20-статья. Аткаруу документин аткарууга сунуш кылуунун өтүп кеткен мөөнөтүн калыбына келтирүү
Күчүн жоготкон · 18.03.2002 редакциясы · 3-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 20 января 2017 года № 6.
1. Аткаруу баракчасын же соттун буйругун аткарууга сунуш кылуу үчүн мөөнөтүн өткөрүп жиберген өндүрүп алуучу өтүп кеткен мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндөгү арыз менен сот актысын чыгарган же соттук буйрук берген сотко, ал эми нотариустун аткаруу жазуусу боюнча - нотариалдык контора турган жердеги сотко кайрылууга укуктуу. Арыз аткаруу өндүрүшүнө катышкан жактарга заседаниенин орду жана убактысы жөнүндө билдирүү менен соттук заседаниеде каралат. Бирок алардын келбей калышы өтүп кеткен мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндөгү маселени чечүү үчүн бөгөт болуп саналбайт.
2. Аткаруу баракчасын, соттун буйругун же нотариустун аткаруу жазуусун аткарууга сунуш кылуу үчүн мөөнөтүн өткөрүп жиберүүнүн себебин сот жүйөлүү деп тааныган учурда ал мөөнөт калыбына келтирилиши мүмкүн.
3. Калган аткаруу документтери боюнча өтүп кеткен мөөнөт калыбына келтирилбейт.
4. Мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндөгү маселе боюнча соттун актысы мыйзамда белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.
Берененин тексти 18.03.2002 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
20-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/994/st-20" title="20-статья - Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>