштүү соттук актыны же башка органдын актысын, ошондой эле мыйзам боюнча аткаруучу документ болуп саналган документти түшүндүрүү жөнүндө арыз менен кайрылууга укуктуу.
2. Аткаруу документин берген сот же башка орган соттук аткаруучунун арызын ал түшкөн күндөн баштап 10 күндүк мөөнөттө карайт жана зарылчылыгына жараша өзү кабыл алган аткаруу документин берүүгө негиз болгон соттук актыны же башка органдын актысын, ошондой эле мыйзам боюнча аткаруу документи болуп саналган документти алардын мазмунун өзгөртпөстөн түшүндүрүп берет.
Берененин тексти 18.03.2002 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
21-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/994/st-21" title="21-статья - Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>