Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «2008-2010-жылдарга Кыргыз Республикасында суу чарба объекттерин куруу жана жаңы сугат жерлерин өздөштүрүү программасын бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 14-декабрындагы N 593 токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства от 28 марта 2016 года № 151 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2016-03-28.
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 28-мартындагы N 151 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2008-жылдын 27-декабры N 728 "2008-2010-жылдарга Кыргыз Республикасында суу чарба объекттерин куруу жана жаңы сугат жерлерин өздөштүрүү программасын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 14-декабрындагы N 593 токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Ош облусунун Кара-Кулжа районунда айыл калкынын социалдык маселелерин чечүү, сугат дыйканчылыгын өнүктүрүү жана ирригациялык объекттердин курулушун жаңылоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 14-декабрында N 593 токтому менен бекитилген 2008-2010-жылдарга Кыргыз Республикасында суу чарба объекттерин куруу жана жаңы сугат жерлерин өздөштүрүү программасына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- төмөнкүдөй мазмундагы 14-глава менен толукталсын:
"14. Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы "Буйга" каналын куруу Бул объекттин долбоордук-сметалык документациясы 5 айыл кеңешинин калкын сугат жана ичүүчү суу менен камсыздоо максатында "Кыргызсуудолбоор" долбоордук конторасынын Ош филиалы тарабынан 1983-жылы иштелип чыккан. Сметалык наркы 7,6 млн.рублди түзгөн. Бул каналды куруу 1988-жылы башталган, 1991-жылдан тартып консервацияланып турат. Курулуш башталгандан тартып 1,7 млн.рубль суммасына иштер аткарылган. Каналдын жалпы узундугу - 30,4 км. Каналдын курулушу бүткөндөгү иштердин болжолдуу наркы 200,0 млн. сомду түзөт. Бул каналдын курулушун аяктоо келечекте сугат жерлердин 5,0 миң гектардан ашык көбөйүшүнө мүмкүндүк берет.";
- 2008-2010-жылдарга Кыргыз Республикасында суу чарба объекттерин куруу жана жаңы сугат жерлерин өздөштүрүү программасына тиркемеде:
- төмөнкүдөй мазмундагы 14-пункт менен толукталсын:
"
| 14 | Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы "Буйга" каналын куруу | Объектти изилдөө | 0,222 ПВ 0,1 сугат | 200 | 60 | - | 20 | 40 |
";
- 4-пунктта:
"Бардыгы 2008-2010" графачасындагы "120" деген цифралар "110" деген цифралар менен алмаштырылсын; "2009" графачасындагы "50" деген цифралар "40" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- 8-пунктта:
"Бардыгы 2008-2010" графачасындагы "220" деген цифралар "210" деген цифралар менен алмаштырылсын; "2009" графачасындагы "70" деген цифралар "60" деген цифралар менен алмаштырылсын:
- 9-пунктта:
"Бардыгы 2008-2010" графачасындагы "160" деген цифралар "120" деген цифралар менен алмаштырылсын; "2010" графачасындагы "100" деген цифралар "60" деген цифралар менен алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги менен бирдикте жогоруда аталган Программага киргизилген өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду эске алсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 28-мартындагы № 151 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"Постановление · 28.03.2016 · № 151
- (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 14-декабрындагы № 593 токтому менен бекитилген) 2008-2010-жылдарга Кыргыз Республикасында суу чарба объекттерин куруу жана жаңы…Постановление · 14.12.2007 · № 593 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 28-мартындагы № 151 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"Постановление · 28.03.2016 · № 151
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 14-декабрындагы № 593 "2008-2010-жылдарга Кыргыз Республикасында суу чарба объекттерин куруу жана жаңы сугат жерлерин өздөштүрүү…Постановление · 14.12.2007 · № 593 · Күчүн жоготкон