Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-апрелиндеги № 228 „Бирдиктүү салык декларациясынын формаларын жана аларды толтуруу тартибин бекитүү жөнүндө“ токтомуна өзгөрүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 16 декабря 2022 года № 687 "О мерах по реализации требований статьи 107 Налогового кодекса Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2017-09-14.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 687 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 14-сентябры № 571 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-апрелиндеги № 228 "Бирдиктүү салык декларациясынын формаларын жана аларды толтуруу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөрүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 212-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-апрелиндеги № 228 "Бирдиктүү салык декларациясынын формаларын жана аларды толтуруу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Уюмдун бирдиктүү салык декларациясынын (FORM STI-101) формасында:
- Уюмдун бирдиктүү салык декларациясынын "Салыктан бошотулган пайда" (FORM STI-101-004) 4-тиркемеси төмөнкүдөй мазмундагы 12-1-пункту жана 462-уяча менен толукталсын:
"12-1. Жеке менчик формасынын негизинде түзүлгөн жалпы билим берүү уюмдарынын пайдасы
462
";
- "БАРДЫГЫ" сабында "461" деген цифралардан кийин "+462" деген белги жана цифралар менен толукталсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Уюмдун бирдиктүү салык декларациясын (FORM STI-101) толтуруу тартибинде:
- 6-глава төмөнкүдөй мазмундагы 124-1-пункту менен толукталсын:
"124-1. 462-уячада жеке менчик формасынын негизинде түзүлгөн жалпы билим берүү уюмдарынын пайдасы көрсөтүлөт.".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүлөрдүн арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү камсыз кылсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
С.Исаков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 687 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 107-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар…Постановление · 16.12.2022 · № 687
- Постановление Правительства КР от 30 апреля 2016 года № 228 "Об утверждении форм Единой налоговой декларации и порядка их заполнения"Постановление · 30.04.2016 · № 228 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 687 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 107-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар…Постановление · 16.12.2022 · № 687
- Постановление Правительства КР от 30 апреля 2016 года № 228 "Об утверждении форм Единой налоговой декларации и порядка их заполнения"Постановление · 30.04.2016 · № 228 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 291 "Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 31.05.2022 · № 291