Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине объекттерди өткөрүп берүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 9-сентябры № 490 Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине объекттерди өткөрүп берүү жөнүндө Мамлекеттик мүлктү натыйжалуу пайдалануу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине жана "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Жалал-Абад шаардык кеңешинин 2015-жылдын 3-сентябрындагы № 12 жана 2016-жылдын 14-июлундагы № 5 токтомдорун көңүлгө алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте аянты 33198,0 кв.м жер участогун жана андагы Жалал-Абад шаары, Курманбек көчөсү, 8 дареги боюнча жайгашкан турак-жай эмес жайды жана Жалал-Абад шаары, З.Жамашов көчөсү дарегинде жайгашкан көп батирлүү үйдү Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берсин.
2. Жалал-Абад шаарынын мэриясына сунушталсын:
- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган объекттерди муниципалдык менчикке кабыл алуу;
- өткөрүлүп берилүүчү объекттердин сакталышын жана максаттуу багыты боюнча колдонулушун, ошондой эле жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржыланышын камсыздоо.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө, уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри
С.Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөЗакон · 15.03.2002 · № 37
- Жалал-Абад шаардык кеңешинин 2015-жылдын 03-сентябрындагы №12 "Жалал-Абад шаарынын аймагында жайгашкан «Элдик» мамлекеттик ишканасына тийиштүү болгон мүлктөрдү муниципалдык…Постановление · 03.09.2015 · № 12
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.