Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Ош шаардык кеңешинин «Ош шаарынын борбордук бөлүгүнүн деталдык пландоо долбоорун бекитүү жөнүндө» токтому
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XХIII СЕССИЯСЫ (V ЧАКЫРЫЛЫШ) 2023-жылдын 27-декабры №182 Ош шаарынын борбордук бөлүгүнүн деталдык пландоо долбоорун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесин жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ош шаарынын шаар курууну өнүктүрүү концепциясын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-мартындагы №160 токтому менен бекитилген Ош шаарынын башкы планынын негизинде, Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары М.Исаевдин Ош шаарынын борбордук бөлүгүнүн деталдык пландоо долбоору жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2023-жылдын 29-ноябрындагы №47 чечимин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1.Ош шаарынын борбордук бөлүгүнүн деталдык пландоо долбоору тиркемеге ылайык бекитилсин. (тиркелет)
2.Ош шаарынын мэриясына (Б.Жетигенов):
-Ош шаарынын борбордук бөлүгүн инженердик инфраструктура менен камсыздоо жагы колго алынсын; -Ош шаарынын борбордук бөлүгүнүн деталдык пландоо долбоорунан сырткаркы аймактардын кызыл сызыктарын түзүү жана долбоорлоо маселеси иштелип чыгып, Ош шаардык Кеңешинин кароосуна сунушталсын; -айлана чөйрөнүн абалын жакшыртуу жана стабилдештирүү максатында “Ош шаарынын аймагындагы суу коргоо тилкелеринин долбоору” техникалык мүнөздөмөлөргө ылайык иштелип чыксын; -шаардын борбордук бөлүгүндө катталган жеке менчик жер тилкелердин максаттык багыттарын өзгөртүү мыйзамда белгиленген тартипте жүргүзүлсүн.
3.Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгына (Каныбек уулу А.):
- Көкүм бий көчөсү, Батыш долбоордук жолу, Курманжан датка көчөсү, С.Касымбеков көчөсү, И.Раззаков көчөсү, Авиценна көчөсү, Ак-Төбө каналы, Чыгыш долбоорлонуучу көчөлөрү, Ы.Монуев көчөсү, санаторийдин аймагы менен, Увам каналы, Н.Исанов көчөсү, Ак-Буура дарыясы, А.Сүйүмбаев көчөсү, №43 көчө, Түштүк-Батыш долбоорлонуучу көчөсү, А.Мамыров көчөсү, Б.Осмонов көчөсү, Батыш долбоорлонуучу көчөлөрү менен чектелген аймакта долбоорлоого чейинки уруксат иш кагаздарды даярдоодо жана курулуш долбоорлорун макулдушууларда Ош шаарынын борбордук бөлүгүнүн деталдык пландоо долбоору жетекчиликке алынсын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2015-жылдын 31-декабрындагы №1 нпа буйругу менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын аймагындагы шаарларда, калктуу конуштарда кызыл жана башка сызыктарды долбоорлоо жана белгилөө тартиби жөнүндө” Жобосунун негизинде кызыл сызыктардын планы бекитилгенден кийин бөлүктөргө бөлүнгөн чиймелердин негизинде планшетке топографиялык негизде 1:2000 масштабында түшүрүлсүн жана бөлүктөргө бөлүнгөн чийменин каттоо номери дайындалсын.
4.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
5.Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Бакир уулу Ш.) жүктөлсүн.
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде Ош шаарынын борбордук бөлүгүнүн деталдык пландоо долбоорунун кагаз түрүндөгү варианты
Ош шаардык Кеңешинин төрагасы
С.С.Назылбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2015-жылдын 31-декабрындагы № 1-нпа "Кыргыз…Приказ · 31.12.2015 · № 1-нпа
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-мартындагы № 160 "2025-жылга чейинки мезгилге Ош шаарынын башкы планы жөнүндө" токтомуПостановление · 29.03.2016 · № 160
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон