Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
13-статья. СПАнын жогорку органы жана анын ыйгарым укуктары
Күчүн жоготкон · 27.06.2025 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 27 июня 2025 года № 129.
СПАнын жалпы чогулушу СПАны башкаруунун жогорку органы болуп эсептелет.
1. Жалпы чогулуштун компетенциясына:
- СПАнын ишинин негизги багыттарын аныктоо;
- СПАнын уставын өзгөртүү жана толуктоо;
- СПАнын Кеңеши жөнүндө жобону бекитүү;
- текшерүү комиссиясы жөнүндө жобону бекитүү;
- СПАнын Кеңешинин мүчөлөрүн шайлоо жана иштен бошотуу;
- текшерүү комиссиясын шайлоо жана анын ишин мөөнөтүнөн мурда токтотуунун тартиби;
- талаштарды чечүү боюнча комиссияны шайлоо;
- СПАнын мүчөлөрүнө жана мүчөсү эместерге жыл сайын төлөнүүчү төгүмдөрдү белгилөө;
- жылдык отчетторду жана бухгалтердик баланстарды бекитүү;
- СПАнын ар жылкы бюджетин бекитүү;
- СПАнын ишинин ар жылдык планын жана сугаруу графиктерин бекитүү;
- СПАнын ички регламентин бекитүү;
- СПАнын уставын жана башка ички актыларды бузган учурда СПАнын мүчөлөрү тарабынан төлөнүүгө тийиш болгон жазапулдун өлчөмүн белгилөө;
- СПАны кайра уюштуруу же жоюу жөнүндө чечим кабыл алуу, жоюу комиссиясын дайындоо, аралык жана биротоло жоюу балансын бекитүү кирет.
Жалпы чогулуштун бийлик укугуна гана таандык кылынган маселелер боюнча чечимдер, СПАнын уставына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү маселелери боюнча жана СПАны кайра уюштуруу же жоюу жөнүндө чечимдер СПАнын мүчөлөрүнүн жалпы санынын кеминде үчтөн экисинин көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Калган маселелер боюнча чечимдер жөнөкөй көпчүлүк добуш менен кабыл алынат. СПАнын ишинин башка маселелери да жалпы чогулуштун компетенциясына таандык кылынышы мүмкүн.
2. Ушул Мыйзам же СПАнын уставы тарабынан жалпы чогулуштун компетенциясына таандык кылынган маселелерди чечүү СПАнын башкаруучу органына тапшырылышы мүмкүн эмес.
3. СПАнын мүчөлөрүнүн жалпы чогулушу аткаруучу орган тарабынан зарылдыгына жараша, бирок жылына кеминде бир жолу чакырылат.
СПАнын мүчөлөрүнүн кезексиз чогулушу СПАнын Кеңешинин чечими, текшерүү комиссиясынын талабы боюнча, ошондой эле СПАнын жалпы мүчөлөрүнүн бештен бир бөлүгүнүн талабы боюнча өткөрүлөт.
4. Башкаруучу орган жалпы чогулуш өткөрүлгөнгө чейин 30 күндөн кечиктирбестен бул тууралу СПАнын ар бир мүчөсүнө жиберилген кабардын жөнөтүлгөндүгүн ырастоого мүмкүнчүлүк берген ар кандай ыкма менен билдирүүгө милдеттүү, анда чогулушту өткөрүүнүн күнү, убактысы жана күн тартиби көрсөтүлөт. Кабарларды тил кат алуу менен таратууга жол берилет.
СПАнын мүчөлөрү жалпы чогулуш өткөрүлгөнгө чейин 10 күндөн кечиктирбестен күн тартибине киргизүү үчүн жалпы чогулуштун компетенциясына таандык кылынган өзүнүн сунуштарын киргизүүгө укуктуу. Жалпы чогулуш өткөрүлгөнгө чейин 20 күн калганда аны чакырган орган СПАнын мүчөлөрүнө чогулуштун күн тартибине ылайык даярдалган бардык материалдар жана аларга толуктоолор менен алдын ала таанышууга мүмкүнчүлүк берүүгө милдеттүү.
5. Эгерде СПАнын жалпы чогулушуна СПАнын мүчөлөрүнүн 60 пайыздан ашыгы катышса, ал чечим кабыл алууга укуктуу деп табылат.
6. Жалпы чогулуштун протоколдоруна төрага жана жалпы чогулуштун катчысы кол коет, мөөр менен ырасталат жана СПАнын ишинде такай сакталат.
Ушундай эле талап СПАнын Кеңешинин, текшерүү комиссиясынын, талаштарды чечүү боюнча комиссиянын заседаниелеринин протоколдоруна жайылтылат. СПАнын жалпы чогулушу СПАнын Кеңешинин төрагасы тарабынан же ал жок болгондо төраганын орун басары тарабынан өткөрүлөт.
7. Эгерде ушул Мыйзамда же СПАнын уставында башкача аныкталбаса, жалпы чогулуш чечимдерди жөнөкөй көпчүлүк добуш менен кабыл алат. Устав ачык же жашыруун добуш берүүнүн механиздерин пайдалануу менен чечимдерди кабыл алуу боюнча жол-жоболорду белгилеши мүмкүн.
8. СПАнын уставында СПАнын ар бир мүчөсү жалпы чогулушта чечимдерди кабыл алууда ээ боло турган добуштардын саны төмөндөгү принциптердин биринин негизинде белгилениши мүмкүн:
а) СПАнын ар бир мүчөсү анын СПА тейлеген зонанын ичиндеги жер участогунун өлчөмүнө карабастан бир добушка ээ болот;
б) СПАнын ар бир мүчөсүнө добуштар СПА тейлеген зонанын ичиндеги анын жер участогуна жараша пропорционалдуу өлчөмдө бөлүштүрүлөт;
в) СПАнын ар бир мүчөсүнө добуштар мурдагы жылдын ичинде СПАга төлөнгөн төлөмдөрдүн жана чыгымдардын санына ылайык бөлүштүрүлөт.
9. СПАнын ар бир мүчөсү эң жок дегенде бир добушка ээ болууга тийиш, бирок ал добуштардын жалпы санынын төрттөн биринен ашык добушка ээ боло албайт.
10. СПАнын уставында СПАнын мүчөсүнүн жалпы чогулуштагы добуш берүү укугу анын СПАга төлөгөн карызына жараша боло тургандыгы каралышы мүмкүн.
Берененин тексти 27.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/993/st-13" title="13-статья - Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жана сууну пайдалануучулардын бирликтери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>