Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун маселелери жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 30 сентября 2019 года № 511 "Об условиях оплаты труда некоторых категорий работников системы образования"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2019-09-30.
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 511 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 20-сентябры № 593 Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун маселелери жөнүндө Билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы № 18 "Билим берүү системасынын кызматкерлеринин айрым категорияларына эмгек акы төлөөнүн жаңы шарттарын киргизүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтомдун 6-тиркемесинде:
- тиркеменин аталышы "жогорку кесиптик" деген сөздөрдөн кийин ", кошумча кесиптик" деген сөздөр менен толукталсын;
- эскертүүнүн 3-пунктунун 3-абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын, Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун жана анын Түштүк филиалынын клиникалык иштерди жүргүзүүчү профессордук-окутуучулук курамына кызматтык маяна 25% га жогорулатылат.";
- эскертүүнүн 4-пункту "ассистент-стажерунун" деген сөздөрдөн кийин "жана Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун жана анын Түштүк филиалынын орто медициналык билими бар окутуучусунун" деген сөздөр менен толукталсын;
2) 13-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын:
3) жогоруда аталган токтомдун 14-тиркемесинде:
- таблицанын VI пунктунун биринчи сабы "институту" деген сөздөн кийин ", Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институту жана анын Түштүк филиалы" деген сөздөр менен толукталсын;
- эскертүүнүн 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Кыргыз билим берүү академиясынын, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун, Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун жана анын Түштүк филиалынын кызматкерлеринин кызматтык маяналарын аныктоодо 1,8 коэффициенти колдонулат.".
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун чыгымдарын көбөйтүүгө кошумча каражаттарды карасын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2018-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
С.Исаков
Тиркеме
"13-тиркеме Кыргыз билим берүү академиясынын, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун, Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун жана анын Түштүк филиалынын, облустук билим берүү институттарынын жана облустук окуу-методикалык билим берүү борборлорунун жетекчилеринин кызматтык маяналарынын ӨЛЧӨМДӨРҮ
Уюмдардын аталышы
Бир айга кызматтык маяна, сом менен
Президент, ректор, директор
Вице-президент, окуу жана дарылоо иштери боюнча проректор, илим жана мамлекеттик тил боюнча проректор, директордун окуу иштери боюнча орун басары
Президенттин финансы-чарбалык иштери боюнча орун басары, директордун башка орун басарлары
Кыргыз билим берүү академиясы, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту, Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институту
13500
12150
11475
Облустук билим берүү институттары, облустук окуу-методикалык билим берүү борборлору, Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун Түштүк филиалы
6500
5850
5525
".
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы №18 "Билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн жаңы шарттарын киргизүү жөнүндө токтому"Постановление · 19.01.2011 · № 18 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 511 "Билим берүү системасынын айрым категориядагы кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуПостановление · 30.09.2019 · № 511 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 511 токтомуПостановление · 30.09.2019 · № 511
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 28.12.2017 · № 218(23)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы №18 "Билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн жаңы шарттарын киргизүү жөнүндө токтому"Постановление · 19.01.2011 · № 18 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 511 "Билим берүү системасынын айрым категориядагы кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуПостановление · 30.09.2019 · № 511 · Күчүн жоготкон