Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Сауд Аравия Королдугунун Джидда шаарында 2016-жылдын 9-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы Түндүк-Түштүк (Балыкчы ш. - Жалал-Абад ш.) альтернативдүү автожолунун 159-183 км реконструкциялоо долбоору (№ KYR-0052 долбоору) боюнча Кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 30-сентябры № 519 "Сауд Аравия Королдугунун Джидда шаарында 2016-жылдын 9-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы Түндүк-Түштүк (Балыкчы ш. - Жалал-Абад ш.) альтернативдүү автожолунун 159-183 км реконструкциялоо долбоору (№ KYR-0052 долбоору) боюнча Кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "Сауд Аравия Королдугунун Джидда шаарында 2016-жылдын 9-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы Түндүк-Түштүк (Балыкчы ш. - Жалал-Абад ш.) альтернативдүү автожолунун 159-183 км реконструкциялоо долбоору (№ KYR-0052 долбоору) боюнча Кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Сауд Аравия Королдугунун Джидда шаарында 2016-жылдын 9-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы Түндүк-Түштүк (Балыкчы ш. - Жалал-Абад ш.) альтернативдүү автожолунун 159-183 км реконструкциялоо долбоору (№ KYR-0052 долбоору) боюнча Кредиттик макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри
С.Жээнбеков
Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Сауд Аравия Королдугунун Джидда шаарында 2016-жылдын 9-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы Түндүк-Түштүк (Балыкчы ш. - Жалал-Абад ш.) альтернативдүү автожолунун 159-183 км реконструкциялоо долбоору (№ KYR-0052 долбоору) боюнча Кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө 1-берене. Сауд Аравия Королдугунун Джидда шаарында 2016-жылдын 9-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы Түндүк-Түштүк (Балыкчы ш. - Жалал-Абад ш.) альтернативдүү автожолунун 159-183 км реконструкциялоо долбоору (№ KYR-0052 долбоору) боюнча Кредиттик макулдашуу ратификациялансын. 2-берене. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Ислам өнүктүрүү банкына белгиленген тартипте кабарласын. 3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-сентябрындагы № 519 токтому менен жактырылган
Сауд Аравия Королдугунун Джидда шаарында 2016-жылдын 9-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы Түндүк-Түштүк (Балыкчы ш. - Жалал-Абад ш.) альтернативдүү автожолунун 159-183 км реконструкциялоо долбоору (№ KYR-0052 долбоору) боюнча Кредиттик макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы Түндүк-Түштүк (Балыкчы ш. - Жалал-Абад ш.) альтернативдүү автожолунун 159-183 км реконструкциялоо долбоору (№ KYR-0052 долбоору) боюнча Кредиттик макулдашууга (мындан ары - Макулдашуу) 2016-жылдын 9-июнунда кол коюлган. Макулдашуу жалпысынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын ченемдерине шайкеш келет жана Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт. Мындан тышкары, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7 жана 8-беренелерине ылайык Макулдашуу ага кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору менен макулдашылган, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттери: Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети, Бюджет жана финансы боюнча комитети, Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети тарабынан жактырылган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-февралындагы № 62-б буйругу менен жактырылган. Макулдашууда Түндүк-Түштүк альтернативдүү автожолунун 159-183 км участогун (Дыйкан айылы - Кызыл-Жылдыз айылы) реконструкциялоо каралган. Каражаттар Түндүк-Түштүк альтернативдүү автожолунун участогунун абалын жакшыртууга, анын ичинде жер жана дренаждык иштерди жүргүзүүгө, асфальттоого жана көпүрөлөрдү реконструкциялоого жумшалат. Долбоордун жалпы суммасы 33,8 млн. АКШ долларын түзөт (Ислам өнүктүрүү банкы - 12,0 млн. АКШ доллары; Сауд өнүктүрүү фонду - 20,0 млн. АКШ доллары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кошо каржылоосунун үлүшү - 1,8 млн. АКШ доллары). Бул Макулдашуунун алкагында Ислам өнүктүрүү банкы долбоорду каржылоо үчүн 8,75 млн. ислам динары же 12,00 млн. АКШ доллары өлчөмүндө пайызсыз кредитти төмөнкү шарттар менен берет: административдик чыгымдарды жабууга кызмат көрсөтүүлөр үчүн бир жолку акы - кредиттин суммасынан жылдык 1,5%; кредитти төлөө мөөнөтү - 7 жылдык жеңилдетилген мезгилди кошкондо 25 жыл. Кредит 2022-жылдан баштап 2040-жылга чейин жыл сайын, жарым жылда бир жолу 31-декабрда жана 30-июнда төлөнөт жана мамлекеттик бюджетке оорчулук алып келбейт. Долбоор 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясына артыкчылыктуу инвестициялык долбоор катары киргизилген, аны ишке ашыруу өлкөнүн экономикасынын өсүү темпин олуттуу жогорулатууга мүмкүндүк берет. Макулдашууну ратификациялоо кандайдыр бир социалдык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык жана финансы-экономикалык терс кесепеттерге алып келбейт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 3-ноябрындагы № 1048-VI "2016-жылдын 9-июнунда Сауд Аравия Королдугунун Джидда шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү…Постановление · 03.11.2016 · № 1048-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 16-ноябрындагы № 1087-VI "2016-жылдын 9-июнунда Сауд Аравия Королдугунун Джидда шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү…Постановление · 16.11.2016 · № 1087-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 24-ноябрындагы № 1110-VI "2016-жылдын 9-июнунда Сауд Аравия Королдугунун Джидда шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү…Постановление · 24.11.2016 · № 1110-VI
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндөЗакон · 24.04.2014 · № 64
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-февралындагы № 62-б (Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы Түндүк-Түштүк альтернативдүү автомобиль жолунун 159-183 км…Распоряжение · 18.02.2016 · № 62-р
- 2016-жылдын 9-июнунда Сауд Аравия Королдугунун Джидда шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы Түндүк-Түштүк (Балыкчы ш. - Жалал-Абад…Закон · 28.12.2016 · № 220
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 25.11.2011 · № 223 · Күчүн жоготкон