Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 17-октябрындагы № 706 „Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, Кыргыз Республикасынын аскердик башка түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскер кызматы каралган мамлекеттик органдардын аскер кызматчыларынын азык-түлүк паегунун нормалары жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу»
КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 16-февралындагы № 44 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТОТ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 26-январы № 34 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 17-октябрындагы № 706 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, Кыргыз Республикасынын аскердик башка түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскер кызматы каралган мамлекеттик органдардын аскер кызматчыларынын азык-түлүк паегунун нормалары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын мөөнөттүү кызматынын аскер кызматчыларынын азык-түлүк паегунун нормаларын белгилөө максатында, "Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 17-октябрындагы № 706 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, Кыргыз Республикасынын аскердик башка түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскер кызматы каралган мамлекеттик органдардын аскер кызматчыларынын азык-түлүк паегунун нормалары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пунктунда:
"Офицерлерге, прапорщиктерге, мөөнөтүнөн тышкары жана мөөнөттүү кызматтагы аскер кызматкерлерине" деген сөздөр "Контракт боюнча аскер кызматын жана мөөнөттүү аскер кызматын өтөгөн аскер кызматчыларына" деген сөздөр менен алмаштырылсын; "паек (Кыргыз Республикасынын мамлекеттик күзөт органынын Президенттик полкунун мөөнөттүү кызматынын аскер кызматчылары үчүн) деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын мөөнөттүү аскер кызматынын аскер кызматчылары үчүн паек" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- аталган токтомдун 9-тиркемесинин аталашындагы "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматынын Президенттик полкунун мөөнөттүү кызматынын аскер кызматчылары үчүн" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын мөөнөттүү аскер кызматынын аскер кызматчылары үчүн" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтомдун 1-пунктун ишке ашырууга байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын тийиштүү жылга каралган бюджетинин чегинде жүргүзүлсүн.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
Т.А. Сариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Постановление Правительства КР от 17 октября 2002 года №706 "О нормах продовольственного пайка военнослужащих Вооруженных Сил Кыргызской Республики"Постановление · 17.10.2002 · № 706 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- О статусе военнослужащихЗакон · 01.07.1992 · № 930-XII
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 16-февралы № 44 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, Кыргыз Республикасынын башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат…Постановление · 16.02.2021 · № 44
- Постановление Правительства КР от 17 октября 2002 года №706 "О нормах продовольственного пайка военнослужащих Вооруженных Сил Кыргызской Республики"Постановление · 17.10.2002 · № 706 · Күчүн жоготкон