Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-декабрындагы № 814 „Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын маселелери жөнүндө“ токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 8-ноябры № 575 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-декабрындагы № 814 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кайтаруу жана коргоо системасын өркүндөтүү максатында, "Чек ара ыйгарым укуктуулары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-декабрындагы № 814 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
2-пункттагы "6873" жана "619" деген цифралар тиешелүү түрдө "6923" жана "669" деген цифралар менен алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы:
- чек ара ыйгарым укуктуулары катары жарандарды кабыл үчүн штаттык санды 50 бирдикке көбөйтүү боюнча эсептерди Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине киргизсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "2016-жылга республикалык бюджет жана 2017-2018-жылдарга болжол жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана "2017-жылга республикалык бюджет жана 2018-2019-жылдарга болжол жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна ушул токтомдун 2-пунктунан келип чыгуучу тиешелүү өзгөртүүлөрдү белгиленген тартипте киргизсин.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министринин милдетин аткаруучу
С.Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-декабрындыгы № 814 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 10.12.2012 · № 814 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 31.12.2015 · № 233
- Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 22.12.2016 · № 215
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-декабрындыгы № 814 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 10.12.2012 · № 814 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Чек ара ыйгарым укуктуулары жөнүндөЗакон · 03.03.2015 · № 45 · Күчүн жоготкон