Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 11-апрели № 204 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 10-сентябрындагы № 464 токтомунун редакциясына ылайык) "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 4-февралындагы № 49 "Ченөө каражаттарын текшерүүчүлөргө аттестация өткөрүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ченөө каражаттарын текшерүүчүлөргө аттестация өткөрүүнүн тартиби:
- төмөнкүдөй мазмундагы 22-пункт менен толукталсын:
"22. Метрология боюнча улуттук органдын аттестациялык комиссиясынын чечимине даттануу "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген административдик (сотко чейинки) тартипте ишке ашырылат. Арыз берүүчү метрология боюнча улуттук органдын аттестациялык комиссиясынын административдик даттануу боюнча чечимине макул болбогон учурда ал сотко кайрылууга укуктуу.".
2. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 10-сентябрындагы № 464 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Ушул токтом "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
Т.А. Сариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (3)
- "Ченөө каражаттарын текшерүүчүлөргө аттестация өткөрүүнүн" тартиби (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 4-февралындагы № 49 токтому менен бекитилген)Порядок · 04.02.2013 · № 49
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 10-сентябрындагы № 464 "Өлчөө каражаттарынын тибин бекитүү жана (же) өлчөө каражаттарын текшерүү максатында юридикалык жактарга өлчөө каражаттарына сыноо…Постановление · 10.09.2019 · № 464
- "Ченөө каражаттарынын тибин бекитүү жана (же) ченөө каражаттарын текшерүү максатында юридикалык жактарга ченөө каражаттарына сыноо жүргүзүүгө жана (же) стандарттык үлгүлөрдү…Порядок · 04.07.2013 · № 401 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндөЗакон · 31.07.2015 · № 210
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 10-сентябрындагы № 464 "Өлчөө каражаттарынын тибин бекитүү жана (же) өлчөө каражаттарын текшерүү максатында юридикалык жактарга өлчөө каражаттарына сыноо…Постановление · 10.09.2019 · № 464
- КР Ɵкмɵтүнүн 2013-жылдын 4-февралындагы № 49 "Ченөө каражаттарын текшерүүчүлөргө аттестация өткөрүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 04.02.2013 · № 49
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 4-июлундагы № 401 "Ченөө каражаттарынын тибин бекитүү жана (же) ченөө каражаттарын текшерүү максатында юридикалык жактарга ченөө каражаттарына сыноо…Постановление · 04.07.2013 · № 401 · Күчүн жоготкон