Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кеңешинин «Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2015-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчёт тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2016-жылдын 24-ноябры № 1127-VI Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2015-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчёт тууралуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2015-жыл үчүн бюджетинин аткарылышынын жыйынтыгы тууралуу маалыматты угуп жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-сентябрындагы № 489 токтомун карап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2015-жыл үчүн бюджетинин аткарылышынын жыйынтыгы бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду:
- камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жана мөөнөтү өтүп кеткен карыздардын толук көлөмүндө жыйналышын жакшыртууга жетишсин;
- Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетин кезектеги финансы жылына карата иштеп чыгууда киреше жана чыгаша бөлүктөрү боюнча пландык көрсөткүчтөрдүн реалдуу белгиленишин камсыз кылсын;
- Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун финансылык туруктуулугун чыңдоого багытталган мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жаатындагы мыйзам долбоорлорун өз мезгилинде демилгелесин.
Төраганын орун басары
Н.Алимбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-сентябрындагы № 489 "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2015-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету тууралуу" токтомуПостановление · 08.09.2016 · № 489 · Күчүн жоготкон