Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «2025-жылга чейинки мезгилге Ош шаарынын башкы планы жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 29-марты № 160 2025-жылга чейинки мезгилге Ош шаарынын башкы планы жөнүндө Ош шаарынын аймагында келечекте шаар курууну өнүктүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- 2025-жылга чейинки мезгилге Ош шаарынын башкы планы (мындан ары - Башкы план) 1-тиркемеге ылайык;
- Башкы пландын негизги техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрү 2-тиркемеге ылайык.
2. Ош шаарынын мэриясына төмөнкүлөр сунушталсын:
- кызыкдар тараптар менен бирге Башкы планга ылайык Ош шаарынын шаардык чегинин жана шаар четиндеги зонасынын чегинин долбоорун иштеп чыгуу процессин тездетүү;
- Ош шаарынын мамлекеттик шаар куруу кадастрын иштеп чыгуу жана бекитүү.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
Т.А. Сариев
1-тиркеме Ош шаарынын 2025-жылга чейинки БАШКЫ ПЛАНЫ
(Кагаз тyрyрyндѳгyсy юстиция министрлигинде)
2-тиркеме 2025-жылга чейинки мезгилге Ош шаарынын башкы планынын негизги техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрү
№
Көрсөткүчтөрдүн аталышы
Өлчөө бирдейлиги
2015-жылдын 1-январына карата
Эсептик 2025-жылга карата
1
Ош шаарынын аймагы, баары
миң га
16,654
20,360
анын ичинде:
шаардык чегинен тышкары
4,461
4,644
шаардык чегинде
12,194
15,717
2
Шаар тибиндеги аймактар, баары
миң га
5,705
9,357
анын ичинде селитебдүү зона
3,191
5,731
3
Ош шарынын шаар четиндеги зонасы, баары
-
56,045
анын ичинде:
калктуу конуштардын жерлери
-
17,278
иштеп жаткан "Ош" эл аралык аэропортун кеңейтүү
-
0,183
Табигый жана айылдык ландшаф жерлери
-
38,584
4
Калктын саны
миң адам
270,292
605,3
5
Турак жай фонду, баары
миң м2
4751,3
13909,5
анын ичинде:
сакталуучу
3622,2
реконструкциялоонун эсебинен жаңы курулуш
7457,7
бош аймактардагы жаңы курулуш
2829,6
6
Жаңы турак жай фонду, баары
миң м2
10287,3
анын ичинде кабаттар боюнча:
бакча курулушу
550,3
бийик курулуш (9 кабаттан жогору)
57,3
көп кабаттуу курулуш (4-8 кабат)
8726,2
орто кабаттуу курулуш (3 кабатка чейин)
953,5
7
Бир тургундун турак жай аянты менен камсыз болуусу
м2/адам
15,1
22,98
8
Тейлөө мекемелеринин жалпы аянты
миң м2
1306,3
5933,6
9
Суунун суммалык керектелүүсү
миң м3/сут
321,108
485,59
10
Жылуулуктун суммалык керектелүүсү
Гкал/жыл
3299100
4943200
11
Электр энергиясынын суммалык керектелүүсү
млн. кВт. саат/жыл
398,63
1293,89
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон