14-статья. Өкүлдөрдүн чогулушу
Күчүн жоготкон · 27.06.2025 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 27 июня 2025 года № 129.
1. СПАда мүчөлөрдүн саны көп болуп, ал жалпы чогулуштарды өткөрүүгө кыйынчылык келтиргенде СПАнын уставында ушул статьянын жоболоруна ылайык СПАнын мүчөлөрүнүн Өкүлдөрүнүн чогулушун түзүү каралышы мүмкүн. СПАнын мүчөлөрүнүн өкүлдөрүнүн чогулушуна жалпы чогулуштун ушул Мыйзамда аныкталган бардык ыйгарым укуктары берилүүгө тийиш.
2. СПАнын мүчөлөрүнүн өкүлдөрүнүн чогулушун түзүү тартибинде СПАнын уставында СПАнын бүткүл аймагын белгилүү бир өкүлдүк зоналарга бөлүштүрүү каралат, мында СПАнын мүчөлөрү ээлик кылган же пайдаланып жаткан бардык жер участоктору ага киргизилет. Мында ар бир зонадагы СПАнын мүчөлөрү өзүнүн курамынан Өкүлдөрдүн чогулушундагы жолугушууларга катышуу үчүн бир же бир нече өкүлүн шайлайт. СПАнын өкүлдүк зоналары СПАнын тейлөө зонасынын планында ачык жана так белгиленүүгө тийиш.
3. СПАнын уставында зоналык өкүлдөрдү шайлоону өткөрүүнүн мөөнөттөрү белгиленет, алардын милдеттери, зоналык өкүлдөрдүн саны, аларды шайлоонун жол-жобосу жана Өкүлдөрдүн чогулушундагы жолугушууда ар бир өкүл ээ боло турган добуштардын саны аныкталат.
4. Ушул Мыйзамдын 13-статьясында СПАнын жалпы чогулушу үчүн белгиленген СПАны түзүү жана башкаруу үчүн принциптер Өкүлдөрдүн чогулушуна да колдонулууга тийиш.
5. СПАнын уставында зоналык өкүлдү тандап алууда СПАнын мүчөсүнүн добуш берүү укугу алардын СПАнын мүмкүн болгон бүткүл чыгымдарын төлөгөндүгүнө жараша боло тургандыгы каралышы мүмкүн.
6. Зоналык өкүлдөр болуп эсептелбеген СПАнын мүчөлөрү Өкүлдөрдүн чогулушуна катышууга акылуу болгону менен добуш берүүгө укуксуз болушат.
Берененин тексти 27.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
14-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/993/st-14" title="14-статья - Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жана сууну пайдалануучулардын бирликтери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>