Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
«Ченөө каражаттарынын тибин бекитүү жана (же) ченөө каражаттарын текшерүү максатында юридикалык жактарга ченөө каражаттарына сыноо жүргүзүүгө жана (же) стандарттык үлгүлөрдү аттестациялоого укук берүүнүн жана укукту кайра алып коюунун» Тартиби (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген)
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 10 сентября 2019 года № 464 "Об утверждении Порядка предоставления и отзыва права на проведение испытаний средств измерений и (или) аттестации стандартных образцов с целью утверждения типа и (или) поверки средств измерений юридическим лицам"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2019-09-10.
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 10-сентябрындагы № 464 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 4-июлундагы № 401 токтому менен бекитилген Ченөө каражаттарынын тибин бекитүү жана (же) ченөө каражаттарын текшерүү максатында юридикалык жактарга ченөө каражаттарына сыноо жүргүзүүгө жана (же) стандарттык үлгүлөрдү аттестациялоого укук берүүнүн жана укукту кайра алып коюунун ТАРТИБИ (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 25-марты № 153, 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 204 токтомдун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул Тартип ченөө каражаттарынын тибин бекитүү жана (же) ченөө каражаттарын текшерүү максатында юридикалык жактарга таандыктыгына жана менчигинин формасына карабастан ченөө каражаттарына сыноо жүргүзүүгө жана (же) стандарттык үлгүлөрдү аттестациялоого укук берүүнүн, укукту узартуунун жана кайра алып коюунун тартибин белгилейт.
2. Метрология боюнча улуттук органда тийиштүү эталондор жок болсо ченөөлөрдүн айрым түрлөрү боюнча ченөөнүн бирдейлигин камсыздоочу мамлекеттик органдын чечими менен ченөө каражаттарынын тибин бекитүү жана (же) ченөө каражаттарын текшерүү максатында курамында метрологиялык кызматтар (мындан ары - метрологиялык кызматтар) иштеген юридикалык жактарга ченөө каражаттарына сыноо жүргүзүүгө жана (же) стандарттык үлгүлөрдү аттестациялоого укук берүүгө болот.
3. Ченөө каражаттарынын тибин бекитүү жана (же) ченөө каражаттарын текшерүү максатында ченөө каражаттарына сыноо жүргүзүүгө жана (же) стандарттык үлгүлөрдү аттестациялоого укук иштин айтылган тармактарында ченөө каражаттарын жасоо, импорттоо, сатуу жана оңдоо боюнча иштерди аткарбоочу метрологиялык кызматтарга берилет.
2. Ченөө каражаттарынын тибин бекитүү жана (же) ченөө каражаттарын текшерүү максатында ченөө каражаттарына сыноо жүргүзүүгө жана (же) стандарттык үлгүлөрдү аттестациялоого укук алууга талапкер метрологиялык кызматтарга карата талаптар
4. Метрологиялык кызматтардын иши Кыргыз Республикасынын ченөөлөрдүн бирдейлигин камсыздоочу мыйзамдарына ылайык жүргүзүлүүгө тийиш.
5. Метрологиялык кызматта бул иш үчүн керектүү төмөнкүдөй шарттары болууга тийиш:
- жабдуулар жана жайлар;
- квалификациялуу персонал;
- пайдаланылуучу эталондордун жана ченөө каражаттарынын байкоодо болушу.
6. Метрологиялык кызмат ченөөлөрдүн бирдейлигин камсыздоо боюнча мамлекеттик органга жана метрология боюнча улуттук органга өзүнүн иши жөнүндө маалыматты жыл сайын берүүгө тийиш.
7. Иштин тийиштүү түрдө аткарылбаганы жана Кыргыз Республикасынын "Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө" Мыйзамынын ченемдеринин талаптары аткарылбаганы үчүн жоопкерчилик юридикалык жактын жетекчисине жүктөлөт.
3. Ченөө каражаттарынын тибин бекитүү жана (же) ченөө каражаттарын текшерүү максатында метрологиялык кызматка ченөө каражаттарына сыноо жүргүзүүгө жана (же) стандарттык үлгүлөрдү аттестациялоого укук берүү
8. Метрологиялык кызмат ченөөлөрдүн бирдейлигин камсыз кылуу боюнча мамлекеттик органга төмөнкү документтерди тапшырат:
- ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык формада арыз;
- ченөө каражаттарынын тибин бекитүү жана (же) текшерүү максатында ченөө каражаттарына сыноо жүргүзүүчү метрологиялык кызматтын ишинин түрү жөнүндө маалымат, ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык форма боюнча;
- типти бекитүү максатында стандарттык үлгүлөрдү аттестациялоочу метрологиялык кызматтын ишинин түрү жөнүндө маалымат, ушул Тартиптин 3-тиркемесине ылайык форма боюнча;
- метрологиялык кызмат жөнүндө маалыматтар, 4-тиркемеге ылайык форма боюнча.
9. Ченөө каражаттарынын тибин бекитүү жана (же) текшерүү максатында ченөө каражаттарына сыноолорду жүргүзүүгө жана (же) стандарттык үлгүлөрдү аттестациялоого укук берүү жөнүндө чечимди кабыл алуу үчүн ченөөлөрдүн бирдейлигин камсыздоо боюнча мамлекеттик орган эксперттик комиссия түзөт. Эксперттик комиссиянын курамы ченөөлөрдүн бирдейлигин камсыздоо боюнча мамлекеттик органдын буйругу менен бекитилет.
10. Эксперттик комиссиянын курамына ченөөлөрдүн бирдейлигин камсыздоо боюнча мамлекеттик органдын, метрология боюнча улуттук органдын өкүлдөрү, иштин тапшырылган тармагындагы ченөөлөрдүн түрлөрү боюнча техникалык эксперттер киргизилет. Комиссиянын төрагасы ченөөлөрдүн бирдейлигин камсыздоо боюнча мамлекеттик органдын кызмат адамдарынын ичинен дайындалат.
11. Ченөөлөрдүн бирдейлигин камсыздоо боюнча мамлекеттик орган метрологиялык кызмат тапшырган документтерди метрология боюнча улуттук органга экспертизага берет.
12. Метрология боюнча улуттук орган тапшырылган документтерди экспертизалайт, документтерди тариздөөнүн тууралыгын жана толуктугун аныктайт. Экспертизанын жыйынтыгы боюнча ушул Тартиптин 5-тиркемесине ылайык форма боюнча корутундуну тариздейт.
13. Экспертизанын жыйынтыгы канааттанарлык болбосо документтер метрологиялык кызматка толуктап иштеп чыгууга жиберилет.
14. Экспертизанын жыйынтыгын канааттанарлык эмес деп эсептөө үчүн негизги критерийлер төмөнкүлөр:
- жумуштарды аткарууга арыздарды анализдөөнүн, анын ичинде метрологиялык кызматтын мүмкүнчүлүктөрүн жана ресурстарына анализдин жол-жобосун толук баяндабагандык;
- метрологиялык кызматтын уюштуруу жана башкаруу структурасын толук баяндабагандык;
- иштин ыкмасын толук баяндабагандык.
15. Метрология боюнча улуттук органдын документтерди кароосунун жана экспертиза жасоосунун мөөнөтү документтерди алган күндөн баштап 10 иш күндөн ашык эмес.
16. Метрология боюнча улуттук органдын корутундусу эксперттик комиссияга жиберилет.
17. Корутундунун жыйынтыгы боюнча эксперттик комиссия метрологиялык кызматка жеринде текшерүү жүргүзөт.
18. Эксперттик комиссия метрологиялык кызматтын өзүндө төмөнкүлөрдү текшерет:
- техникалык жабдылышын (жабдуулар, ченөө каражаттары);
- жайлардын жана тийиштүү шарттардын болушун (температура, басым, нымдуулук ж.у.с);
- сыноолорду жүргүзүү үчүн колдонулуучу эталондордун жана ченөө каражаттарынын байкоодо болушу камсыздалганын (текшерилгени/калибровкасы жөнүндө күбөлүк);
- персоналдардын квалификациясын (иш тажрыйбасы, ченөө каражаттарын текшерүүчүнүн күбөлүгү бар экенин).
19. Эксперттик комиссия ченөө каражаттарын салыштырууну жана/же текшерүүнү уюштурат.
20. Эгерде метрологиялык кызматта иштин аткарылуучу тармагында аккредитациялык аттестаты бар болсо, эксперттик комиссия метрологиялык кызматты жеринде текшербестен ченөө каражаттарынын тибин бекитүү жана (же) текшерүү максатында ченөө каражаттарына сыноолорду жүргүзүүгө жана (же) стандарттык үлгүлөрдү аттестациялоого укук берүү тууралуу чечим чыгарат.
21. Метрологиялык кызматты текшерүүнүн жыйынтыгында эксперттик комиссия ушул Тартиптин 6-тиркемесине ылайык форма боюнча актыны тариздейт.
22. Ченөө каражаттарынын тибин бекитүү жана (же) текшерүү максатында ченөө каражаттарына сыноолорду жүргүзүүгө жана (же) стандарттык үлгүлөрдү аттестациялоого укук берүү жөнүндө корутундуну эксперттик комиссия актынын негизинде 1 жыл мөөнөткө чыгарат.
23. Эксперттик комиссиянын корутундусу ченөөлөрдүн бирдейлигин камсыздоо боюнча мамлекеттик органдын чечими менен таризделет.
24. Текшерүүдө терс жыйынтык болгон учурда эксперттик комиссия 7 иш күндүн ичинде метрологиялык кызматка ченөө каражаттарынын тибин бекитүү жана (же) текшерүү максатында ченөө каражаттарына сыноолорду жүргүзүүгө жана (же) стандарттык үлгүлөрдү аттестациялоого укук берүүдөн баш тартылганы жөнүндө маалымдайт.
25. Документтерди кароонун, экспертиза жасоонун жана метрологиялык кызматты жеринде текшерүү менен эксперттик комиссиянын чечим чыгаруусунун мөөнөтү метрология боюнча улуттук органдын корутундусун алган күндөн баштап 50 иш күндөн ашпайт.
4. Метрологиялык кызматтын ченөө каражаттарынын тибин бекитүү жана (же) текшерүү максатында ченөө каражаттарына сыноолорду жүргүзүүгө жана (же) стандарттык үлгүлөрдү аттестациялоого укугун узартуу
26. Метрологиялык кызмат ченөөлөрдүн бирдейлигин камсыздоо боюнча мамлекеттик органга төмөнкү документтерди тапшырат:
- ушул Тартиптин 7-тиркемесине ылайык формадагы арыз;
- тибин бекитүү жана (же) текшерүү максатында ченөө каражаттарына сыноолорду жүргүзүүчү метрологиялык кызматтын ишинин түрү жөнүндө маалымат, ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык формада;
- тибин бекитүү максатында стандарттык үлгүлөрдү аттестациялоочу метрологиялык кызматтын ишинин түрү жөнүндө маалымат, ушул Тартиптин 3-тиркемесине ылайык формада;
- иштеген тармактагы аккредитациянын аттестаты.
27. Ченөө каражаттарынын тибин бекитүү жана (же) текшерүү максатында ченөө каражаттарына сыноолорду жүргүзүүгө жана (же) стандарттык үлгүлөрдү аттестациялоого укукту узартуу жөнүндө чечимди чыгаруу үчүн ченөөлөрдүн бирдейлигин камсыздоо боюнча мамлекеттик орган эксперттик комиссия түзөт. Эксперттик комиссиянын курамы ченөөлөрдүн бирдейлигин камсыздоо боюнча мамлекеттик органдын буйругу менен бекитилет.
28. Эксперттик комиссиянын курамына ченөөлөрдүн бирдейлигин камсыздоо боюнча мамлекеттик органдын, метрология боюнча улуттук органдын өкүлдөрү киргизилет. Комиссиянын төрагасы ченөөлөрдүн бирдейлигин камсыздоо боюнча мамлекеттик органдын кызмат адамдарынын ичинен дайындалат.
29. Эксперттик комиссиянын документтерди кароо мөөнөтү документтер кабыл алынган күндөн тартып 20 иш күндөн ашык эмес.
30. Эксперттик комиссия тапшырылган документтердин негизинде ченөө каражаттарынын тибин бекитүү жана (же) текшерүү максатында ченөө каражаттарына сыноолорду жүргүзүүгө жана (же) стандарттык үлгүлөрдү аттестациялоого укукту узартуу жөнүндө чечим чыгарат.
31. Эксперттик комиссиянын корутундусу ченөөлөрдүн бирдейлигин камсыздоо боюнча мамлекеттик органдын чечими менен таризделет.
32. Метрологиялык кызматка ченөө каражаттарынын тибин бекитүү жана (же) текшерүү максатында ченөө каражаттарына сыноолорду жүргүзүүгө жана (же) стандарттык үлгүлөрдү аттестациялоого укук 4 жыл мөөнөткө узартылат.
33. Ченөө каражаттарынын тибин бекитүү жана (же) текшерүү максатында ченөө каражаттарына сыноолорду жүргүзүүгө жана (же) стандарттык үлгүлөрдү аттестациялоого укугу узартылган метрологиялык кызмат ченөөлөрдүн бирдейлигин камсыздоо боюнча мамлекеттик органга аккредитация боюнча улуттук орган жүргүзгөн инспекциялык контролдоонун жыйынтыктарын жыл сайын берүүгө тийиш.
5. Ченөө каражаттарынын тибин бекитүү жана (же) текшерүү максатында ченөө каражаттарына сыноолорду жүргүзүүгө жана (же) стандарттык үлгүлөрдү аттестациялоого укукту метрологиялык кызматтан кайра алуу
34. Ченөө каражаттарынын тибин бекитүү жана (же) текшерүү максатында ченөө каражаттарына сыноолорду жүргүзүүгө жана (же) стандарттык үлгүлөрдү аттестациялоого укукту метрологиялык кызматтан кайра алуу төмөнкүдөй учурларда болот:
- өз иши тууралуу жылдык маалыматты бербегенде;
- аккредитация боюнча улуттук орган жүргүзгөн инспекциялык контролдоонун жыйынтыгын учурдагы календардык жылдын акырына чейин бербегенде;
- пайдаланылчу эталондорго жана ченөө каражаттарына байкоо жок болгондо.
35. Ченөө каражаттарынын тибин бекитүү жана (же) текшерүү максатында ченөө каражаттарына сыноолорду жүргүзүүгө жана (же) стандарттык үлгүлөрдү аттестациялоого укукту метрологиялык кызматтан кайра алуу жөнүндө корутундуну метрологиялык кызматка ченөө каражаттарынын тибин бекитүү жана (же) текшерүү максатында ченөө каражаттарына сыноолорду жүргүзүүгө жана (же) стандарттык үлгүлөрдү аттестациялоого укук берген эксперттик комиссия чыгарат.
36. Эксперттик комиссиянын корутундусу ченөөлөрдүн бирдейлигин камсыздоо боюнча мамлекеттик органдын чечими менен таризделет.
37. Ченөөлөрдүн бирдейлигин камсыздоо боюнча мамлекеттик орган 10 иш күндүн ичинде метрологиялык кызматка кабыл алынган чечим тууралуу маалыматты жиберет.
38. Ченөөлөрдүн бирдейлигин камсыздоо боюнча мамлекеттик органдын чечимине даттануу "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген административдик (сотко чейинки) тартипте ишке ашырылат. Арыз берүүчү ченөөлөрдүн бирдейлигин камсыздоо боюнча мамлекеттик органдын аттестациялык комиссиясынын административдик даттануу боюнча чечимине макул болбогон учурда ал сотко кайрылууга укуктуу.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 204 токтомунун редакциясына ылайык)
Ченөө каражаттарынын тибин бекитүү жана (же) ченөө каражаттарын текшерүү максатында юридикалык жактарга ченөө каражаттарына сыноо жүргүзүүгө жана (же) стандарттык үлгүлөрдү аттестациялоого укук берүүнүн жана укукту кайра алып коюунун тартибине 1-тиркеме
Форма
_____________________ _____________________
АРЫЗ
__________________________________________________________________ юридикалык жактын аталышы _______________________________________________________________________
_____________________________________________ укугун берүүнү суранабыз. укук тармагында аткарылуучу иштин түрү (түрлөрү)
Жетекчинин аты-жөнү _________________________________________________________ Дареги, телефону _________________________________________________________ Тиркеме: паспорт, иштин түрү жөнүндө информация жана метрологиялык кызмат жөнүндө маалымат.
Жетекчи ________________ ________________________________________ колу аты-жөнү
М.О.
Ченөө каражаттарынын тибин бекитүү жана (же) ченөө каражаттарын текшерүү максатында юридикалык жактарга ченөө каражаттарына сыноо жүргүзүүгө жана (же) стандарттык үлгүлөрдү аттестациялоого укук берүүнүн жана укукту кайра алып коюунун тартибине 2-тиркеме
Форма
Иштин түрү жөнүндө МААЛЫМАТ
______________________________________________________ юридикалык жактын аталышы _____________________________________________________________ укук иштин түрү (түрлөрү)
| № | Ченөөнүн түрү | Сыналуучу жана (же) текшерилүүчү ├─────────┬──────────────┤ ченөө каражаттарынын тобунун аталышы, тиби | Метрологиялык мүнөздөмөлөр Ченөө диапазону | Эскертүү Тактык классы (ТК), ката (К) | |
|---|---|---|---|---|---|
Эскертүү: Ченөөлөрдүн түрү ченөө каражаттарынын тобунун кодификатору боюнча аныкталат (МИ 2314-2000).
Жетекчи ________________ ________________________________________ колу аты-жөнү
М.О.
Ченөө каражаттарынын тибин бекитүү жана (же) ченөө каражаттарын текшерүү максатында юридикалык жактарга ченөө каражаттарына сыноо жүргүзүүгө жана (же) стандарттык үлгүлөрдү аттестациялоого укук берүүнүн жана укукту кайра алып коюунун тартибине 3-тиркеме
Форма
Иштин түрү жөнүндө МААЛЫМАТ
______________________________________________________ юридикалык жактын аталышы
Типти бекитүү максатында стандарттык үлгүлөрдү аттестациялоо укугуна
| № | Стандарттык үлгүлөрдүн түрлөрү: курамдын стандарттык үлгүлөрү/касиетинин стандарттык үлгүлөрү | Коду: заттын санынын/ченөөнүн түрүнүн категориясы | Аталышы: заттын санынын/ченөөнүн түрүнүн категориясы | Эскертүү |
|---|---|---|---|---|
Жетекчи ________________ ________________________________________ колу аты-жөнү
М.О.
Ченөө каражаттарынын тибин бекитүү жана (же) ченөө каражаттарын текшерүү максатында юридикалык жактарга ченөө каражаттарына сыноо жүргүзүүгө жана (же) стандарттык үлгүлөрдү аттестациялоого укук берүүнүн жана укукту кайра алып коюунун тартибине 4-тиркеме
Форма
Метрологиялык кызмат жөнүндө МААЛЫМАТ
1. Информациялык маалыматтар
Курамында метрологиялык кызмат иштеген юридикалык жактын аталышы жана юридикалык дареги ___________________________________________ _______________________________________________________________________ Телефону, факсы, e-mail __________________________________________ Жетекчинин аты-жөнү _________________________________________________________
2. Сыналуучу жана (же) текшерилүүчү ченөө каражаттары жөнүндө маалымат
| № ├────────┬───────────────┼────────┬───────────────┤сыноо жана | Сыналуучу жана (же) текшерилүүчү ченөө каражаттары Ченөө каража- тынын ├──────┬────────┤ тынын ├──────┬────────┤методдору- аталышы, тиби | Сыноолорду жана (же) текшерүүнү жүргүзүү үчүн каражаттар Метрологиялык мүнөздөмөлөр Ченөө диапа- зону | Ченөө каражат- тарын Ченөө каража- Тактык классы (ТК), разряд (Р), ката (К) | Эс- кер- түү Метрологиялык мүнөздөмөлөр аталышы, тиби | (же) текшерүү Ченөө диапа- зону | Тактык классы (ТК), разряд (Р), ката (К) | на карата ченемдик документ- тердин аталышы | |
|---|---|---|---|---|---|---|---|---|
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 |
Эскертүү:
1. Форма ченөөнүн ар бир түрү үчүн эталондук үлгүдөн тартып ченөөнүн иш каражаттарына чейин толтурулат.
2. Ченөө каражаттарына сыноо жана (же) текшерүү жүргүзүү үчүн каражаттарда ченөө каражаттарын сыноого жана (же) текшерүүгө ченемдик документтер боюнча керектүү, ченөө каражаттарына сыноолорду жана (же) текшерүүлөрдү жүргүзүү үчүн бардык болгон эталондор жана каражаттардын комплектилөөчүлөрү көрсөтүлөт.
3. Эталондор менен жабдылышы
| № | Эталондун аталышы, тиби | Өндүрүүчү ишкананын аталышы, ├──────┬───────┬───────┤ схема- эталондун заводдук номери, чыгарыл- ган жылы | Метрологиялык мүнөздөмөлөр жери, Ченөө диапа- зону | Текше- рүү жөнүн- Тактык классы (ТК) ката (К) разряд (Р) | Текше- рүү Ченөө- нүн анык эмес- тиги (маалы- маттары болсо | Текше- рүү сына карата ченем- дик доку- мент- терди белги- лөө | уюмдун аталышы | дө күбө- лүктүн номе- ри, анын жарак- туулук мөөнө- тү |
|---|---|---|---|---|---|---|---|---|
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 |
4. Сыноочу жана көмөкчү жабдуулар менен жабдылышы (типти бекитүү максатында стандарттык үлгүлөрдү аттестациялоодо)
| № | Стан- дарттык үлгүлөр- дүн түрлөрү | Стан- дарттык үлгүлөр- дүн катего- рияла- рынын аталышы | Сыноо жабдуу- сунун (СЖ) аталышы, тиби (марка), заводдук жана инвен- тардык номери | Өндүрүү- чү (өлкө, ишкана, фирма, чыгарыл- ган жылы) | Негизги техника- лык мүнөздө- мөлөр, ченөөдө- гү катала- рын көрсөтүү менен | Пайдала- нууга киргизүү жылы | Сыноо жабдуу- сун аттес- тация- лоо туура- луу доку- менттин күнү жана номери, ким тарабы- нан берил- ген, анын жарак- туулук мөөнөтү | Эс- кер- түү |
|---|---|---|---|---|---|---|---|---|
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 |
Эскертүү: Таблица бөлүмдөр боюнча толтурулат:
1. Жалпы өнөр жайлык пайдалануу үчүн серия түрүндө чыгарылуучу сыноо жабдуусу.
2. Тармактык пайдалануунун серия түрүндө чыгарылуучу сыноо жабдуусу.
3. Жеке иштеп чыгуунун стандарттык эмес сыноо жабдуусу.
4. Көмөкчү жабдуу.
5. Сыноолордун бирдей эле түрлөрүндө, бирок продукциянын ар кандай түрлөрүндө пайдаланылуучу сыноолук жана көмөкчү жабдуу 1 жолу көрсөтүлөт.
5. Стандарттык үлгүлөрдү аттестациялоо үчүн ченөө каражаттары менен жабдылышы
| № | Стандарт- тык үлгүнүн катего- риясынын аталышы | Ченөө каражат- тын аталышы, тиби (марка- сы), заводдук номери | Өндүрүү- чү (өлкө, ишкана, фирма, чыгарыл- ган жылы) | Пайдала- нууга киргизүү├──────┬────────┤ текше- жылы, инвен- тардык номери | Метрологиялык мүнөздөмөлөр түү Ченөө диапа- зону | Ченөө каражаты Ченөөнүн тактык классы же катасы, бөлүү баасы | Эс- кер- рилгени жөнүндө доку- менттин күнү жана номери, ким тарабы- нан берил- ген, анын жарак- туулук мөөнөтү |
Эскертүү: Жумуштардын бирдей эле түрлөрүндө, бирок продукциянын ар кандай түрлөрүндө пайдаланылуучу сыноолук жана көмөкчү жабдуу 1 жолу көрсөтүлөт.
6. Аналитикалык контролдоодо стандарттык үлгүлөр менен жабдылышы (типти бекитүү максатында стандарттык үлгүнү аттестациялоодо)
| № | Стан- дарттык үлгүнүн аталы- шы, тиби, номери жана катего- риясы | Стан- дарттык үлгүнү иштеп чыгуучу | Арна- лышы (гра- ├──────┬───────┬──────┤тарти- дуи- ровка) | Метрологиялык мүнөздөмөлөр тык Аттес- тация- ланган маани- нин аталы- шы | Пайда- лануу тык Аттес- тация- ланган маани- нин катасы | Стан- дарт- Кошум- ча маалы- маттар | Стан- дарт- бине жана шарт- тарына карата ченем- дик доку- мент- тер | үлгү чыга- рылган күн | үлгү- нүн жа- рак- туу лук мөө- нөтү |
|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 |
7. Метрологиялык кызматтын өндүрүштүк жайларынын абалы
| Ченөө кара- жатта- рына сыноону жана (же) текше- рүүнү жүргү- зүү үчүн жайдын арналы- шы | Атайын же ылайык- ташты- рылган | Аянт, кв.м | Темпе- ратура, град.С, нымдуу- лук, % | Иш орун- дардын жарык- тыгы, лк/КЕО % | Чаңдын же газ- дардын дең- гээли, мг/ куб.м | Ызы- чуу- нун дең- гээ- ли, дБ | Жол- тоо дең- гээли | Атайын жаб- дуу- нун бар болушу (вен- тиля- ция- лык, жол- тоодон коргоо ж.б.) | Жайды метро- логия- лык кыз- матка пайда- лануу- га урук- сат берүү- чү доку- мент |
|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 |
8. Метрологиялык кызматтын кадрдык курамы
| № | Аты-жөнү | Кызматы | Билими, адистиги | Укук тармагына ылайык кызмат- чылар тарабынан аткары- луучу жумуштар- дын түрлөрү | Курамына метрология- лык кызмат кирген уюмда кызматкер- лерди аттестация- лоо протоколу- нун күнү жана номери, аттестация- нын мезгилдүү- лүгү | Квалифи- кацияны жогорула- туу жөнүндө күбөлүк- түн номери жана алган күнү | Эскер- түү |
|---|---|---|---|---|---|---|---|
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 |
9. Жүргүзүлүүчү иштерге талаптарды белгилөөчү ченемдик документтердин тизмеси
| № | Ченемдик документти белгилөө | Ченемдик документтин аталышы | Ченемдик документ колдонууга киргизилген күн жана ченемдик документтин жарактуулук мөөнөтү | Өзгөртүүлөрдүн номерлери, киргизүү күнү | Эскертүү |
|---|---|---|---|---|---|
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 |
Ченөө каражаттарынын тибин бекитүү жана (же) ченөө каражаттарын текшерүү максатында юридикалык жактарга ченөө каражаттарына сыноо жүргүзүүгө жана (же) стандарттык үлгүлөрдү аттестациялоого укук берүүнүн жана укукту кайра алып коюунун тартибине 5-тиркеме
Форма
Метрология боюнча улуттук органдын КОРУТУНДУСУ
__________________________________________________________________ юридикалык жактын аталышы _____________________________________________ жүргүзүү укугуна талапкер иштин түрү (түрлөрү) документтерде берилген маалыматтарды талдоонун негизинде төмөнкү корутунду чыгарылды: _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
Жетекчи ________________ ________________________________________ колу аты-жөнү
М.О.
Күнү 201_-ж. ___________
Ченөө каражаттарынын тибин бекитүү жана (же) ченөө каражаттарын текшерүү максатында юридикалык жактарга ченөө каражаттарына сыноо жүргүзүүгө жана (же) стандарттык үлгүлөрдү аттестациялоого укук берүүнүн жана укукту кайра алып коюунун тартибине 6-тиркеме
Форма
Метрологиялык кызматты текшерүүнүн АКТЫСЫ
__________________________________________________________________ Юридикалык жактын аталышы
201_-ж. "__" __________ тартып "__" __________ чейин Төмөнкү курамдагы комиссия: комиссиянын төрагасы _________________________________________________________ аты-жөнү, кызматы, иштеген жери комиссиянын мүчөлөрү _________________________________________________________ аты-жөнү, кызматы, иштеген жери __________________________________________________________________ аты-жөнү, кызматы, иштеген жери укук берүү максатында текшерүүнү жүргүздүм _______________________________________________________________________ иштин түрү (түрлөрү) текшерүүдө аныкталды:
| № | Баалоо критерийлери | Корутунду |
|---|---|---|
| 1 | Текшерүү жүргүзүү учурунда ишкананын статусу, уюштуруу структурасы, администрациялык баш ийүүчүлүгү __________________________________ иштин түрүн (түрлөрүн) ишке ашыруу үчүн керектүү ресурстардын бар болушу | |
| 2 | _____________________________________________ иштин түрүн (түрлөрүн) аткаруу үчүн каражаттар менен жабдылышы жана алардын абалы | |
| 3 | Эталондорго байкоо жүргүзүүнүн камсыздалышы | |
| 4 | _____________________________________________ иштин түрү (түрлөрү) үчүн лабораториялык жайлардын абалы | |
| 5 | ченөө бирдейлигин камсыздоо боюнча документтер менен, анын ичинде _____________________________________________ иш түрү (түрлөрү) жаатында ишти регламенттөөчү расмий басылмалар менен камсыздалышы. Аны актуалдаштыруу боюнча иштерди жүргүзүү. Документтердин абалы жана жүргүзүлүшү. | |
| 6 | _____________________________________ жаатында иш түрү (түрлөрү) персоналдын квалификациясы жана иш тажрыйбасы. Квалификацияны жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштин абалы. | |
| 7 | Каттоо жана жыйынтыктарды сактоо системасынын абалы жана иштеши. | |
| 8 | Кызматтарды көрсөтүү системасынын абалы жана иштеши. | |
| 9 | Байкоо алдында салыштыруунун же текшерүүнүн жыйынтыктары. |
Комиссия сунуш кылат: __________________________________________________________________ комиссиянын сын-пикирлери жана дооматтары Корутунду: __________________________________________________________________ укукту берүүгө карата комиссиянын рекомендациясы, мөөнөтү менен
Комиссиянын төрагасы ___________ ________________________________ колу аты-жөнү комиссиянын мүчөлөрү ___________ ________________________________ колу аты-жөнү ___________ ________________________________ колу аты-жөнү ___________ ________________________________ колу аты-жөнү
Акты менен тааныштым
Уюмдун жетекчиси ____________ ___________________________________ колу аты-жөнү
Ченөө каражаттарынын тибин бекитүү жана (же) ченөө каражаттарын текшерүү максатында юридикалык жактарга ченөө каражаттарына сыноо жүргүзүүгө жана (же) стандарттык үлгүлөрдү аттестациялоого укук берүүнүн жана укукту кайра алып коюунун тартибине 7-тиркеме
Форма
_____________________ _____________________
АРЫЗ
__________________________________________________________________ юридикалык жактын аталышы _______________________________________________________________________
_____________________________________________ укугун берүүнү суранабыз. укук тармагында аткарылуучу иштин түрү (түрлөрү)
Жетекчинин аты-жөнү _________________________________________________________ Дареги, телефону _________________________________________________________ Тиркеме: иштин тармагы боюнча маалымат, аккредитациялоо аттестаты.
Жетекчи ________________ ________________________________________ колу аты-жөнү
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (6)
- Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндөЗакон · 09.07.2014 · № 118
- Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндөЗакон · 31.07.2015 · № 210
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 10-сентябрындагы № 464 "Өлчөө каражаттарынын тибин бекитүү жана (же) өлчөө каражаттарын текшерүү максатында юридикалык жактарга өлчөө каражаттарына сыноо…Постановление · 10.09.2019 · № 464
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 4-июлундагы № 401 "Ченөө каражаттарынын тибин бекитүү жана (же) ченөө каражаттарын текшерүү максатында юридикалык жактарга ченөө каражаттарына сыноо…Постановление · 04.07.2013 · № 401 · Күчүн жоготкон
6 ичинен 4 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндөЗакон · 10.08.2007 · № 149 · Күчүн жоготкон