Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Тарых жана маданият жылын даярдоо жана өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекцияны түзүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 21 февраля 2018 года № 106 "О признании утратившим силу постановления Правительства Кыргызской Республики "Об учреждении Государственной дирекции по подготовке и проведению Года истории и культуры" от 19 января 2016 года № 21"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2018-02-21.
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 21-февралындагы № 106 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 19-январы № 21 Тарых жана маданият жылын даярдоо жана өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекцияны түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын 30-декабрындагы № 286 "2016-жылды Тарых жана маданият жылы деп жарыялоо жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Тарых жана маданият жылын даярдоо жана өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекция (мындан ары - Мамлекеттик дирекция) түзүлсүн.
2. Мамлекеттик дирекция жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Мамлекеттик дирекция Тарых жана маданият жылын даярдоо жана өткөрүү мезгилине карата түзүлөөрү белгиленсин.
4. Мамлекеттик дирекция бир жумалык мөөнөттө:
- Мамлекеттик дирекциянын жетекчилиги дайындалгандан кийин Мамлекеттик дирекциянын аппаратынын түзүмүн жана штаттык санын иштеп чыксын жана белгиленген тартипте бекитүүгө киргизсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу уюштуруучулук жана башка чараларды көрсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашуу боюнча "Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилгенге чейин Мамлекеттик дирекцияга акча каражатын издеп тапсын жана каржылоону жүргүзсүн;
- Мамлекеттик дирекцияны кармоого финансылык каражатты карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун белгиленген тартипте иштеп чыксын жана киргизсин.
6. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
- Мамлекеттик дирекция үчүн зарыл болгон маалыматты Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде беришсин;
- Мамлекеттик дирекциянын ишине зарыл болгон көмөк көрсөтүшсүн.
7. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд менен бирдикте Мамлекеттик дирекцияны зарыл болгон жай менен камсыз кылсын.
8. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
9. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
Т.А. Сариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 21-февралындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-январындагы № 21 "Тарых жана маданият жылын даярдоо жана…Постановление · 21.02.2018 · № 106
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 21-февралындагы № 106 токтомуПостановление · 21.02.2018 · № 106
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 31.12.2015 · № 233
- Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 22.12.2016 · № 214
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 21-февралындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-январындагы № 21 "Тарых жана маданият жылын даярдоо жана…Постановление · 21.02.2018 · № 106
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.